Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
231-статья. Транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 апреля 2024 года № 80
1. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- төмөнкү маалыматтарды акысыз (бекер) негизде алууга:
транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тартиби жөнүндө; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө; транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан белгиленген салмак-габариттик параметрлерди бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө;
- транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгисинин цифралык жана (же) тамгалык белгиленишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте тандап алууга.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө акы төлөөнүн негизинде уруксат алууга.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин алууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин пайдалануу үчүн жеңилдиктерди алууга.
Жеңилдиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана белгиленет.
2. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамдын 14 жана 24-статьяларында көрсөтүлгөн учурларда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда транспорт каражаттарын каттатууга (кайра каттатууга);
- транспорт каражатын утилдештирүүгө же жоготууга байланыштуу же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жерге чыгарып кетүүнүн алдында анын мамлекеттик каттоосун токтотуу үчүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
- транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу эрежелеринде транспорт каражатын милдеттүү түрдө көрсөтүү каралган учурларда аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга көрсөтүүгө;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазма функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пул түрүндө жаза салуу тууралуу өз убагында аткарылбаган токтомдор болгон учурда айып пулдардын суммаларын төлөөгө.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 26, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 апреля 2024 года № 80 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды", "О дорожном движении в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 апреля 2022 года № 26 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики ( в Закон Кыргызской Республики “О дорожном движений в Кыргызской Республике”, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 августа 2020 года № 138 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах", "О дорожном движении в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
23.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…айнектерин күңүрттөтүүгө акы төлөөнүн негизинде уруксат алууга.
кошулду: - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин алууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин пайдалануу үчүн жеңилдиктерди алууга.
Жеңилдиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана белгиленет.
2. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- … 138, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 26, 2023-жылдын 15-февралындагы № алынып салынды: 27 кошулду: 27, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 35 "Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын…Постановление · 29.01.2026 · № 35
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 490 "Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана…Постановление · 19.09.2023 · № 490 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-августундагы № 516 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 "Транспорт каражаттарынын алдыңкы…Постановление · 22.08.2025 · № 516 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-231" title="231-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>