72-статья. Иш берүүчүнүн эмгек мыйзамдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 июля 2015 года № 154
72-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 72-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Иш берүүчү тарабынан эмгек мыйзамдарын бузуу, анын ичинде:
- кош бойлуу аял, 3 жашка чыга элек балалуу аял менен эмгек келишимин мыйзамсыз бузуу;
- ишканалардын кызматкерлеринин шайлануучу профсоюздук же башка өкүлчүлүктүү органдарынын жетекчилери жана мүчөлөрү, мыйзамга ылайык кошумча гарантиялар берилген башка кызматкерлер менен эмгек келишимин мыйзамсыз бузуу;
- эмгек келишимин түзбөстөн ишке тартуу;
- жамааттык сүйлөшүү жүргүзүүдөн иш берүүчүнүн бир тараптуу баш тартуу -
иш берүүчүнүн ыйгарым укук берилген кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Иш берүүчүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу:
- жумушка алууда башка талапкерлерге салыштырмалуу кошумча сыноолорду белгилөөсү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мөөнөттөн ашык ишке, түнкү убакытта жана дем алыш күндөрү ишке алардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз тартуусу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга жеке реабилитациялоо программасына ылайык келген жумуш ордун түзүп берүүдөн баш тартуусу;
- башка кызматкерлерге салыштырмалуу эмгек акысын негизсиз азайтуусу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген иштеген адамды жазуу жүзүндөгү макулдугусуз иш сапарга жөнөтүү;
- МСЭК корутундусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын саламаттыгынын абалы кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же болбосо саламаттыгына жана эмгек коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, анын макулдусуз жана майыптыгынын жүйөсү боюнча башка жумушка которуусу;
- ушул уюмда кырсыктын же кесиптик оорунун кесепетинен майыптыкты алган кызматкер үчүн жумуш ордун бөлүп берүүдөн же түзүүдөн баш тартуусу, -
иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июля 2015 года № 154 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
21.07.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Ишке жалдоочунун кошулду: Иш берүүчүнүн эмгек мыйзамдарын кошулду: жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу
алынып салынды: Ишке жалдоочу кошулду: Иш берүүчү тарабынан эмгек мыйзамдарын бузуу, анын ичинде:
- кош бойлуу аял, 3 … келишимин түзбөстөн ишке тартуу;
- жамааттык сүйлөшүү жүргүзүүдөн алынып салынды: ишке жалдоочунун кошулду: иш берүүчүнүн бир тараптуу баш тартуу -
алынып салынды: ишке жалдоочунун кошулду: иш берүүчүнүн ыйгарым укук берилген кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
кошулду: Иш берүүчүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу:
- жумушка алууда башка талапкерлерге салыштырмалуу кошумча сыноолорду белгилөөсү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мөөнөттөн ашык ишке, түнкү убакытта жана дем алыш күндөрү ишке алардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз тартуусу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга жеке реабилитациялоо программасына ылайык келген жумуш ордун түзүп берүүдөн баш тартуусу;
- башка кызматкерлерге салыштырмалуу эмгек акысын негизсиз азайтуусу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген иштеген адамды жазуу жүзүндөгү макулдугусуз иш сапарга жөнөтүү;
- МСЭК корутундусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын саламаттыгынын абалы кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же болбосо саламаттыгына жана эмгек коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, анын макулдусуз жана майыптыгынын жүйөсү боюнча башка жумушка которуусу;
- ушул уюмда кырсыктын же кесиптик оорунун кесепетинен майыптыкты алган кызматкер үчүн жумуш ордун бөлүп берүүдөн же түзүүдөн баш тартуусу, -
иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, -
иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
(КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-72" title="72-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>