Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-статья. Транспорт каражаттарын жана алардын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдууларын, запастык бөлүктөрү менен шаймандарын жасоодо жана сатып өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 января 2015 года № 13
1. Кыргыз Республикасында даярдалган же 6 айдан ашык мөөнөткө чет өлкөдөн алып келинген жана анын аймагында жол кыймылына катышууга арналган транспорт каражаттары, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү бөлүгүндө транспорт каражаттарынын конструкцияларынын курама бөлүктөрү, кошумча жабдуу буюмдары жана шаймандары алар техникалык регламенттерге ылайык келгенде рынокто айландырууга жол берилет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында сатыла турган жана жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына ылайыктыгын тастыктаган документтери болбогон транспорт каражаттарын, ошондой эле конструкцияларынын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдуу буюмдарын, запастык бөлүктөрүн жана шаймандарын жасоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдо жүрүүгө арналган транспорт каражаттарынын (эл аралык жол жүрүүгө катышкандардан же 6 айдан ашык эмес мөөнөттөгү чет өлкөдөн алып келингендерден башкасынын) жол жүрүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды каттоо жана тийиштүү документ берүү аркылуу ишке ашырылат. Жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына шайкештигин күбөлөндүргөн документи жок транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынат.
4. Каттоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга таасир этүүчү конструкциясына, анын ичинде курама бөлүктөрүнүн конструкциясына, кошумча жабдык буюмдарына, запастык бөлүктөрүнө жана шаймандарына киргизилген өзгөртүүлөр техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 января 2015 года № 13 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
15.01.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Транспорт каражаттарын жана алардын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдууларын, запастык бөлүктөрү менен шаймандарын жасоодо жана сатып өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
1. Кыргыз Республикасында даярдалган же 6 айдан ашык эмес мөөнөттөгү чет өлкөдөн алыный келинген жана бул аймакта жолдо жүрүүгө арналган транспорт каражаттары, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, тийешеси бар транспорт каражаттарынын түзүлүштөрүнүн курама бөлүктөрү, кошумча жабдык буюмдары, запастык бөлүктөрү жана шайман тетиктери аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдары тарарынан бекитилген эреже, иш-чараларга ылайык милдеттүү түрдө сертификациядан өткөрүлөт.
2. Кыргыз Республикасырын аймагында таратыла турган транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугунун тастыкталган талаптарына шайкеш келерин аныктоо боюнча бекитилген тартипте берилген шайкештик сертификаты же аны күбөлөндүргөн башка документи жок ал каражаттардын конструкцияларынын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдык буюмдарын жана шайман тетиктерин даярдоодогу даярдоочунун (сатуучу же аткаруучунун) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдо жүрүүгө арналган транспорт каражаттарынын (эл аралык жол жүрүүгө катышкандардан же 6 айдан ашык эмес мөөнөттөгү чет өлкөдөн алып келингендерден башкасынын) жол жүрүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды каттоо жана тийиштүү документ берүү аркылуу ишке ашырылат. Жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына шайкештигин күбөлөндүргөн документи жок транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынат.
4. Каттоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын жол жүрүү коопсуздугун камсыз кылууга таасирин тийгизе турган конструкцияларына, анын ичинде курама бөлүктөрүнүн конструкциясына, кошумча жабдык буюмдарына, запастык бөлүктөрүнө жана шайман тетиктерине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин аларды кайрадан сертификациялоо зарыл.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>