КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулдун өлчөмү 4000 (төрт миң) сом суммасында белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 «Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 36-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 37-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 37¹- пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 «Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпул ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырмалар боюнча төлөнөт.»;
- 2.2-пунктундагы «транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр «почталык байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.1.1-пунктунун биринчи абзацындагы биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5.1.1. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери мамлекеттик пособиелерди чектөө жөнүндө протоколдордун негизинде пособие алуучулардын бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку пособие, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие (мындан ары - АББП) жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие (мындан ары - АБСП) үчүн берген документтери жөнүндө кабарлоолорду эки нускада ар бир айдын 10уна чейин даярдашат.»;
- 5.1.3-пунктунун экинчи абзацы «АББП» деген сөздөн мурда «Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку пособиени жана» деген сөздөр менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 825 «Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө жободо:
3-главасынын 3-пунктунда:. экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Ф + 12 х ОАК х К1
«КТК = ________________________________, мында:
3(4 х К1 + 4К3 + 6К4 + 4К5) »;
- алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-январындагы № 26 «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябрындагы № 708 «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону жактыруу тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы № 19 «Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы № 131 «Калктын аялуу катмарларын социалдык колдоону күчөтүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө» токтому.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (10)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 823
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө"Постановление · 29.12.2009 · № 825 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар…Постановление · 03.08.2012 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябры №708 " Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын…Постановление · 02.10.2006 · № 708 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы №131 "Калктын аялуу катмарларын социалдык колдоону күчөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2010 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 января 1998 года №26 "О Положении о порядке определения совокупного дохода граждан (семьи) для назначения единого ежемесячного пособия…Постановление · 12.01.1998 · № 26 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы №19 "Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун…Постановление · 16.01.2009 · № 19 · Күчүн жоготкон