Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
25-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуунун шарттары
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · III БӨЛҮМ
1. Ушул статьяда белгиленген куракка жеткен жана айдоочулук ишке чектөөлөрү же транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуу, анын ичинде ушул статьянын
3-пунктунда каралган чектөөлөр болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары тийиштүү даярдыктан ѳткѳндѳн кийин транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуу сынактарына киргизилиши мүмкүн.
2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу төмөнкүлөргө берилет:
– кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтка чейинки дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды («А» категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВттан ашкан дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. м чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү («В» категориясы) – «А» графасында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген үзгүлтүксүз бир жылдык стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;
– мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. м жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү («Г» категориясы) – «А», «В» графаларында уруксат белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген үзгүлтүксүз эки жылдык стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
– кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. смдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган мопеддерди («А1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. смдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) («А1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб. смдан ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган мотоциклдерди («А» категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– трициклдерди жана квадроциклдерди («В1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди («А» категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) («В» категориясы) – он жети жашка чыккан адамдарга;
– «D» категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан, бирок 7500 кгдан ашпаган автомобилдерди («С1» категориячасы) – он сегиз жашка чыккан адамдарга;
– «D» категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кгдан ашкан автомобилдерди («С» категориясы) – он сегиз жашка чыккан адамдарга;
– жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди («D1» категориячасы) – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди («D» категориясы) – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан «В» категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан «В» категориясындагы автомобилдерди («ВЕ» категориясы) – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган «С» категориясындагы автомобилдерди («С1Е» категориячасы) – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, «С» категориясындагы автомобилдерди («СЕ» категориясы) – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган «D1» категориясындагы автомобилдерди («D1E» категориячасы) – төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан «D» категориясындагы автомобилдерди («DE» категориясы) – төрт жылдан кем эмес
(эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга. Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет. Ушул статьяда саналып өткөн кайсы болбосун категориянын же категориячанын бар болушу «А1» категориясындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун ырастайт.
3. Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазуу функциялары бар сертификатталган, атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча арыз ээсинин карыздары жѳнүндѳ маалыматтардын автоматташтырылган маалымат тутумунда болуусу транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2014-жылдын 22-майындагы № 73, 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2022-жылдын 24-февралындагы № 15, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 февраля 2022 года № 15 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 мая 2014 года № 73 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 февраля 2007 года № 11 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү…Постановление · 18.12.2017 · № 819 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрдагы № 819 токтомуПостановление · 18.12.2017 · № 819
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №494 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана К.Туманов демилге кылган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы…Постановление · 23.08.2011 · № 494 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-25" title="25-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>