Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 511 «Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 18 апреля 2025 года УП № 132 "О выплате ежемесячных денежных компенсаций отдельным категориям граждан"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-18.
КР Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 132 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 511 Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2010-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктерди алмаштырган ар айлык акчалай компенсацияларды төлөө киргизилсин:
№
Жарандардын категориялары
Айына/сом
1.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары
7000
2.
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары
7000
3.
Советтер Союзунун Баатырлары жана Кыргыз Республикасынын Баатырлары, күжүрмөн эмгеги үчүн сыйлангандар жана күжүрмөн эмгеги үчүн Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандар
7000
4.
Мурдагы концлагерлердин жашы жетелек туткундары
7000
5.
«Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар
7000
6.
Башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттерде жарадар болгон майып-аскер кызматчылары
7000
7.
СССРди коргоодо же башка мезгилде аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракатынан, контузиясынан, мертинүүсүнөн же оорусунан улам майып болуп калган аскер кызматчыларынын ичинен адамдары
7000
8.
Башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттердин катышуучулары
6000
9.
Чернобыль АЭСиндеги апааттын айынан майып болуп калган жана нур оорусуна чалдыккан жана ооруган адамдар
3000
10.
1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар
2500
11.
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оорукта каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган майыптыгы бар адамдар
2000
12.
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонияларга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлоо менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандар
2000
13.
Социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча саясый жана диний ынанымдары үчүн репрессиянын кесепетинен жапа чеккен, реабилитацияланган жарандар
1500
14.
1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар
1000
15.
Чернобыль АЭСиндеги апааттын айынан курман болгон, нур оорусуна чалдыккан жана каза болгон майыптар
1000
16.
Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан (18 жашка чейинки) балдар
1000
17.
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оорукта каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган майыптыгы жок адамдар
1000
18.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү
1000
19.
Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү
1000
20.
Кызматтык милдеттенмелерин жана кызматтык парзын аткаруу менен байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө учурунда алган жаракатынын, мертинүүсүнүн, оорусунун айынан кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштеринин кызматкерлеринин үй-бүлөсү
1000
21.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын, кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери)
1000
22.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери)
1000
23.
"Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган, майып деп таанылган адамдардын кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери)
1000
24.
"Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар
1000
25.
Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар
1000
2. Ар айлык акчалай компенсацияларды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги аркылуу жүргүзүлсүн.
3. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда каралган компенсацияларды төлөп берүү республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейин:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунан келип чыккан финансы, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- социалдык жеңилдиктердин колдонуудагы ченемдерин жокко чыгарууну караган "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- акчалай компенсацияларды төлөп берүү үчүн зарыл акча каражаттарын издеп тапсын жана "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 26 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (26)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө"жобосуПоложение · 29.12.2009 · № 823
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2012 · № 872
- "Бишкек шаарынын жарды жана жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 12.06.2012 · № 316
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 35-б (2013-2018-жылдар мезгилине аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз…Распоряжение · 01.03.2019 · № 35-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 823
- Постановление Ошского городского кенеша от 20 января 2010 года №144 "Об утверждении Положения "О порядке предоставления субсидий на оплату жилищно-коммунальных услуг жителям…Постановление · 20.01.2010 · № 144
- Ѳзгѳн шаардык кеңешинин2015-жылдын 24-декабрындагы № 22/1 "Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ ѳз убагында…Постановление · 24.12.2015 · № № 22/1
- Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/60 "Кочкор-Ата шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби…Постановление · 17.11.2017 · № 01-05/60
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 132 "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.04.2025 · № 132
- Суу-Башы айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-январындагы № 2 "Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2016 · № 2
- Суу-Башы айылдык кенештин 2017-жылдын 2-октябрындагы № 34 «Суу-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлеринин жана почта мамлекеттик ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө»…Постановление · 02.10.2017 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай…Постановление · 16.04.2018 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 26.12.2023 · № 713
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, А.С.Өмүрбекова, Г.У.Асымбекова, Т.Балтабаев жана К.С.Айтматов…Постановление · 16.05.2011 · № 231 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №156 "«Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык…Постановление · 19.03.2010 · № 156 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга…Положение · 23.08.2023 · № 420 · Күчүн жоготкон
- “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” Жарлыкка кол коюлдуУказ · 24.04.2025
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-октябры № 720 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 17.10.2012 · № 720 · Күчүн жоготкон
26 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 132 "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.04.2025 · № 132