Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жɵнүндɵ, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жанаша жаткан аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин кызматтык-күжүрмɵн ишинин проблемалуу маселелери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жɵнүндɵ» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 03-октябры №2333-V 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жɵнүндɵ, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жанаша жаткан аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин кызматтык-күжүрмɵн ишинин проблемалуу маселелери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жɵнүндɵ 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жɵнүндɵ, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жакын жаткан аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин кызматтык-күжүрмɵн ишинин проблемалуу маселелери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин бул токтому толук кɵлɵмдɵ аткарылбай жаткандыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши белгилейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 4-пунктунун тогузунчу - он биринчи, он тɵртүнчү, он бешинчи абзацтары менен Баткен областынын аймактык бүтүндүгүн коргоо, чек арага жанаша жаткан аймактарын ɵнүктүрүү максаттарында Баткен областынын чегинде (биринчи кезекте Кадамжай районунун Бүргɵндү массивинде) жайгашкан мамлекеттик чек аранын кыргыз-ɵзбек, кыргыз-тажик участокторунун сызыгын инженердик жабдууга 128 млн. сом суммасында; жаңыдан жайгаштырылып жаткан чек ара заставаларын (сегиз) курууга;. мамлекеттик чек ара аркылуу ɵткɵрүү жайларынын инфраструктурасын ɵнүктүрүүгɵ, чек ара бɵлүкчɵлɵрүнүн кызматтык-күжүрмɵн ишин камсыз кылууга зарыл болгон 224 млн. сом суммасында каржылоо үчүн "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012 - 2013-жылдарга болжолу жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү; 2012-жылы мамлекеттик чек араны жайына келтирүүгɵ, чек ара ведомствосун ɵнүктүрүүгɵ, чек арачылардын социалдык маселелерин чечүүгɵ, Тажикстан Республикасы жана Ɵзбекстан Республикасы менен чектешкен Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан аймактарын күчɵтүүгɵ жана чындоого бюджеттик каражаттарды артыкчылыктуу тартипте багыттоо; чек ара бɵлүктɵру жана заставалары жайгаштырылган имараттар менен курулмаларды Чек ара аскерлеринин балансына ɵткɵрүп берүү (менчиктештирилгендерин сатып алуу жана ɵткɵрүп берүү), ал эми мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-ɵзбек участокторуна кайрадан (жаңыдан) жайгаштырылып жаткан чек ара заставалары учун жергиликтуу ɵз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдардын (мекемелердин) балансында турган жер участогу бар ылайыктуу имараттарды жана курулмаларды Чек ара аскерлерине ɵткɵрүп берүүнү кароо Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ тапшырылган. Кɵрсɵтүлгɵн акча каражаттар Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтү тарабынан 2011-жылы бɵлүнүп берилген эмес жана 2012-жылга бюджетте каралган эмес, имараттар менен курулмалар да Чек ара аскерлеринин балансына ɵткɵрүлүп берилбеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 4-пунктунун экинчи абзацы менен Чек ара аскерлерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин курамынан чыгаруу жана бүгүнкү күндүн чындыгын, талаптарын эске алуу менен мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чɵйрɵсүндɵгү аткаруу бийлик тутумундагы ɵз алдынча мамлекеттик органды түзүү жɵнүндɵ сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 13-майына чейин киргизүү Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ тапшырылган. Кɵрсɵтүлгɵндɵр Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик чек ара кызматын жоюу "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жɵнүндɵ", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жɵнүндɵ", "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтɵрү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзɵгɵ ашырылгандыгына, анын статусунун тɵмɵндɵшү чек ара ведомствосунун мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары менен мамлекеттик чек араны коргоо чɵйрɵсүндɵгү милдеттерди аткаруу боюнча ɵз ара аракеттенүүнүн денгээлине, чек ара коопсуздугун камсыз кылуунун жана ведомствонун ɵзүнүн проблемаларын мамлекеттин жана Ɵкмɵттүн жетекчилиги менен түздɵн түз чечүүгɵ терс таасир тийгизгендигине байланыштуу тапшырылган; белгиленген максатка (мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчɵтүү) ɵз алдынча Чек ара кызматын жойгондо жетишилген эмес, күтүлгɵн натыйжанын ордуна кезектеги жолу мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча чек ара ведомствосунун ишине зыян келтирилген; мамлекеттик чек араны жайына келтирүү, чек ара ведомствосун ɵнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн ɵзгɵчɵ камкордугунун жүйɵсү болуп калган жок, каржылоо мурдагыдай эле тɵмɵнкү деңгээлде, проблемалар калды жана чечилбей келүүдɵ. Мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчɵтүү, тышкы коркунучтарга каршы аракеттенүү, ошондой эле аткаруу бийлик тутумунун мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 161 Жарлыгы менен Чек ара аскерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин карамагынан чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына кайра түзүлгɵн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун пунктунун жетинчи абзацына карабастан, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан тарбиялоо ишин күчɵтүү, аскердик тартипти жана моралдык-психологиялык абалды чыңдоо боюнча чаралар жетишсиз кɵрүлүп, мунун ɵзү аскер кызматчыларынын курман болуусу менен байланышкан кайгылуу кесепеттерге (жан кыюу фактыларынын кɵбɵйүшү, Ысык-Кɵл областынын "Эчкили-Таш" чек ара тосотундагы кайгылуу окуя) алып келген. Мисалы, 2012-жылдын 8 айынын ичинде ар кандай себептер боюнча 18 аскер кызматчысы курман (каза) болгон. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле чек ара коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ɵз чечимдерине сый мамиле жасоону жана алардын кыйшаюусуз аткарылышын камсыз кылуу максаттарында, ɵзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин маалыматы эске алынсын.
2.Аскер кызматчыларынын курман болгон оор ɵзгɵчɵ кырдаалдарга алып келген жетишсиз тарбиялоо иши жана аскердик тартиптин тɵмɵндүгү үчүн, 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жɵнүндɵ, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жанаша жаткан аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин кызматтык күжүрмɵн ишинин проблемалуу маселелери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомунун 3-пунктун аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысын ээлеген кызматынан бошотуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү: 2011 -жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жɵнүндɵ, Кыргыз Республикасынын туштук регионунун чек арага жанаша жаткан аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин кызматтык күжүрмɵн ишинин проблемалуу маселелери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун толук кɵлɵмдɵ аткарсын; "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда аскер кызматчыларынын акча менен камсыз болуусунун жогорулашын, чыгымдардын тамак-аш азыктарын, дары-дармектерди, буюм мулкун сатып алуу, кызматтык барууларга чыгымдар, транспорттук чыгымдар беренелери боюнча муктаждыктарды толук кɵлɵмдɵ жабууну, жаңы чек ара заставаларын (тосотторду) капиталдык курууга, чек араны инженердик-техникалык жабдууга салымдардын кɵбɵйүшүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелерин натыйжалуу чечүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин ар тараптуу материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу үчүн акча каражаттарын артыкчылыктуу тартипте карасын; Тажикстан Республикасынан жана башка ɵлкɵлɵрдɵн келген этностук кыргыздарды чек арага жанаша жаткан айылдарда жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карасын; ушул токтомдун аткарылышы жɵнүндɵ маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 1-февралына чейинки мɵɵнɵттɵ берсин. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы: 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жɵнүндɵ, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жакын жаткан аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы жана ишинин проблемалуу маселелери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомун толук кɵлɵмдɵ аткарбагандык учун Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин кызмат адамдарынын "Эчкили-Таш" чек ара тосотунда кайгылуу окуяларга жана аскер кызматчыларынын курман (каза) болушунун болуп кɵрбɵгɵндɵй ɵсүшүнɵ алып келген аскердик тартиптин ɵтɵ ойдогудай эмес абалы үчүн жоопкерчилигин мыйзамдар менен белгиленген тартипте карасын; натыйжалар жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы: мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, болгон күчтɵр менен каражаттарды акылга сыярлык пайдалануу максаттарында, ошондой эле тактикалык пайдалуу чектерге негизденүү менен чек ара заставаларынын жана тосотторунун орун алган жерлерин жайгаштырууну, ошондой эле жергиликтүү калкты тартуу менен мамлекеттик чек аранын бийик тоолуу участокторун кайтаруу ыкмаларын кайра карасын;
Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Софет-Булан жана Кɵк-Таш калктуу конуштарынын районунда жаны чек ара заставаларын жана мамлекеттик чек аранын бузулушу кыйла мүмкүн болгон багыттарда жана жердин начар жабылган участокторунда металл байкоо мунараларын курууну карасын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жүктɵлсүн.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жакын жаткан аймактарындагы…Постановление · 29.04.2011 · № 404-V
- 2012-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ №161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.09.2012 · № 161 · Күчүн жоготкон