6342-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу шарттары
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июля 2015 года № 152
1. Укук бузуучулар коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып коомдук иштерди аткаруу үчүн ички иштер органдарына үч күндүн ичинде келүүгө, коомдук иштер аткарыла турган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ички тартип эрежелерин сактоого, ишке ак ниеттүү мамиле кылууга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрацияларынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, сот белгилеген коомдук иштердин мөөнөтүн иштеп бүтүүгө, жашаган жерин алмаштыргандыгы жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүгө милдеттүү.
2. Коомдук иштердин бир суткадагы узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
1) иштебеген укук бузуучулар үчүн - сегиз сааттан;
2) иштеген укук бузуучулар жана окуучулар үчүн - төрт сааттан.
3. Укук бузуучуга негизги иштеген жери боюнча кезектеги эмгектик өргүү берүү коомдук иштерди аткарууну токтотпойт.
4. Жүйөөлүү себептер болгондо, ички иштер органдары укук бузуучуларга бир жуманын ичинде азыраак сандагы сааттарды иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.
5. Укук бузуучу коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып коомдук иштердин мөөнөтүн эки айдан кечиктирбестен иштеп бүтүүгө тийиш.
6. Укук бузуучу коомдук иштерди аткаруучу жер боюнча ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясына укук бузуучулар өздөрүнө аныкталган иштерди аткаргандыгын контролдоо, иштелип бүткөн убакыттын эсебин алуу, иштелип бүткөн сааттардын саны жөнүндө, укук бузуучулар коомдук ишти аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу ички иштер органдарына кабарлоо, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу милдети жүктөлөт.
7. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдары коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун чечимин аткарбагандыгы ушул Кодекстин 422-статьясына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2015-жылдын 13-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6342-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-6342" title="6342-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>