50420-статья. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды бажылык контролдон жашыруу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды бажылык контролдон жашыруу, башкача айтканда, товарларды табууну кыйындатуучу жашыргычтарды же башка ыкмаларды пайдалануу же бир товарга башка түр берүү, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана андай товарларды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу ташыган транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо атайын даярдалган жашыруун жерлерди милдеттүү түрдө бузуу менен ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана андай товарларды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өткөн транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо атайын даярдалган жашыруун жерлерди милдеттүү түрдө бузуу менен ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана андай товарларды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өткөн транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо атайын даярдалган жашыруун жерлерди милдеттүү түрдө бузуу менен ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө айып салууга алып келет. Эгерде аларды ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундарды жасоо,- жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө; кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. (КР 2011-жылдын 18-октябрындагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50420-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50420" title="50420-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>