351-статья. Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 26-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июня 2017 года № 115
Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчётторун бербөө же болбосо салыктык карыздары жок салык төлөөчүлөрдүн салык отчётторун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөөсү - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Салыктык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн салыктык отчётторду, салык салууга байланышкан эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттө бербөөсү, - салыктык карыздардын суммасына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз жыйырма өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз кырк өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн миңден эки жарым миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз элүү өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жарым миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз алтымыш өлчөмүндө. (КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
351-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-351" title="351-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>