50411-статья. Товарларды сактоого жайгаштыруу, аларды сактоо жана алар менен операцияларды жүргүзүү тартибин бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Ушул Кодекстин 503,504-3,504-4, 504-5, 504-8 жана 504-10 -статьяларында каралган учурларды кошпогондо, товарларды сактоого жайгаштыруунун жана аларды сактоонун, башкача айтканда, товарларды бажы кампасына, убактылуу сактоо кампасына, бош кампага сактоого жайгаштыруунун же болбосо бажы органынын уруксаты жок бажы кампасында убактылуу сактоо кампасына жана (же) сактоонун башка жерлеринде товарлар менен операция жүргүзүүнүн белгиленген талаптарын, шарттарын жана тартибин сактабоо, - эскертүү берүүгө же жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден он өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-туз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен, же болбосо ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 132, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50411-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50411" title="50411-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>