Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 508 «Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-31.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 508 Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шарттарда мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучуларга кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:
1. 2010-жылдын 1-январынан тартып ар айдагы бир жолку жөлөкпулдардын өлчөмдөрү республика боюнча орточо кеминде 25 пайызга жогорулатылсын.
2. 2010-жылдын 1-январынан тартып ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
- балдардын церебралдык шалынан жапа чеккен майып балдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- ВИЧ-инфекциясына чалдыккан же СПИД менен ооруган балдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- ВИЧ-инфекциясына чалдыккан же СПИД менен ооруган энелерден туулган балдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- бала чагынан I топтогу майыптарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- майып балдарга - 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө;
- бала чагынан II топтогу майыптарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, жалпы оорусу бар I топтогу майыптарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон баатыр энелерге 2000 сом (эки миң) өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон томолой жетимдерге 2000 сом (эки миң) өлчөмүндө;
- бала чагынан III топтогу майыптарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, жалпы оорусу бар II топтогу майыптарга - 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, жалпы оорусу бар III топтогу майыптарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон картаң жарандарга -
1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган картаң жарандарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, баккан адамынан ажыраган балдарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейин:
- мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатууга зарыл каражаттарды белгиленген тартипте тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн аныктоо учурунда кепилдик кылынган минималдуу керектөө деңгээлин алып салууну жана ар айдагы бирдиктүү жөлөкпулдарды дайындоо учурунда даректүүлүктү күчөтүүнү караган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпул жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. 2010-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 31-январындагы N 44 Указы;
- "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-сентябрындагы N 432 Жарлыгы.
5. Бул Жарлык жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 823
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө"жобосуПоложение · 29.12.2009 · № 823
- Указ Президента КР "О повышении размеров ежемесячных социальных пособий"Указ · 31.01.2003 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-сентябрындагы № 432 "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө"ЖарлыгыУказ · 27.09.2007 · № 432
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө"Постановление · 29.12.2009 · № 825 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №156 "«Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык…Постановление · 19.03.2010 · № 156 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Указ Президента КР "О повышении размеров ежемесячных социальных пособий"Указ · 31.01.2003 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-сентябрындагы № 432 "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө"ЖарлыгыУказ · 27.09.2007 · № 432
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587