Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу»мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-11-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 24-ноябры N 716
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелер жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу
мамлекеттик агенттигинин директору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Үсөнов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик
жөлөкпулдар жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар
1. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан жана
Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук
актыларынан турат.
2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү маселелерин
башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.
2-берене. Бул Мыйзамдын колдонулуучу чөйрөсү
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана балдары
бар, Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган аз камсыз үй-бүлөлөргө
жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жарамсыз жарандарга
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык пенсиялык камсыздандыруу
жөнүндө" Мыйзамына ылайык, ошондой эле тарыхый мекенине кайтып келген
жана "кайрылман" статусун алган этникалык кыргыздарга карата колдону-
лат.
3-берене. Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жыл - 12 айдан турган мезгил;
мамлекеттик жөлөкпул - балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай са-
йын берилүүчү жөлөкпул жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул;
аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө ай ичиндеги
кирешеси кепилденген эњ төмөнкү кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;
жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө ай ичиндеги кирешеси
жакырчылыктын чегинен төмөн болгон үй-бүлө;
эмгекке жарамсыз жарандар - он алты жашка чыга элек балдар (жалпы
билим берүүчү мекемелердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин,
баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучулары, орто жана
жогорку кесиптик окуу жайлардын күндүзгү негизде окуган студенттери -
алар жыйырма үч жашка чыкканга чейин), медициналык-социалдык эксперттик
комиссия (МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ден соолугуна
байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, пенсия курагына жеткен
жарандар;
муктаждыкты аныктоо - балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын
берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн (жаран-
дын) кирешесинин бардык булактарын изилдеп билүү;
жыйынды киреше - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн
өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферт-
терден (пенсиялар, стипендиялар, жөлөкпулдар, материалдык жардам жана
башка компенсациялык төлөөлөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын
суммасы;
жыйынды кирешени аныктоо учурунда эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы
- балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул да-
йындоо үчүн үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоо учурунда никеден, бир
туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана
жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жаша-
ган, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар кир-
гизилет;
аз камсыз үй-бүлөнүн социалдык паспорту - аз камсыз үй-бүлөнүн ку-
рамы, жашоо дењгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайда-
лануусу жөнүндөгү анкета; булардын негизинде аз камсыз үй-бүлөлөргө со-
циалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн чаралары иштелип чыгат;
жан башына туура келүүчү орточо жыйынды киреше - бир айга же бир
жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды киреше-
си.
4-берене. Кепилденген эњ төмөнкү киреше
1. Кепилденген эњ төмөнкү киреше - бул жыл сайын аз камсыз болгон
үй-бүлөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан белгилене турган, бал-
дары бар, аз камсыз үй-бүлөлөрдү дотациянын жардамында камсыз кылууга
мүмкүндүк бере турган жашоо минимумун эске алуу менен бюджеттик
мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен жана экономиканын абалынан аныктала турган
көрсөткүч, жашоо үчүн зарыл киреше.
Кепилденген эњ төмөнкү кирешенин өлчөмүн жыл сайын кароодо ал акы-
рындап жашоо минимумунун орточо жылдык өлчөмүнө жакындоого тийиш.
2. Аз камсыз үй-бүлөдө жашаган ар бир балага кепилденген эњ
төмөнкү кирешеге чейинки дотациянын өлчөмү белгиленген кепилденген эњ
төмөнкү киреше менен жан башына туура келүүчү жыйынды кирешенин айырма-
сы өлчөмүндө аныкталат.
3. Кепилденген эњ төмөнкү киреше жөнүндөгү жобо Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү
Бул Мыйзамда мамлекеттик жөлөкпулдардын төмөнкүдөй түрлөрү белги-
ленет:
- балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү бирдиктүү
жөлөкпул;
- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул.
6-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды каржылоо
Бул Мыйзамда каралган мамлекеттик жөлөкпулдарды каржылоо республи-
калык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө
ай сайын берилүүчү жөлөкпул
7-берене. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулду алганга укуктуу адамдар
1. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулду төмөнкүлөр алганга укуктуу:
- жашы он алтыга жете элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелер-
дин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин);
- баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучулары, орто
жана кесиптик жогорку окуу жайлардын күндүзгү негизде окуган студентте-
ри, алар жыйырма үч жашка чыкканга чейин.
2. Эмгекке жарамдуу ата-энеси (ден соолугуна байланыштуу
мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды багып-караган ата-энеден бөлөк) иште-
беген жана калкты ишке орноштуруу кызмат органдарында белгиленген тар-
типте катталбаган, балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөр жөлөкпул алууга
укугу жок.
3. Толук мамлекеттик камсыздоодо турган балдарга жөлөкпул дайын-
далбайт.
8-берене. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулдардын өлчөмдөрү
1. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулдар, үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси
үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эњ төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн
ашпаган шартта дайындалат.
2. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулдар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:
- он алты жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүүчү мекемелердин
окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин) - кепилденген эњ төмөнкү киреше
менен үй-бүлөнүн жан башына туура келген орточо жыйынды кирешесинин ор-
тосундагы айырма өлчөмүндөгү жөлөкпул;
- бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү жөлөкпул - кепилденген эњ
төмөнкү кирешенин 300 процент өлчөмүндө;
- эгиздерге жөлөкпул - үч жашка чыкканга чейин ар бирине кепилден-
ген эњ төмөнкү кирешенин 100 процент өлчөмүндө;
- үч жана андан көп эмге жөлөкпул - ар бири он алты жашка жеткенге
чейин кепилденген эњ төмөнкү кирешенин 150 процент өлчөмүндө;
- 3 жашка чейинки балдарга жөлөкпул - кепилденген эњ төмөнкү кире-
шенин 200 процент өлчөмүндө;
- баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучуларына, ор-
то жана кесиптик жогорку окуу жайлардын студенттерине алар жыйырма үч
жашка чыкканга чейин - кепилденген эњ төмөнкү киреше менен үй-бүлөнүн
жан башына туура келүүчү жыйынды кирешенин айырмасы өлчөмүндө.
3. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулга укугу бар, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүн эсепке алуу менен
үй-бүлөгө жалпы өлчөмдө дайындалат (бала төрөлгөндөгү бир ирет бе-
рилүүчү жөлөкпулдан башка).
4. Үй-бүлөлүк бюджети бөлөк бир канча үй-бүлө чогуу жашаган учур-
да, балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул ар
бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат.
9-берене. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу
кирешелер
1. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкүдөй
түрлөрү кирет:
- жарандардын негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары)
жана окуган жери боюнча эмгек акы жана стипендия түрүндөгү кирешелери,
ошондой эле пенсиялар;
- жарандардын негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары)
боюнча эмес кирешелери;
- жарандардын экономикалык (ишкердик) ишин жүзөгө ашыруудан алын-
ган кирешелери;
- жарандардын, фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чар-
ба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн жер участокторун пайдала-
нуудан жана малдан алган кирешелери;
- жарандардын өздүк көмөкчү чарбасынан алган кирешелери.
2. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун жана балдары бар, аз
камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоонун тарти-
бин, ошондой эле айыл чарба ишмердигинен алынуучу кирешелердин нормати-
вин социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгат жа-
на Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
3-глава. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул
10-берене. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга укуктуу
адамдар
1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга төмөнкүлөр укук-
туу:
- ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар, бал-
дардын церебралдык шал ооруусу менен ооруган, ВИЧ-инфекциясына чалдык-
кан же СПИД менен ооруган он сегиз жашка чейинки балдар;
- бала кезинен I, II, III топтордогу ден соолугуна байланыштуу
мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- пенсия алууга укугу жок I, II, III топтордогу ден соолугуна бай-
ланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- пенсия алууга укугу жок - өтө картањ жарандар;
- пенсия алууга укугу жок - баатыр энелер;
- пенсия алууга укугу жок - багуучусунан ажыраган балдар, жетим-
дер;
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - алар он сегиз
айга толгонго чейин.
2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул үй-бүлөнүн жан башына ту-
ура келүүчү орточо жыйынды кирешесине карабастан дайындалат.
3. Ушул главада каралган ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар-
дын бир канча түрүн (майып балдарга жана багуучу адамынан айрылган бала
кезинен майып балдарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдардан тыш-
кары) алууга укуктуу болгон учурда, ай сайын берилүүчү социалдык
жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүн алууга укуктуу адамдын каалоосу боюн-
ча анын бири гана дайындалат.
4. Ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай
сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алууга укук берүүчү медициналык
көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекити-
лет.
11-берене. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү
Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жашоо минимумун
эске алуу менен бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана экономиканын абалына
карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4-глава. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү
12-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо
1. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулдарды дайындоого арыз төмөнкүлөргө берилет:
- шаарларда - жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча социал-
дык жактан коргоо органдарына;
- айыл жерлеринде - жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына - айыл өкмөттөрүнө.
2. Ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо жөнүндө арыз жарандардын
жашаган (катталган) жери боюнча социалдык жактан коргоо органдарына бе-
рилет.
3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун тартиби
социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-
дар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-
нан бекитилет.
4. Мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн кайрылган адам төмөнкүдөй зарыл
документтерди тапшырат:
- инсандыгын ырастоочу документти;
- анкета-арызды (арызды);
- үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматты;
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкатты.
Зарыл болгон учурда мамлекеттик жөлөкпул алууга укук берүүчү ко-
шумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралу, нике тууралу, никени
бузуу тууралу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майыптыгы жөнүндө МСЭКтин маа-
лымат каты, көзөмөлчүлүк (камкорчулук) жөнүндөгү чечим, окуган жеринен,
калкты ишке орноштуруу органдарынан маалымкаттар жана "кайрылман"
күбөлүгү, башка документтер) тапшырылат.
5. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын алгачкы аныктоо айыл жерле-
ринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн
комиссиясы тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген
тартипте аз камсыз үй-бүлөнүн социалдык паспортунун негизинде
жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра
кароого алып келүүчү жагдайлар болгондо, арыз берүүчү өз алдынча башка-
руу органдарынын - айыл өкмөтүнүн же социалдык коргоонун райондук (ша-
ардык) башкармасына 5 күндүн ичинде маалымдоого тийиш.
13-берене. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулдарды чектөөнүн мөөнөтү
1. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул
арыз берүүчү бардык зарыл документтерди тапшырган айдын биринчи күнүнөн
тартып дайындалат.
2. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулду дайындоо жөнүндөгү документтер толук көлөмдө келип түшкөн
учурдан тартып бир ай ичинде каралат.
3. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул
ушул Мыйзамдын 16, 18-беренелеринде каралган учурларды кошпогондо,
өзгөртүлбөйт.
14-берене. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды дайындоо
мөөнөттөрү
1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:
- он сегиз жашка чейинки ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү
чектелүү балдарга - эгерде МСЭКтен маалым катты алган күндөн алты айдан
кеч эмес жөлөкпул чектетүүгө кайрылса жана бардык керектүү документтер
тапшырылса, анда МСЭК майыптыгын белгилегенден баштап төлөнөт,
көрсөтүлгөн убакыт өтүп кетсе, жөлөкпул чектетүүгө кайрылган айдын би-
ринен баштап ал он сегиз жашка чыкканча;
- бала кезинен ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү
балдарга, эмгеги боюнча пенсия алууга укугу жок, ден соолугуна байла-
ныштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - эгерде МСЭКтен маалымкатты
алган күндөн алты айдан кеч эмес жөлөкпул дайындоого кайрылса жана бар-
дык керектүү документтер тапшырылса, анда МСЭК майыптыгын белгилегенден
баштап төлөнөт, көрсөтүлгөн убакыт өтүп кетсе, жөлөкпул чектетүүгө кай-
рылган айдын биринен баштап МСЭКтин маалым катынын мөөнөтү бүткөнчө;
- өтө картањ жарандарга жана баатыр энелерге - эгерде жөлөкпул да-
йындоого кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу бул укук-
ка ээ болгондон баштап алты айдан кечиктирилбеген болсо, ай сайын бе-
рилүүчү социалдык жөлөкпул алуу укугуна ээ болгон күндөн баштап
төлөнөт, көрсөтүлгөн убакыт өтүп кетсе, жөлөкпул чектетүүгө кайрылган
айдын биринен баштап өмүр бою төлөнөт;
- багуучу адамынан айрылган пенсия менен камсыз болууга укугу жок
балдарга - эгерде жөлөкпул дайындоого кайрылуу жана бардык керектүү до-
кументтерди тапшыруу бул укукка ээ болгондон баштап алты айдан кечикти-
рилбеген болсо, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуу укугуна ээ
болгон күндөн баштап төлөнөт, көрсөтүлгөн убакыт өтүп кетсе, жөлөкпул
дайындоого кайрылган айдын биринен баштап алар он алты жашка чыкканга
чейин, жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына - окууну аяктаганга
чейин, баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогор-
ку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттерге -
окууну аяктаганга чейин, бирок алар жыйырма үч жашка чыкканга чейин
төлөнөт;
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - туулган
күнүнөн тартып, эгер жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документ-
терди тапшыруу алты айдан ашып кетпеген убакыт ичинде аткарылса,
көрсөтүлгөн мөөнөт аяктап калса - жөлөкпул дайындоого кайрылган айдын
биринен баштап алар он сегиз айга толгонго чейин.
2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду дайындоо жөнүндөгү до-
кументтер толук көлөмдө келип түшкөн күндөн баштап он жумуш күн аралы-
гында каралат.
3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга бардык зарыл доку-
менттер жөлөкпул дайындоого кайрылгандан баштап 2 ай ичинде тапшырылуу-
га тийиш.
Зарыл документтерди тапшырууда эки ай өтүп кеткен учурда, акыркы
документ тапшырылган айдын биринен баштап жөлөкпул дайындалат.
15-берене. Райондук коэффициенттерди эсепке алуу менен мамлекеттик
жөлөкпулдарды дайындоо
Калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча ко-
эффициенттер белгиленген, бийик тоолуу жана алыскы чөлкөмдөрдө жашаган-
дар үчүн мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү ушул коэффициенттерди колдо-
нуу менен эсептелет.
16-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө
1. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- үй-бүлөнүн кирешеси өзгөрсө;
- үй-бүлөнүн курамы өзгөрсө;
- майыптык тобу өзгөртүлсө;
- райондук коэффициент белгиленсе (алып салынса) же анын өлчөмү
өзгөртүлсө;
- кепилденген эњ төмөнкү кирешеси өссө;
- окуучулар жалпы билим берүүчү мекемелерди бүтүрүшсө;
- баштапкы кесиптик окуу жайында окуган окуучулар, орто жана жо-
горку кесиптик окуу жайларда окутуунун күндүзгү формасында окуган сту-
денттер жыйырма үч жашка толсо.
2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө
төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү
өзгөртүлсө;
- майыптык тобу өзгөртүлсө;
- райондук коэффициент белгиленсе (алып салынса) же анын өлчөмү
өзгөртүлсө;
- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алган адам ай сайын бе-
рилүүчү социалдык жөлөкпулдун бир түрүнөн башкасына которулса.
17-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө
1. Учурдагы ай үчүн мамлекеттик жөлөкпул Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнөт.
2. Мамлекеттик жөлөкпулдар төмөнкүлөргө төлөнөт:
- толук мамлекеттин карамагында турган балдарга, дайындалган ай
сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун 25 проценти өлчөмүндө;
- өтө картањдар жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү
чектелүү адамдар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашаган жалгыз бой
жарандарга, дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун 25
проценти өлчөмүндө;
- ата-энесинин экөөнөн тењ ажыраган балдарга (тоголок жетимдерге),
мамлекеттин толук карамагында жүргөн мезгилинде мамлекеттик жөлөкпул
толук өлчөмдө;
- жарым-жартылай мамлекеттин карамагында турган балдарга мамлекет-
тик жөлөкпул толук өлчөмдө;
- эркинен ажыратуу жерлеринде жашы жеткен жарандарга, дайындалган
ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын 25 проценти өлчөмүндө.
3. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө дайындалган жана алуучулар
тараптан өз убагында талап кылынбаган жөлөкпулдар өтүп кеткен убакытка,
аларды алгандан баштап алты айдан кеч эмес убакытта кайрылса, ал эми ай
сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга - бир жылдан кеч эмес убакыт ичин-
де кайрылса, төлөнөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр өтүп кетсе, өз убагында та-
лап кылынбаган мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы кароого жатпайт.
4. Социалдык жактан коргоо органдарынын күнөөсү боюнча өз убагында
алынбаган мамлекеттик жөлөкпулдар өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир
мөөнөт менен чектөөсүз, инфляциянын расмий белгиленген дењгээлин эсепке
алуу менен, ошондой эле ар бир узартылган күн үчүн туумду кошуу менен
төлөнүп берилет. Туумду тындыруу тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү менен белгиленет.
5. Алуучуга өткөн убакыт үчүн тийиштүү болгон жана анын каза бол-
гондугуна байланыштуу алынбай калган мамлекеттик жөлөкпул, эгерде аны
алуу үчүн кайрылуу алуучу каза болгондон тартып он эки айдан кечикти-
рилбей берилсе, үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин арызы боюнча анын үй-бүлө
мүчөлөрүнө төлөнүп берилет.
6. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө тиешелүү суммалар, мамлекет-
тик жөлөкпул алуучулардын коммуналдык-техникалык тейлөө кызматтары (суу
менен камсыздоо, суу берүү, таштандыларды чыгаруу, подъезддерди,
үйлөрдүн чатырын оњдоо, газ, электр жана жылуулук кубаты, телефондук
тейлөө кызматтары ж.б.) үчүн салыктар жана жыйымдар боюнча карыздарын,
жогоруда аталган тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү ведомстволордун респуб-
ликалык бюджетке болгон карызын жоюунун эсебинен кайтарылма каржылоо
жүргүзүү жолу менен жоюу үчүн пайдаланылбайт.
Бул беренелердин ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
7. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн тартиби социалдык жактан
коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иш-
телип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
18-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнү убактылуу жана
таптакыр токтотуунун шарттары
1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө кошумча документтерди тапшыруу
зарыл болгон учурда убактылуу токтотулат.
2. Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү
жөлөкпулдарды төлөө төмөнкү учурларда таптакыр токтотулат:
- үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешесин кепилденген
эњ төмөнкү кирешенин дењгээлине жана андан жогору көбөйтүү;
- балдар он алты жашка чыкса, жалпы билим берүүчү мекемелердин
окуучулары окуусун бүтсө, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары,
орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери 23 жашка чыкса;
- туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен чыгып кетсе;
- талап кылынган документтерди өз убагында тапшырбаса;
- үй-бүлөнүн жөлөкпул дайындалган мүчөсү каза болсо;
- алты ай бою жөлөкпулду ээси сурап албаса.
3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду төлөө төмөнкү учурларда
таптакыр токтотулат:
- майыптык мөөнөтү өтүп кеткенде;
- жөлөкпул алуучу адам каза болгондо;
- туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен чыгып кеткенде;
- талап кылынган документтерди өз убагында тапшырбай калганда;
- багуучу адамынан (адамдарынан) айрылгандык боюнча ай сайын бе-
рилүүчү социалдык жөлөкпулду алуучу адам он алты жашка чыкканда, жалпы
билим берүүчү мекемелердин окуучулары окуусун бүткөндө, баштапкы кесип-
тик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлар-
дын студенттери 23 жашка чыкканда;
- ВИЧ/СПИД менен жашаган энеден төрөлгөн жана ай сайын берилүүчү
социалдык жөлөкпулду алуучу бала он сегиз айга толгондо;
- 6 ай бою жөлөкпулду ээси сурап албаган учурда.
4. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнүн мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча
документтер талап кылынган учурларда мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө
эки ай аралыгында тапшырылууга тийиш болгон кошумча документтерди тап-
шырганга чейин токтотулат.
Эки айлык мөөнөттө кошумча документтер тапшырылбаган учурда
жөлөкпулду төлөө токтотулат.
5. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотуу же анын өлчөмүн кайра-
дан карап чыгуу шарттары келип чыкканда, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө
токтотулат же ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам-
дарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардан башкаларга өзгөрүү
болуп өткөн айдан кийинки айдан баштап жањы өлчөмдө төлөө жүзөгө ашыры-
лат.
6. Мамлекеттик жөлөкпулга укуктуулугу жөнүндө атайылап жалган маа-
лымат берген же негизсиз жөлөкпул дайындоого алып келүүчү жагдайлардын
келип чыккандыгы тууралу өз убагында билдирбеген адамга, мындай факт
билинген учурдан тартып мамлекеттик жөлөкпул төлөө токтотулат. Ушуну
менен бирге эле мыйзамсыз төлөнгөн акча каражаттары республиканын бюд-
жетине кайтарылышы керек, ал эми мамлекеттик жөлөкпулду жањыдан дайын-
доо жөнүндө арыз он эки ай бою кабыл алынбайт.
7. Бийик тоолуу шартта жашап, Бийик тоолуу жана алыскы аймактардын
тизмесине кирбеген аймактарга туруктуу жашоо үчүн көчүп келген ка-
ры-картањ жарандарга жана баатыр энелерге ай сайын социалдык жөлөкпул
төлөө токтотулбайт. Ай сайын социалдык жөлөкпул райондук коэффициентти
эсепке албастан төлөнөт.
19-берене. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кармап калуу
1. Ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы төмөнкүдөй
кармап алынат:
- соттун чечимдеринин, аныктамаларынын, токтомдорунун жана
өкүмдөрүнүн (мүлктүк өндүрүү жагында), нотариустук кењселердин аткаруу
каттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун че-
чимдерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте аткарылуучу башка чечимдер-
дин жана токтомдордун негизинде;
- мамлекеттик жөлөкпулдардын суммаларын өндүрүп алуу үчүн комисси-
ялардын чечимдеринин негизинде.
Мамлекеттик жөлөкпулдун суммасынан жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн баш-
ка эч кандай кармап калууларга жол берилбейт.
Мамлекеттик жөлөкпулдан кармап калуу өлчөмү алуучуга төлөнүүгө ти-
йиш болгон суммадан эсептелип чыгарылат.
Комиссиялардын чечимдеринин негизинде кармап калуу, мамлекеттик
жөлөкпулдун суммасынын 20 проценттен ашпаган өлчөмүндө жүргүзүлөт.
2. Комиссиялардын чечимдеринин негизинде кармап калып жаткан,
ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы боюнча карыз толук
тындырылганга чейин мамлекеттик жөлөкпул төлөө токтотулган учурда ка-
рыздын калган бөлүгү сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
3. Кармап калган сумма мамлекеттик бюджетке төгүлөт.
20-берене. Каза болгон адамды коюуга жөлөкпул төлөп берүү
1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алуучу адам каза болгон
учурда ата-энесине же анын үй-бүлөсүнө жергиликтүү бюджеттин каражатта-
рынын эсебинен маркумду коюуга кепилденген эњ төмөнкү кирешенин беш
эселенген өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт.
2. Эгерде ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучунун сөөгүн
коюу үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырыл-
са, сөөк коюуга берилүүчү жөлөкпулду ырастоочу документтер берилген
учурда ошол адамдарга төлөнүп берилет.
3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алуучу маркумду коюуга
жөлөкпул чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан бекитилет.
21-берене. Мамлекеттик жөлөкпул дайындоочу органдар
1. Мамлекеттик жөлөкпулдар райондук (шаардык) социалдык жактан
коргоо башкармалары тарабынан дайындалат.
2. Социалдык жактан коргоо органдары тиешелүү чечим кабыл алынган
күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик жөлөкпул дайындоо-
дон баш тартуунун себептерин жана даттануу тартибин көрсөтүү менен арыз
берүүчүгө оозеки же кат жүзүндө маалымдайт.
22-берене. Социалдык жактан коргоо органдарынын кызматкерлеринин
укуктары
Мамлекеттик жөлөкпул дайындоодо социалдык жактан коргоо органдары-
нын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн керектүү документтерди талап
кылууга;
- арыз берүүчү менен ањгеме, интервью жүргүзүүгө:
- үй-бүлөнүн муктаждык дењгээлин аныктоо үчүн арыз берүүчүдөн, ту-
угандарынан жана башка чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана коњшула-
рынан сурамжылоо жолу менен үйүнө барып иликтөө жүргүзүүгө;
- тиешелүү органдардан керектүү маалыматтарды жана маалымкаттарды
талап кылууга;
- мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн берилген маалымкаттардын жана
башка документтердин тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн менчи-
гинин түрүнө карабастан ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде жана башка
чарба жүргүзүүчү субъекттерде текшерүүлөр жүргүзүүгө;
- райондук (шаардык) почта байланыш түйүндөрүнүн мамлекеттик
жөлөкпул төлөө үчүн берилген каражаттарды туура төлөөсүн жана чыгымдоо-
сун текшерүүнү жүргүзүүгө.
23-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону жана төлөп берүүнү
контролдоо
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону жана төлөп берүүнү контролдоо
социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоо жана көзөмөлдөө мил-
деттери берилген башка органдарга жүктөлөт.
24-берене. Айыл өкмөтү, ишканалар, мекемелер жана уюмдар
тарабынан маалымкаттарды берүү
1. Фермердик жана дыйкан чарбаларындагы мал-жандыктарынын (малы,
канаттуулары) саны жана түрлөрү жөнүндө маалымкаттарды алардын турган
жери боюнча айыл өкмөтү берет.
Көмөкчү участогунун өлчөмү, мал-жандыктарынын (малы, канаттуулары)
саны жана түрлөрү, бөлүнгөн жер үлүштөрүнүн бар экендиги тууралуу анын
өлчөмү жана түрү көрсөтүлгөн маалымкаттарды жашаган жери боюнча айыл
өкмөтү берет.
2. Айыл өкмөтү, менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабас-
тан ишканалар, мекемелер жана уюмдар мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо
үчүн социалдык жактан коргоо башкармаларына берүү үчүн жарандарга зарыл
маалымкаттарды үч күндүк мөөнөттө тариздөөгө жана берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн керектүү маалымкаттар акы-
сыз берилет.
3. Жарандарга мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн берилүүчү
маалымкаттардын аныктыгын контролдоону менчигинин жана чарба
жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдар-
дын жетекчилери жүзөгө ашырат.
25-берене. Салык кызматтары тарабынан маалымкаттарды берүү
Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул-
дарды дайындоо үчүн салык кызматтары салык төлөөчүлөр тарабынан берил-
ген салык декларацияларынын негизинде жарандарга кирешелери жөнүндө ма-
алымкат беришет.
Маалымкаттар жарандардын арыздарынын негизинде үч күндүн ичинде
акысыз берилет.
5-глава. Мамлекеттик жөлөкпул алуучу жарандардын
жоопкерчилиги жана аларды коргоо
26-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого жана төлөп берүүгө
байланышкан талаш-тартыштар
Талаш-тартыш маселелерди кароо үчүн райондук (шаардык) мамлекеттик
администрациялар тарабынан жарандардын мамлекеттик жөлөкпулдарды дайын-
доо жана төлөп берүү тууралуу даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча
комиссиялар түзүлөт.
Комиссиянын курамына райондук (шаардык) социалдык жактан коргоо
башкармасынын, финансы бөлүмүнүн, салык кызматынын, айыл чарба
бөлүмүнүн, статистика башкармалыгынын жана жер ресурстары боюнча
бөлүмдүн башчылары кирет.
Комиссия төмөнкүлөрдү карайт:
- мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоодон негизсиз баш тартуу жана
мамлекеттик жөлөкпулдардын туура эмес дайындалгандыгы жөнүндө жарандар-
дын арыздарын;
- мамлекеттик жөлөкпулдардын өз убагында төлөнбөгөндүгү жөнүндө
арыздарды;
- мамлекеттик жөлөкпулдардын негизсиз төлөнбөгөн суммаларын
өндүрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, талаш-тартыш социалдык
жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан же мыйзамда
белгиленген тартипте чечилет.
27-берене. Маалымкаттарды берген органдардын жана жарандардын
жоопкерчилиги
Жарандарга туура эмес мамлекеттик жөлөкпул дайындоого алып келген
анык эмес маалымкаттарды берген адамдар жана мамлекеттик жөлөкпулдар
дайындоо үчүн кайрылган учурда атайылап жалган маалымат берген күнөөлүү
адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке
тартылышат.
28-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн
жоопкерчилик
Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө мөөнөттөрүнүн бузулушуна күнөөлүү
кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчи-
ликке тартылышат.
6-глава. Корутунду жоболор
29-берене. Эл аралык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасы анын катышуучусу болуп эсептелген, бел-
гиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда
камтылгандардан бөлөк эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин
эрежелери колдонулат.
30-берене. Бул мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизил-
син.
2. Бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр
тапшырылсын:
- бул Мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетен-
циясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды
кабыл алсын;
- өзүнүн ченем укук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. 2010-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп та-
былсын:
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
ведомосттору, 1998-ж., 1998-жылдын 5-марты, N 15);
- 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 "Кыргыз Республикасындагы мамле-
кеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- 2002-жылдын 12-январындагы N 4 "Кыргыз Республикасындагы мамле-
кеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- 2004-жылдын 1-июлундагы N 81 "Кыргыз Республикасындагы мамлекет-
тик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду
киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- 2005-жылдын 13-августтагы N 148 "Кыргыз Республикасындагы мамле-
кеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү-
лөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 "Кыргыз Республикасындагы мамле-
кеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 "Кыргыз Республикасындагы мамле-
кеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР ЖК 2009-жылдын 4-декабрындагы № 1534-IV "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтомПостановление · 04.12.2009 · № 1534-IV
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 4 декабря 2009 года № 1534-IV "О принятии Закона Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Постановление · 04.12.2009 · № 1534
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 01.07.2004 · № 81 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 30.04.2001 · № 36 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 13.08.2005 · № 148 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 70 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 12.01.2002 · № 4 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 27.07.2006 · № 133 · Күчүн жоготкон