315-статья. Талаптагыдай эмес жана билип туруп жалган жарнама
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 23-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 мая 2014 года № 69
Жарнама берүүчү тарабынан талаптагыдай эмес жарнаманы же керектөөчүнү жолдон чыгарган, товарларды өндүрүү же болбосо сатуу жөнүндө же кызматтарды көрсөтүү жөнүндө чындыкка ылайык келбеген маалыматтар камтылган жарнаманы, билип туруп жалган маалымат жайылтуу, ошондой эле милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон, бирок тиешелүү сертификаты болбогон продукцияны жарнамалоо, - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, массалык маалымат каражаттары тарабынан ушундай иш менен алектенүү укугуна лицензияларды талап кылбастан дартты аныктоонун жаңы жана натыйжалуу усулдарына жана дарылоонун жогорку натыйжаларын жарнамалоого табыштамаларды кабыл алуунун эрежелерин бузуу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Жарнама берүүчү тарабынан тиешелүү лицензиясы же уруксаты жок иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга жарнакка, ошондой эле мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган жарнакка табыштамаларды массалык маалымат каражаттарында берүү, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки, юридикалык - жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү: Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда, анда чындыкка ылайык келбеген маалыматтар болгон, мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматтар жарнаманы керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келген кызматтар деп таанылат. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2014-жылдын 17-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
315-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-315" title="315-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>