Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» тотому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-декабры № 713
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
“2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окулардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды сойиалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 “Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы №91 “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тиртибинде: -3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “3. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле майыптыгы бар деп таанылган жарандар ушул Тартипке ылайык жашаган (катталган) жери боюнча райондук жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына (мындан ары - ЭСКМБ) кайрыла алышат.”;
- 4-пунктта “социалдык өнүгүү” деген сөздөр “социалдык камсыздоо” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-9, 13, 14, 21-пункттарда “СӨБгө”, “СӨБдүн,” “СӨБ” деген аббревиатуралар тиешелүү түрдө “ЭСКМБга”, “ЭСКМБнын”, “ЭСКМБ” деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- 10-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- майыптыгы бар адам деп таанылган жарандар-майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.”;
- 16, 20-пункттарда “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга”, “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” деген сөздөр тиешелүү түрдө “майыптыгы бар адамдарга”, “Майыптыгы бар адамдарга”, “майыптыгы бар адамдар”,деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 23-пунктта “отуз жети” деген сөздөр “кырк беш” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Тиртиптин тиркемесинде:
“социалдык өнүктүрүү башкармалыгына” деген сөздөр, “СӨБдүн”, “СӨБДдүн” деген аббревиатуралар тиешелүү түрдө “эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына”, “ЭСКМБнын” деген сөздөргө жана аббревиатураларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду бекитилген бюджеттин чегинде 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөөнү жана төлөөнү жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-декабрындагы № 104 (3553) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы № 91 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга…Постановление · 22.02.2013 · № 91
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2025 · № 290
- КР Министрлер Кабинетинин 29.05.2025 №290 токтомуПостановление · 29.05.2025 · № 290
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы № 91 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга…Постановление · 22.02.2013 · № 91
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндөЗакон · 22.10.2012 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2025 · № 290
- КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп…Указ · 13.11.2009 · № 511 · Күчүн жоготкон