Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №41 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 сентября 2012 года УП №161 "О Государственной пограничной службе Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-09-04.
КР Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ №161 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 16-июлу ПЖ №41 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Мамлекеттик чек араны коргоону жана сактоону чыңдоо, эл аралык бандиттик түзүмдөрдүн кирип келүү коркунучуна каршы аракеттенүү, чектеш мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына наркотикалык каражаттардын жана куралдын мыйзамсыз алынып келиниши менен натыйжалуу күрөшүүнү жогорулатуу максатында, ошондой эле мамлекеттик органдардын функцияларын оптималдаштыруу үчүн ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Функцияларды, тиешелүү штаттарды, документтерди жана материалдык-техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында штаттык саны 6381 адам, анын ичинде аскер кызматчылары - 5812 адам, жаран кызматкерлер - 569 адам, жайгашкан жери Ош шаары болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара аскерлери түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы өткөрүлүп берилген функцияларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын укугун мурастоочу болуп саналаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын чек ара аскерлеринин командачысы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп саналаары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн жана өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин 2010-жылдын 17-июлундагы № 19-п (З.К.Тиленов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 17.07.2010 · № 19-П
- КР Президентинин 2010-жылдын 17-июлундагы № 20-п (Ч.К.Турусбеков жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 17.07.2010 · № 20-рп
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 700
- 2012-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ №161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.09.2012 · № 161 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы ПЖ №364 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.12.2010 · № 364 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- 2012-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ №161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.09.2012 · № 161 · Күчүн жоготкон