Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-08-13.
Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 29-декабрындагы N 318 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2005-жылдын 13-августу N 148
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ве-
домосттору, 1998-ж., N 4, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толукто-
олор киргизилсин:
1. 10-статьяда:
биринчи абзацынын "а" пунктундагы "он алты" жана "ВИЧ-жуккан" де-
ген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "он сегиз" жана "ВИЧ-инфекциясына чал-
дыккан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы "ж" пункту менен толукталсын:
"ж) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - алар
төрөлгөндөн тартып он сегиз айга чейин.".
2. 11-статьяда:
аталышында жана бүткүл текст боюнча "он алты" деген сөздөр "он се-
гиз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
биринчи бөлүмдүн "в" пунктундагы "ВИЧ - жуккан" деген сөздөр "ВИЧ
- инфекциясына чалдыккан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга
ай сайын берилүүчү социалдык пособиелердин көлөмү
ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга берилүүчү социал-
дык пособиелердин көлөмү алар он сегиз айга толгонго чейин кепилденген
минималдык керектөө деңгээлинин 225 пайызы өлчөмүндө белгиленет.".
4. 18-статьянын үчүнчү бөлүмүндө:
"а" пунктундагы "он алты" деген сөз "он сегиз" деген сөз менен ал-
маштырылсын;
бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы "д" пункту менен толукталсын:
"д) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - туулган
күнүнөн тартып, эгер пособие үчүн кайрылуу алты айдан ашык эмес убакыт-
тын ичинде болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнчө - кайрылган айынан тар-
тып, алар он сегиз айга толгонго чейин.".
5. 22-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы "к" пункту
менен толукталсын:
"к) бала он сегиз айга толгонго чейин.".
2-статья.
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн
ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
2005-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 24-ноябрындагы №716 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"мыйзамыПостановление · 24.11.2009 · № 716 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон