Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө»Жарлыгы
КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ N 508 Жарлыгына ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 27-сентябры ПЖ N 432
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө
Караңыз: КР Президентинин "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө" Жарлыгына Түшүндүрмө Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга социалдык жактан кошумча колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:
1. 2007-жылдын 1-октябрынан тартып ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга төмөнкүдөй үстөк акылар белгиленсин:
300 сом өлчөмүндө:
- балдардын церебралдык шал болуусунан жапа чеккен майып балдарга;
- ВИЧ-инфекциясы жуккан же СПИД менен ооруган балдарга;
- ВИЧ-инфекциясы жуккан же СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдарга;
- бала чагынан I топтогу майыптарга;
200 сом өлчөмүндө:
- майып балдарга;
- бала чагынан II топтогу майыптарга;
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан I топтогу майыптарга;
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, баатыр энелерге;
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, тоголок жетимдерге;
100 сом өлчөмүндө:
- бала чагынан III топтогу майыптарга;
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан II топтогу майыптарга;
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан III топтогу майыптарга;
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, кары-картаң жарандарга;
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, баккан адамынан ажыраган учурда, балдарга.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатууга зарыл каражаттарды белгиленген тартипте тапсын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 508 "Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.11.2009 · № 508 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 508 "Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.11.2009 · № 508 · Күчүн жоготкон