Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-статья. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) жана эсепке алуунун максаттары, шарттары
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · III БӨЛҮМ
1. Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
– транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жол кыймылына катышууга жана (же) эксплуатациялоого жол берүү;
– транспорт каражаттарын мамлекеттик эсепке алуу;
– транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кылмыштарды жана укук бузууларды табуу жана бөгөт коюу.
2. Кыймылдаткычынын көлөмүнө, максималдуу конструктивдик ылдамдыгына жана жүк көтөрүмдүүлүгүнө карабастан бардык механикалык транспорт каражаттары, ошондой эле өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, техниканын башка түрлөрү жана чиркегичтер мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жатат.
3. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алып келинген жана эксплуатацияланган бардык механикалык транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар жана техниканын башка түрлөрү транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик катталууга (кайра катталууга) тийиш.
4. Юридикалык жана жеке жактар өздөрүнө таандык болгон механикалык транспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн алардын техникалык абалына карабастан сатып алган (алган) же транспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоого) алып келүүчү милдеттенмелер келип чыккан учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда каттатууга (кайра каттатууга) милдеттүү.
5. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоого), каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат:
– Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн ББ ТР 018/2011 ылайык транспорт каражатынын тибин жактыруу, шассинин тибин жактыруу, ошондой эле транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөр жок болгондо;
– ушул Мыйзамдын 16-статьясына ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган транспорт каражаттарын кайра каттоого көрсөткөндө;
– тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер көрсөтүлгөндө;
– транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан жазылган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун кесепетинен транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүн болбогондо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоочу идентификациялык белгиси бар конструкциянын курамдык бөлүгү алмаштырылганда;
– транспорт каражаты издөөдө жана (же) камакта болгондо;
– автоматташтырылган маалымат тутумунда транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт чөйрөсүндөгү (анын ичинде фото жана видеожазуу функциялары бар сертификатталган жана текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып белгиленген) укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча карызы жѳнүндѳ маалымат болгондо.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенде, транспорт каражатын каттоого (кайра каттоого) же каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө уруксат берилет.
6. Жарандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаты бир гана ээлик кылуучуга катталат.
7. Белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөгөн көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында эсепке койбоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
8. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) шарттары жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-июнундагы № 65, 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 февраля 2021 года № 21 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним", "О внутренней миграции")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2018 года № 65 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын…Постановление · 28.12.2023 · № 716 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын…Постановление · 18.06.2024 · № 318 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-24" title="24-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>