230-статья. Адамдарды ташуунун эрежелерин бузуу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автожолдорунда айдоочулардын жүргүнчүлөрдү автобус же микроавтобус менен ташуусу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июля 2014 года № 110
Каттам алдында техникалык жана медициналык кароодон өтпөгөн автобустарды жана микроавтобустарды айдоо, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жүргүзүүдө завод-даярдоочу тарабынан каралган же транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүктөгү отуруучу орундардын көрсөтүлгөн санынан ашыкча жүргүнчүлөрдү салуу, ошого тете эле тиешелүү органдар менен макулдашылган каттоо маршрутунун схемасы жок бул транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, - айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Каттам алдында техникалык жана медициналык кароодон өтпөгөн айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүү, ошондой эле тиешелүү органдар менен макулдашылган каттоо маршрутунун схемасы жок жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Автобустар менен микроавтобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автожолдорунда жүргүнчүлөрдү ташыса, - айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салынат же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет. (КР 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
230-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
03.07.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каражаттарын эксплуатациялоо, -
айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн алынып салынды: он кошулду: отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Каттам алдында … ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, -
кызмат адамдарына кошулду: - эсептешүү көрсөткүчтүн алынып салынды: он бешке чейинки кошулду: элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Автобустар менен … жүргүнчүлөрдү ташыса, -
айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн алынып салынды: он кошулду: отуз өлчөмүндө администрациялык айып салынат же бир жылдык мөөнөткө … 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2012-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 142 кошулду: 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-230" title="230-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>