17-статья. Жекече детективдерди жана күзөтчүлөрдү социалдык жана укуктук жактан коргоо
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · VI Бөлүм
Жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жалпы эмгек стажына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна мүчөлүк акы төлөгөн шартта мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн стажына кошулат. Жекече детективдик жана күзөт ишмердигин аткарган граждандар, жалданып иштегендер, иликтөө аракеттерине байланыштуу өлүмгө кабылуу, майып болуу же саламаттыгына башка залал алуу учурлары мүмкүн экендигине байланыштуу тиешелүү ишкананын (бирикменин) эсебинен милдеттүү түрдө камсыздандырылышы зарыл. Детективдик жана күзөт кызмат көрсөтүүнү аткарып жаткан адамдарга өз милдеттерин аткарып жаткан учурда коркутуу, каршылык же зомбулук көрсөтүү Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарттырат. (КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 февраля 2003 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/642/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>