КР 2022-жылдын «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 24-февралы № 15 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 25-статьянын 2-пунктунун экинчи-сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтга чейинки дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтдан жогору дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.м чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген бир жылдык үзгүлтүксүз стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;
- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.м жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Г" категориясы) - "А", "В" графаларында уруксат белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген эки жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-мартындагы N 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 26-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52