50419-статья. Бажылык контролдон башка жол менен Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, бажылык контролдон башка жол менен Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилегенден башка жерден же бажы өндүрүшүн жол-жоболоштуруунун белгиленген убактысынан башка убакытта алып өтүү,- жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана андай товарлар ташылган транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө айып салууга алып келет. Эгерде аларды ташып чыгууга ташын чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундарды жасоо,- жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө; кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. (КР 2011-жылдын 18-октябрындагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50419-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50419" title="50419-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>