Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ПЖ №161 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 16 августа 2021 года УП № 345 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-08-16.
КР Президентинин 2021-жылдын 16-августундагы ПЖ № 345 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 4-сентябры ПЖ № 161 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө (КР Президентинин 2016-жылдын 20-майындагы ПЖ № 128 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Мамлекеттик чек араны коргоону жана кайтарууну чыңдоо жана тышкы коркунучтарга каршы аракеттенүү максатында, ошондой эле аткаруу бийлигинин системасынын мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, токтом кылам:
1. Чек ара аскерлерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына кайра өзгөртүп түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин карамагынан чыгарылсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин бирдиктүү мамлекеттик органы болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу төрага башкарат;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу үч, анын ичинде бир биринчи орун басары болот.
(КР Президентинин 2016-жылдын 20-майындагы ПЖ № 128 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу тиешелүү чечим кабыл алсын;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин;
- өз чечимдерин бул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (З.К.Тиленов), Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (Ш.Е.Атаханов) эки айдын ичинде жаңыдан түзүлүп жаткан ведомствонун тиешелүү штаттарын, документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлкүн кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте ишке ашырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы N 41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Президент
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 03-октябрындагы №2333-V 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жɵнүндɵ, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун…Постановление · 03.10.2012 · № 2333-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2013 · № 306
- КР Президентинин 2021-жылдын 16-августундагы ПЖ № 345 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 16.08.2021 · № 345
- КР Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы ПЖ №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.07.2010 · № 41 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2016-жылдын 20-майындагы ПЖ № 128 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө"…Указ · 20.05.2016 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 "2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.05.2013 · № 277 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2021-жылдын 16-августундагы ПЖ № 345 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 16.08.2021 · № 345
- КР Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы ПЖ №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.07.2010 · № 41 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.