503-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 декабря 2014 года № 170
503-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 503-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бажы контролунун астында турган товарларды, транспорт каражаттарын башка жактарга бажы органынын уруксатысыз берүү (өткөрүү) же жоготуп жиберүү - жарандарга - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү, көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү үчүн кабыл алынган бажы контролунун астында турган товарлардын жана транспорт каражаттарынын бажылык башка документтерин жоготуп жиберүү же бербей коюу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. товарларды, транспорт каражаттарын жана аларга документтерди жеткирүүнүн бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөтүн сактабоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. Бажы контролунун астында турган товарларды жана транспорт каражаттарын бажы органы тарабынан аныкталган ап жерге жеткирбөө жана аларга документтерди тапшырбоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
503-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-503" title="503-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>