Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87 „Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 24-январы № 47
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы
№ 87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №
522 "Мамлекеттик башкаруу органдарындагы функциялык талдоонун кезектеги
этабынын жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасында администрациялык ре-
форманы андан ары илгерилетүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык,
салык органдарынын кызматкерлеринин болгон сандык чегин оптималдуу жана
сарамжалдуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйым-
дар боюнча мамлекеттик комитетинин мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн
камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87
"Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-
тетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-
луктоолор киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитетинин кызматкерлеринин сандык чеги 2238 бирдик (тейлөөчү пер-
соналды кошпогондо);";
- 3-1-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Салыктар
жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:
1-пунктундагы "камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана төлөөнүн
тууралыгына" деген сөздөр алып салынсын;
2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Салык кызматынын органдарынын Кыргыз Республикасынын салык мый-
замдарында белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруусунда Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзам актыларында каралгандан башка учурларда мамлекеттик
органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул ишке
кийлигишүүсүнө тыюу салынат.";
3-пунктунда:
- экинчи абзацы "ыйгарым укуктуу салык органынын" деген сөздөр ме-
нен башталсын;
- үчүнчү абзацы "бөлүнүүдөгү эмес" деген сөздөрдөн кийин "салык
органдары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункту "мамлекеттик бюджеттин" деген сөздөрдөн кийин "жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо бу-
лактарынан" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. СЖМКнын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен башка-
руу схемасынын жана белгиленген штаттык сандын чегинде СЖМКнын борбор-
дук аппаратынын, ведомствого караштуу салык органдарынын структурасын
жана штаттык санын бекитүүгө укуктуу.";
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. СЖМКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- салык жана башка төлөмдөрдүн өз убагында жана толук алынышын
камсыздоо;
- салык мыйзамдарынын жана салык маселесин жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын башка мыйзам актыларынын талаптары аткарылышын камсыз-
доо;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, өз
компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсузду-
гун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында салык
мыйзамдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- салык органдарынын ишин камсыздоо;
- салык төлөөчүлөргө алар салыктык милдеттенмелерди аткарышына
жардам көрсөтүү, салык органдары коомго сапаттуу мамлекеттик кызмат
көрсөтүүсүн камсыздоо.";
7-пунктта:
- экинчи абзацындагы "камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана
төлөөнүн тууралыгына текшерүү жүргүзөт," деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзацы алып салынсын;
- он жетинчи абзацы "проценттери" деген сөздөн кийин "үстөгүн" де-
ген сөз менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- укук коргоо органдарынын, ошондой эле мыйзам чыгаруу жана атка-
руу бийлигинин жогору турган органдарынын демилгеси боюнча түзүлгөн ко-
миссиялардын жана жумушчу топтордун ишине салыктык эксперт катары каты-
шат;";
9-пунктта:
- экинчи абзацындагы "камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана
төлөөнүн тууралыгынын маселелери боюнча юридикалык жана жеке жактарды
текшерүү жүргүзүүнү" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацы "жана өкүлчүлүктөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана
жеке жактарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- тогузунчу абзацы "финансылык санкцияларды" деген сөздөрдөн кийин
", проценттерди жана үстөктөрдү" деген сөздөр менен толукталсын;
- он үчүнчү абзацындагы "реалдуу түшкөн акчаны аныктоо максатында
контролдук текшерүүлөр" деген сөздөр "товарлардын жана акча каражаттар-
дын жүгүртүлүшүн толук эсепке алуу максатында рейддик салыктык контрол-
доо жана салык постторун коюу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-пункттун экинчи абзацында:
- ", ошондой эле камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана юриди-
калык жана жеке жактар тарабынан төлөөнүн тууралыгына текшерүү жүргү-
зүүгө" деген сөздөр алып салынсын;
12-пунктта:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын салык мый-
замдарын сакташы, салыктык каттоосу болушу, кирешелерди эсепке алышы,
керектүү бухгалтердик жана салыктык документтери бар экенин, маркаланчу
акциздик товарларга акциздик маркалар колдонулаарын жана анын тууралыгы
маселелери боюнча салыктык текшерүүлөрдү жана рейддик салык контролун
жүргүзүүгө;";
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- СЖМКнын кызмат адамы салыктык контроль, рейддик салыктык конт-
роль жүргүзүүдө жана салык постун белгилөөдө жазуу жүзүндөгү ыйгарым
укуктарынын негизинде, иш жүзүндөгү маалыматтар салык төлөөчү берген
документтик маалыматтарга ылайыктыгын аныктоо үчүн аймактарды, жайларды
жана салык салынчу объекттерди изилдөө максатында ишкердик жүргүзүүгө
пайдаланылган аймакка же жайга кирүүгө укуктуу;";
- он үчүнчү абзацтагы "жөнүндө маалыматты" деген сөздөр "бар экени
жөнүндө маалыматты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган учурларда жана
тартипте баалоонун кыйыр методдорунун негизинде салык төлөөчүнүн салык-
тык милдеттенмесин аныктоого;";
- он тогузунчу абзац "проценттерди" деген сөздөн кийин "жана үс-
төктөрдү" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи - жыйырма тогузунчу абзац-
тар менен толукталсын:
"- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына баш ийбөөгө;
- салык төлөөчүлөрдү каттоочу органдарга Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жөнүндө кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча
сотторго доолорду, анын ичинде уюмду жоюу жөнүндө дооматтарды берүүгө;
- салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар эмес эксперттерди ата-
йын билимди жана көндүмдү талап кылган айрым маселелер боюнча изилдөө
жүргүзүү жана консультация алуу үчүн ишке тартууга;
- башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдарынан салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмени
эсептөөгө байланышкан маалыматтарды суроого жана алууга;
- салыктык контракт түзүүгө;
- депозиттик эсепте турган каражаттарды салык төлөөчүнүн депозитин
кабыл алган салыктык кызмат органынын чечиминде каралган шарттарда жана
мөөнөттөрдө тескөөгө;
- эркин экономикалык зоналардын субъекттерине жана атайын каражат-
тарды түзүүчү бюджеттик мекемелерге жана уюмдарга салык салуу маселеси
боюнча салыктык контроль жүргүзүүгө;";
14-пункттагы "маалыматтардын жашырындыгын" деген сөздөр "салыктык
сырды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. СЖМК бюджеттик-финансылык саясатты талдоо жана иштеп чыгуу
үчүн керектүү отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мыйзамда белгиленген салыктык
сыр сакталуучу шартта өз убагында берүүгө милдеттүү.";
18-пункттагы "сырды сактабаганы" деген сөздөр "Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында белгиленген салыктык сырды" деген сөздөргө алмашты-
рылсын;
V бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"19-1. Салыктык милдеттенме аткарылгандык фактысын ырастачу доку-
менттердин 6 жыл бою сакталышын камсыздоого.";
21-пункттун бешинчи абзацындагы "региондор аралык башкармалыктар-
дын жана бөлүмдөрдүн (секторлордун) начальниктери" деген сөздөр "реги-
ондор аралык башкармалыктардын бөлүм (сектор) начальниктери жана" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
7, 10, 17, 23, 26-пункттардагы "жана аймактык" деген тийиштүү жөн-
дөмөлөрдөгү сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-ноябрындагы №
531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87
"Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-
тетинин маселелери" жөнүндө токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токто-
му күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87 токтому менен бекитилген)Положение · 28.03.2007 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №87 " Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2007 · № 87
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 735 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-ноябрындагы №531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик…Постановление · 02.11.2007 · № 531 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №87 " Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2007 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик башкаруу органдарындагы функциялык талдоонун кезектеги этабынын жыйынтыктары жана Кыргыз…Постановление · 23.09.2008 · № 522 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-ноябрындагы №531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик…Постановление · 02.11.2007 · № 531 · Күчүн жоготкон