Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-03.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 29-июну № 115 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 25-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
351-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "351-статья. Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчётторун бербөө же болбосо салыктык карыздары жок салык төлөөчүлөрдүн салык отчётторун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөөсү - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Салыктык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн салыктык отчётторду, салык салууга байланышкан эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттө бербөөсү, - салыктык карыздардын суммасына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз жыйырма өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз кырк өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн миңден эки жарым миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз элүү өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жарым миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз алтымыш өлчөмүндө.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-июлунда № 80 (2805) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49