Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-1-статья. Атайын каражаттарды колдонуу
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · V Бөлүм
Жекече детективдик жана күзөт ишмердигине Кыргыз Республикасынын лицензиар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген атайын каражаттарды колдонуу эрежелери жайылтылат. Жекече детективдер жана күзөтчүлөр төмөнкүдөй учурларда:
1) өздөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган кол салууга сокку берүү үчүн;
2) укук бузуучу күч колдонуу менен каршылык көрсөткөндө алар кайтарган мүлккө каршы жасалган кылмышка бөгөт коюу үчүн атайын каражаттарды колдонууга укуктуу болушат.
Куралдуу каршылык көрсөткөн, тобу менен болбосо жекече детективдин жана күзөтчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна же кайтарылуучу мүлккө коркунуч туудургандан башка кол салган учурлардан тышкары кош бойлуу экендиги кадимкидей билинип калган аялдарга, майыптыгы шек туудурбаган адамдарга жана жаш курагы бир караганда эле билинген же жекече детективге жана күзөтчүгө белгилүү болгон жашы жетпегендерге карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат. (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/642/st-16-1" title="16-1-статья - Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>