Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» мыйзам
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318 "О Государственных пособиях в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-07-27.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы N 318 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 27-июлу № 133
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизүү тууралу
2006-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1998-ж., № 4, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толукто-
олор киргизилсин:
1. 7-статьянын биринчи бөлүгүнүн "а" пунктчасындагы ", бирок он
сегиз жаш курагынан ашпайт" деген сөздөр алып салынсын;
2. 9-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бир-
диктүү пособие дайындоо үчүн жыйынды кирешени аныктоонун тартиби жана
айыл чарба ишинен алынуучу кирешелердин ченемдиктери Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењеши тарабынан бекитилет.".
3. 11-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "дарылоо мекемелери тарабынан
белгиленген тартипте медициналык корутундусу" деген сөздөр "МСЭКтин ма-
алымат каты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 18-статьянын үчүнчү бөлүгүндө:
"а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) он сегиз жашка чейинки майып балдарга - эгерде пособие алуу
үчүн кайрылуу МСЭК маалымат кат берген күндөн алты айдан кечиктирилбей
берилсе, МСЭК тарабынан маалымат кат берилген күндөн баштап,
көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайрылуу жасалган айдан тартып -
алар он сегиз жашка толгонго чейин;";
"б" пунктунда:
"үч" деген сөз "алты" деген сөзгө алмаштырылсын;
шарттуу кыскартылган "ВТЭК" деген сөз шарттуу кыскартылган "МСЭК"
деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 29-статьяда:
аталышы "салык кызматтары" деген сөздөрдөн кийин "жана айыл
өкмөтү" деген сөздөр менен толукталсын;
биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык кызматтары салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык декла-
рацияларынын негизинде ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоо
үчүн граждандарга кирешелери жөнүндө маалымат кат беришет; жердин
өлчөмүн жана көрүнүшүн көрсөтүү менен жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө
маалымат кат айыл өкмөтү тарабынан берилет.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 24-ноябрындагы №716 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"мыйзамыПостановление · 24.11.2009 · № 716 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон