Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 28-мартындагы
№ 87 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 14-декабрындагы № 592,
2009-жылдын 24-январындагы № 47
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин негизги милдеттери
III. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин функциялары
IV. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин укуктары
V. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин милдеттери жана жоопкерчилиги
VI. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин ишинин уюштурулушу
VII. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин коллегиясы
VII. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин кызматкерлерин укуктук жана социалдык
коргоо
IX. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин атайын наамдарын
сактоонун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети (мындан ары - СЖМК) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамда-
рынын сакталышына, салыктардын жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөр-
дүн толук жана өз учурунда төлөнүшүнө, мамлекеттик башкаруунун контрол-
дук функциясын ишке ашыруучу мамлекеттик бийликтин борбордук аткаруучу
органы болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
2. СЖМК жана анын структуралык подразделениелери өз ишмердигинде
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык ко-
дексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, башка нор-
мативдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимде-
рин, ушул Жобону жана өзүлөрүнүн ведомстволук нормативдик актыларын же-
текчиликке алып, башка мамлекеттик органдар менен тыгыз карым-катнашта
иштейт.
Салык кызматынын органдарынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзам-
дарында белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруусунда Кыргыз Республи-
касынын мыйзам актыларында каралгандан башка учурларда мамлекеттик ор-
гандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул ишке
кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
3. СЖМК өзү төмөнкүлөрдөн турган бирдиктүү система болуп эсепте-
лет:
- ыйгарым укуктуу салык органынын борбордук аппараты;
- СЖМКнын региондор аралык башкармалыктары жана ири салык төлөөчү-
лөрдү контролдоо, Бишкек жана Ош шаарлары, райондор жана райондук бөлү-
нүүдөгү эмес салык органдары шаарлар боюнча башкармалыктары юридикалык
жак болуп саналышат, алардын чыгымдар боюнча өз алдынча сметасы, Казы-
начылык системасында эсеби, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби
түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдеги өздөрүнүн аталыштары жазыл-
ган мөөрү, фирмалык бланктары, бурчтуу штамптары болот.
СЖМКнын туусу жана символика белгилери болот.
СЖМКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча иш жүргүзүүчү чет
өлкөдө өзүнүн өкүлчүлүктөрүн (өкүлдөрүн) уюштура алат.
Конкреттүү укуктук нормалар жана ишмердүүлүктүн уюштуруучулук не-
гиздери, СЖМКнын алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн (өкүлдөрүнүн) функциялары
жана каражаттарын каржылоо булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-
на ылайык аныкталат.
СЖМКнын алдында салык ишиндеги адистерди даярдоону, кайра даярдоо-
ну, квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруучу Окуу борбору иштейт.
Окуу борбордун ишмердүүлүктүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери,
функциялары жана каржылоо булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 592, 2009-жылдын
24-январындагы № 47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. СЖМК жана анын структуралык подразделениелери мамлекеттик бюд-
жеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка
каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
5. СЖМКнын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен башка-
руу схемасынын жана белгиленген штаттык сандын чегинде СЖМКнын борбор-
дук аппаратынын, ведомствого караштуу салык органдарынын структурасын
жана штаттык санын бекитүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
II. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин негизги милдеттери
6. СЖМКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- салык жана башка төлөмдөрдүн өз убагында жана толук алынышын
камсыздоо;
- салык мыйзамдарынын жана салык маселесин жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын башка мыйзам актыларынын талаптары аткарылышын камсыз-
доо;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, өз
компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсузду-
гун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында салык
мыйзамдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- салык органдарынын ишин камсыздоо;
- салык төлөөчүлөргө алар салыктык милдеттенмелерди аткарышына
жардам көрсөтүү, салык органдары коомго сапаттуу мамлекеттик кызмат
көрсөтүүсүн камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
III. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин функциялары
7. СЖМК ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн чогулушуна, түшүшү-
нө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышына контролдукту
уюштурат, ведомстволук подразделениелердеги иштерди уюштурат, жүргүзөт
жана контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык саясатын аныктоого жана өткө-
рүүгө катышат;
- СЖМК башкаруучу кирешелер булагы боюнча мамлекеттик бюджеттин
киреше бөлүгүнүн божомолун түзүүдө катышат, салыктардын жана милдеттүү
башка төлөмдөрдүн өз учурунда жана толук келишин камсыздайт;
- республикалык бюджеттин салыктар боюнча киреше бөлүгүнө өзгөр-
түүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
- өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мамлекет-
тик, экономикалык коопсуздугун коргоого көмөктөшөт;
- салык мыйзамдарынын нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгууда
жана өркүндөтүүдө катышат;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттеринин
жана алыскы чет өлкөлөрдүн салык мыйзамдарын талдайт;
- СЖМКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзам долбоор-
лорду жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөгө
жана төлөөгө байланыштуу салыктык эсептөөлөрдүн, отчеттордун, деклара-
циялардын жана башка документтердин формаларын, ошондой эле ведомство-
лук салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчеттордун
формаларын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана Кыргыз Республика-
сынын башка нормативдик укуктук актыларында каралган өз ыйгарым укукта-
рынын чектеринде салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салык-
тарды төлөө мөөнөтүн узартат;
- бардык дењгээлдеги салык подразделениелеринин иштерин уюштурууну
териштирүү жана текшерүү (анын ичинде комплекстүү) жүргүзөт, анын жый-
ынтыктары боюнча аныкталган кемчиликтерди жана тартип бузууларды четте-
түү чараларын көрөт, ушул иштердеги дурус тажрыйбаны изилдейт жана аны
салык кызматынын системасына жайылтат;
- бюджетке төлөмдөрдү чогултуу боюнча жасалган иштер тууралуу мам-
лекеттик салык органдарынын маалыматтарын алат, жалпылайт жана талдайт
жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- салык подразделениелеринде инспектордук иштин абалына контролдук
жүргүзөт;
- салык салуу маселелери боюнча жана салык органдарынын кызмат
адамдарынын укукка жат иштери боюнча жарандардын, юридикалык жана жеке
жактардын арыздарын, сунуштарын жана апелляциялык даттанууларын белги-
ленген тартипте карайт;
- белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн салыктарды жана башка милдет-
түү төлөмдөрдү, айыптарды, башка санкциялардын проценттеринин үстөгүн
бюджеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө юридикалык жана жеке жактарга,
ошондой эле жарандарга сотто доо коет;
- соттордо, укук коргоо органдарында, мамлекеттик бийлик жана баш-
каруу органдарында жана башка уюмдарда ведомстволук салык органдарынын
таламдарын көрсөтөт;
- өзүнүн ведомстволук органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын
чечимдерин жоет (иш-аракетин токтотот);
- бюджетке салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча салык
кызматынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле чарбакер субъект-
тердин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сакташына контролдук
боюнча жогоруда турган органдарга отчетторду, маалымкаттарды жана маа-
лыматтарды берет;
- салык органдарынын кызмат адамдары иште жол беришкен тартип бу-
зуулар жана кемчиликтер үчүн, эгерде мындай тартип бузуулар үчүн кылмыш
жоопкерчилиги каралбаса, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык дисциплинардык жоопкерчиликке тартат;
- салыктар жана бюджетке башка төлөмдөр боюнча мамлекеттик ички
актыларды колдонуу тартиби боюнча ведомстволук структуралык жана аймак-
тык подразделениелерде түшүндүрүү иштерин уюштурат;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана региондук
программаларын, ошондой эле ишке ашырууга Кыргыз Республикасы катышкан
мамлекеттер аралык максаттуу программаларды түзүү жана жүзөгө ашыруу
боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- салык салуу жана чет өлкөлөрдүн салык органдары менен өз ара
аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишим-
деринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат, аларды түзүү боюнча белги-
ленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мындай келишимдерди түзүү жө-
нүндө сунуштарды берет, алардын аткарылышын камсыздайт;
- салык салуу жана Шериктеш өлкөлөрдүн салык органдары менен өз
ара аракеттенүү маселелери боюнча КМШга катышуучу мамлекеттерди интег-
рациялоонун мамлекеттер аралык органдарынын иштерине катышат;
- СЖМКнын компетенциясынын чектеринде эл аралык конференцияларда,
семинарларда, эл аралык финансы институттар жана чет өлкөлүк инвестор-
лор менен сүйлөшүүлөрдө жана консультацияларда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы катары катышат;
- эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларда каралган чектерде
чет мамлекеттердин салык жана башка компетенттүү органдары менен кыз-
матташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына киргизилген түзөтүүлөр
долбоорлоруна эксперттик баалоо жүргүзүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары тарабынан да-
ярдалган өкмөттөр аралык экономикалык макулдашуулардын долбоорлоруна өз
компетенциясынын чектеринде эксперттик баа берүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын салык органдарынын бирдиктүү автоматташ-
тырылган маалыматтык системасын түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү
камсыздайт;
- СЖМКнын системасында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну ишке
ашырат, квалификациялык кадрларга керектөөнү аныктайт, адистерди даяр-
доону уюштурат, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу
боюнча иштерди жүргүзөт;
- өз ишмердигин жүргүзүүдө салык органдарынын кызмат адамдары мый-
замдуулукту сакташына контроль жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында белгиленген талаптардын салык кызматкерлери тарабынан бузуу
фактыларынын алдын алуу жана четтетүү боюнча профилактикалык иштерди
жүргүзөт;
- укук коргоо органдарынын, ошондой эле мыйзам чыгаруу жана атка-
руу бийлигинин жогору турган органдарынын демилгеси боюнча түзүлгөн ко-
миссиялардын жана жумушчу топтордун ишине салыктык эксперт катары каты-
шат;
- Кыргыз Республикасында салык кызматын өнүктүрүү боюнча иш-чара-
ларды каржылоону ишке ашырат, СЖМКнын Өнүктүрүү жана материалдык колдоо
фондун белгиленген тартипте башкарат жана тескейт;
- салык органдарынын кызматкерлеринин арасында дене тарбия менен
спортту өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин, анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин укуктук жана
социалдык коргоо чараларын ишке ашырууга көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 592, 2009-жылдын
24-январындагы № 47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. СЖМКнын региондор аралык башкармалыктары жана ири салык төлөө-
чүлөрдү контролдоо, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча башкармалыктары жо-
гору турган органдардын компетенциясына кирүүчү маселелерди кошпогондо,
ушул Жобонун 7-пунктунда каралган функцияларды аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N
592 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгы, Бишкек
жана Ош шаарлары, юридикалык жак болуп эсептелген райондук бөлүнүүсүз
райондор жана шаарлар боюнча төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарышат:
- салыктарды жана бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чогултууну, салык
мыйзамдарынын сакталышын контролдоону ишке ашырат;
- салык органдарында юридикалык жактарды, алардын филиалдарын жана
өкүлчүлүктөрүн жана жеке жактарды мамлекеттик каттоону ишке ашырууну,
кайра каттоо жана каттоону токтотуу боюнча иштерди Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурат жана контролдойт;
- мекемелер жана уюмдар тарабынан мамлекеттик пошлина төлөөгө жана
башка салыктык эмес төлөмдөргө алынган акча каражаттарын алуунун туура-
лыгына жана сакталышын камсыздоого контролдукту, ошондой эле жергилик-
түү бийлик органдары (айыл өкмөттөрү, жергиликтүү кењештер жана башка-
лар) салыктарды жана төлөмдөрдү төлөө эсебине калктан акча каражаттарын
алууда белгиленген тартиптерди сакташын контролдоону ишке ашырат;
- юридикалык жана жеке жактарды, ошондой эле юридикалык жак түз-
бөстөн ишкердик жүргүзгөн жарандарды, аларга бирдиктүү идентификациялык
салык номерин ыйгаруу менен өз учурунда жана толук салыктык эсепке
алууну, ошондой эле чарбакер субъекттерди жоюу жол-жобосун каттоону
камсыз кылат;
- салык төлөөчүлөр тарабынан бухгалтердик отчетторду жана баланс-
тарды, салыктык эсептөөлөрдү, бюджетке төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу
отчетторду, декларацияларды жана башка документтерди өз учурунда бери-
шин контролдойт, ошондой эле түшкөн пайданы, кирешени жана салык салуу
объекттерин аныктоонун, салыктарды жана бюджетке башка төлөмдөрдү эсеп-
төөнүн туура экендиги жагынан ушул документтердин аныктыгын текшерет;
- өзүнүн контролдоо иштерин жергиликтүү бийлик органдары, укук
коргоо, финансы жана башка контролдоочу органдар менен тыгыз карым-кат-
нашта жүргүзөт;
- үчүнчү жактардан салык төлөөчүгө эсептелген суммаларды өндүрүүнү
жана алып коюуну, ошондой эле чет өлкөлүк валютаны алып коюуну ишке
ашырат;
- бюджетке милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган финансылык санкцияларды, проценттерди жана үс-
төктөрдү ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адам-
дары жана жарандар тарабынан жол берилген ушундай тартип бузуулар үчүн
администрациялык айыптарды өз учурунда өндүрүүнүн жана аны колдонуунун
тууралыгын камсыз кылат;
- юридикалык жана жеке жактардан, республиканын финансы органдары-
нан, банк мекемелеринен, ошондой эле жарандардан бюджетке же бюджеттен
тышкаркы фонддорго төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдүн жана иш жүзүндө
түшкөн салыктардын суммасын, ошондой эле финансылык санкциялар менен
администрациялык айыптардын суммасын алар жүргүзгөн оперативдик-бухгал-
тердик эсептин (ар бир төлөөчү жана төлөмдөрдүн түрү боюнча) негизинде
документтерди алат;
- салык төлөөчүлөргө эсептелген салыктардын суммасы, салыктар бо-
юнча карыздарды төлөө жөнүндө, ошондой эле үчүнчү жактардан салык тө-
лөөчүгө эсептелген суммаларды өндүрүү жана алуу жөнүндө билдирүүлөрдү
жиберет;
- жогору турган мамлекеттик салык органдарында белгиленген отчет-
торду түзөт, талдайт жана берет;
- "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-касса-
лык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
сакталышына, товарлардын жана акча каражаттардын жүгүртүлүшүн толук
эсепке алуу максатында рейддик салыктык контролдоо жана салык постторун
коюу, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген контрол-
дук-кассалык машиналарды каттоо жана тиешелүү салык органында эсепке
коюу боюнча иштерди жүргүзөт;
- салыктардын башка түрлөрү боюнча салык төлөөчүнүн милдеттеринин
эсебине төлөнгөн салыктын ашып кеткен суммасын киргизет, салык
төлөөчүнүн макулдугу менен акча каражаттарынын суммасынын калган бардык
бөлүгүн алдыдагы төлөмдөр боюнча салык төлөөчүнүн милдеттеринин эсебине
кошот;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учеттук ставкасы боюнча процен-
ттерди эсептөө менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктар боюнча ашыкча тө-
лөө суммасына салык төлөөчүгө корутунду жазып берет;
- белгиленген тартипте иш кагаздарын, түшүүчү корреспонденциялар-
дын жана катуу отчеттуулуктагы документтердин бланктарын эсепке алууну
жүргүзөт;
- чарбакер субъекттерге, ошондой эле банктарга ошол банктардагы
ачык алыш-бериш, валюталык жана башка эсептер жөнүндө, ошол эсептер бо-
юнча операциялардын чагылдырылышы жөнүндө маалыматтарды толук жана өз
учурунда берүү үчүн контролдукту ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- салык салуу маселелери боюнча жарандардын, ишканалардын, мекеме-
лердин жана уюмдардын арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын, мамле-
кеттик салык органдарынын кызмат адамдарынын иштерине даттанууларды ка-
райт;
- мамлекеттик салык органдарынын кызмат адамдары иште кетирген
тартип бузуулар үчүн, эгерде мындай тартип бузууларга кылмыш жоопкерчи-
лиги каралбаса, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дис-
циплинардык жоопкерчиликке тартат;
- жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо, финансылык жана башка
контролдоочу органдар менен тыгыз карым-катнашта өздөрүнүн контролдоо
иштерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды
ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 592, 2009-жылдын
24-январындагы № 47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин укуктары
10. СЖМК төмөнкүлөргө укуктуу:
- салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы-
на, бюджетке өз учурунда жана толук түшүшүнө контролдук жүргүзүүгө;
- ведомстволук подразделениелер салык органдарынын компетенциясына
кирген маселелер боюнча ишти координациялоого жана контролдоого, алар-
дан зарыл маалымат алууга;
- салыктык саясат маселелери боюнча нормативдик укуктук актыларды
иштеп чыгууга;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык
ведомстволордон, мамлекеттик комиссиялардан, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардан жана башка аткаруу бийлик органдарынан, уюмдардан
жана мекемелерден өздөрүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл маалымат-
тарды суроого жана алууга;
- салыктык милдеттенмелердин келип чыгышы, аларды аткаруу жана
токтотуу боюнча түшүндүрүүлөрдү жана комментарийлерди берүүгө;
- салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча кењешмелерди жана
семинарларды өткөрүүгө;
- ревизияларда жана текшерүүлөрдө аныкталган кем чыгуулар, жетпей
калуулар, уурдоолор жана кыянаттык менен пайдалануулар жөнүндө матери-
алдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузууларга
күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле
мамлекеттик башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө;
- анын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча приказдарды, мето-
дикалык жана нускамалык көрсөтмөлөрдү өз алдынча же башка мамлекеттик
башкаруу органдары менен бирдикте чыгарууга;
- белгиленген тартипте журналдарды жана башка басма сөз басылмала-
рын чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген консультация-
лык, жарнамалык-басмалык, үйрөтүүчү жана башка иштердин түрүн жүргүзүү-
гө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, кызмат
көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууга, тендерлерди өткөрүүгө;
- салык мыйзамдарын колдонуу боюнча нускамаларды, жоболорду, эре-
желерди жана башка ведомстволук ички нормативдик-укуктук актыларды бел-
гиленген тартипте иштеп чыгууга жана кабыл алууга, алардын аткарылышын
контролдоого;
- СЖМКнын кызматкерлерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун
түзүүгө жана пайдаланууга;
- зарыл маалыматтык-презентациялык материалдардын, видеофильмдер-
дин, картографиялык иштердин жана маалымдама адабияттардын, илимий
изилдөө иштеп чыгууларынын заказчысы катары чыгууга;
- СЖМКнын органдарынын ишмердиги жөнүндө маалыматты коомчулук үчүн
ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого;
- милдеттүү түрдө жарандарды жеке жана коллективдүү кабыл алууну
уюштуруу, алардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароону камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана жергиликтүү кењеш-
тердин депутаттарынын оозеки жана жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын,
чарбакер субъекттердин кайрылууларын колдонуудагы мыйзамдардын чегинде
жана мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө кароону камсыздоого;
- СЖМКнын архивдик документтерин комплектилөө, сактоо, эсепке алуу
жана пайдалануу боюнча ишти уюштурууга;
- документтерди жана иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү камсыздоого;
- жеке, коммерциялык жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын
сакталышын өз компетенциясынын чегинде камсыздоого;
- СЖМКнын мамлекеттик кызматчыларын кесиптик даярдоо, квалификаци-
ясын жогорулатуу жана стажировкалоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди
жүргүзүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 592, 2009-жылдын
24-январындагы № 47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. СЖМКнын штаттык кызматчылары форма кийим кийип жүрүүгө укук-
туу.
12. СЖМК жана ага ведомстволук таандык бардык дењгээлдердеги бө-
лүмдөр төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргү-
зүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу бо-
юнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына текшерүүлөрдү
жүргүзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын салык мыйзам-
дарын сакташы, салыктык каттоосу болушу, кирешелерди эсепке алышы, ке-
ректүү бухгалтердик жана салыктык документтери бар экенин, маркаланчу
акциздик товарларга акциздик маркалар колдонулаарын жана анын тууралыгы
маселелери боюнча салыктык текшерүүлөрдү жана рейддик салык контролун
жүргүзүүгө;
- министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ве-
домстволордо, аткаруу бийлигинин башка органдарында, жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарында, менчигинин формасына жана ведомстволук ти-
ешесине карабастан мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда, анын ичинде
өзгөчө режимдеги мекемелерде жана уюмдарда, биргелешкен жана чет өлкө-
лүк ишканаларда, банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарында, чет өлкөлүк жарандарда
жана жарандыгы жок адамдарда салыктардын, бюджетке же бюджеттен тышкары
бөлөк фонддорго башка төлөмдөрдүн эсептелишине жана төлөнүшүнө байла-
ныштуу документтерин, бухгалтердик китептерин, отчетторун, пландарын,
сметаларын, декларацияларын жана башка документтерин текшерүүгө, ошон-
дой эле керектүү түшүндүрмөлөрдү алууга;
- мекемелерди жана уюмдарды мамлекеттик пошлина төлөөдө алынган
акча каражаттарды алуунун тууралыгы жана сакталышын камсыздоо маселеси
боюнча текшерүүгө, жергиликтүү бийлик органдарын (айыл өкмөтү, жерги-
ликтүү кењештер ж.б.) калктан салыктарды жана төлөмдөрдү төлөөнүн эсе-
бине алынган акча каражаттарды кабыл алууда аныкталган талаптарды сак-
тоо маселеси боюнча текшерүүгө;
- текшерилчү субъектилердин (юридикалык жактардын жана жеке адам-
дардын) жетекчилерине жана башка кызмат адамдарына салык жөнүндө мый-
замдардын жана салыктар жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдүн анык-
талган бузулушун жоюу жөнүндө милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө, алардын
аткарылышын контролдоого;
- кат жүзүндөгү негиздүү билдирүү жиберип, юридикалык жактардан
жана жеке адамдардан жасалган экономикалык бүтүмдөр жөнүндө маалымат
берүүнү, маселени түшүндүрүү үчүн салык органдары турган жерге келүүнү,
билдирүүдө көрсөтүлгөн документтерди же башка маалыматтарды берүүнү та-
лап кылууга;
- СЖМКнын кызмат адамы салыктык контроль, рейддик салыктык конт-
роль жүргүзүүдө жана салык постун белгилөөдө жазуу жүзүндөгү ыйгарым
укуктарынын негизинде, иш жүзүндөгү маалыматтар салык төлөөчү берген
документтик маалыматтарга ылайыктыгын аныктоо үчүн аймактарды, жайларды
жана салык салынчу объекттерди изилдөө максатында ишкердик жүргүзүүгө
пайдаланылган аймакка же жайга кирүүгө укуктуу;
- салык салуу предметине тиешелүү документтерди алууга, ошондой
эле көчүрмөсүн жасатууга;
- эсептөөчү түзүлүштөрдү он күндүн ичинде орнотуу жөнүндө көрсөтмө
берүүгө жана алардын көрсөтмөлөрүн текшерүүгө;
- документтерди жана башка предметтерди мөөр коюп бекитүүгө;
- салык мыйзамдары чөйрөсүндө администрациялык укук бузуу аныктал-
ган учурда товарларды жана материалдык баалуулуктарды убактылуу алып
коюуга, алардын наркы мыйзамда каралган администрациялык айыптын сумма-
сынан ашык болбоого тийиш;
- банктардан жана башка финансылык-кредиттик мекемелерден салык
төлөөчүлөрдүн алыш-бериш, ссудалык, валюталык жана башка эсептери ачыл-
ганы, өзгөртүлгөнү, жабылганы, тийиштүү убакыттын ичинде коммерциялык
жана башка эсептер менен болгон операциялар бар экени жөнүндө маалымат-
ты, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн эсептеринде Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык каражаттардын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат-
ты суроого жана алууга;
- банктарда же финансылык-кредиттик мекемелерде салык төлөөчүлөр-
дүн коммерциялык же башка эсептери менен жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жат-
кан операцияларга аудит жүргүзүүгө, алардын эсептеринде каражат бар же
жок экендигин, ошондой эле проценттердин төлөнүшүн текшерүүгө;
- салык төлөөчү салыктык декларацияда көрсөткөн салыкты төлөнүүгө
тийиш болгон суммада салууга, негиздүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана
салык төлөөчүгө салыктын салынган суммасына киргизилген өзгөртүүлөр жө-
нүндө билдирүү жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган учурларда жана
тартипте баалоонун кыйыр методдорунун негизинде салык төлөөчүнүн салык-
тык милдеттенмесин аныктоого;
- салык төлөөчүдөн салыкты бөлүп-бөлүп төлөөнүн графигин тапшыруу-
ну же салыктын төлөнүшүн камсыздоочу башка чара көрүүнү талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде көрсөтүлгөн башка финан-
сылык санкцияларды колдонууга;
- бюджетке бересеси бар салык төлөөчүнүн, ошондой эле салык төлөө-
чүгө бересеси бар үчүнчү жактардын банктык, анын ичинде валюталык эсеп-
терине төлөмдүк талаптарды коюуга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин, башкармалыктардын, инспекция-
лардын, бөлүмдөрдүн жана ишканалардын кызмат адамдарына, ошондой эле
жарандарга салык мыйзамдарын бузгандыгы аныкталганы боюнча администра-
циялык айыптарды салууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди
жүргүзүүгө.
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына баш ийбөөгө;
- салык төлөөчүлөрдү каттоочу органдарга Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жөнүндө кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча
сотторго доолорду, анын ичинде уюмду жоюу жөнүндө дооматтарды берүүгө;
- салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар эмес эксперттерди ата-
йын билимди жана көндүмдү талап кылган айрым маселелер боюнча изилдөө
жүргүзүү жана консультация алуу үчүн ишке тартууга;
- башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдарынан салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмени
эсептөөгө байланышкан маалыматтарды суроого жана алууга;
- салыктык контракт түзүүгө;
- депозиттик эсепте турган каражаттарды салык төлөөчүнүн депозитин
кабыл алган салыктык кызмат органынын чечиминде каралган шарттарда жана
мөөнөттөрдө тескөөгө;
- эркин экономикалык зоналардын субъекттерине жана атайын каражат-
тарды түзүүчү бюджеттик мекемелерге жана уюмдарга салык салуу маселеси
боюнча салыктык контроль жүргүзүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 592, 2009-жылдын
24-январындагы № 47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
V. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин милдеттери жана жоопкерчилиги
13. СЖМКнын бардык дењгээлдердеги органдарынын укуктары, милдетте-
ри жана жоопкерчиликтери, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттеринин
үстүнөн даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, "Мам-
лекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз
Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
14. СЖМКнын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, юридикалык жактардын жана
жеке адамдардын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын
катуу сактоого, ошондой эле конкреттүү салык төлөөчү жөнүндө кызматтык
милдеттерин аткаруу учурунда алынган маалыматты кызматтык максатта гана
пайдаланууга, салык төлөөчү жөнүндө мыйзамда аныкталган салыктык сырды
сактоого.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
15. СЖМКнын кызмат адамдары чарбакер субъектилерге текшерүүлөрдү,
контролдук изилдөөлөрдү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү;
- инспектордук текшерүүлөр китебине белги коюуга;
- бардык учурларда чарбакер субъектиге текшерүү жүргүзүлгөнү
жөнүндө акт түзүүгө, анын бир нускасы текшерилген субъектиде калтыры-
лат, экинчиси көрсөтмө берген органда сакталат.
16. СЖМК бюджеттик-финансылык саясатты талдоо жана иштеп чыгуу
үчүн керектүү отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мыйзамда белгиленген салыктык
сыр сакталуучу шартта өз убагында берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
17. СЖМК жана анын ведомстволук подразделениелери салык органынын
кызмат адамы салыкты эсептегенине же башка чечимине канааттанбаган са-
лык төлөөчүлөрдүн жазуу жүзүндөгү даттанууларын кароого жана алар боюн-
ча чечим чыгарууга жана өзүнүн чечими жөнүндө себебин көрсөтүп жазуу
жүзүндөгү билдирүү менен кабарлоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N
592 токтомунун редакциясына ылайык)
18. СЖМКнын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарбаганы же тийиштүү
түрдө аткарбаганы, салык төлөөчү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында белгиленген салыктык сырды сактабаганы үчүн Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык, мүлктүк жана
кылмыштык жазага тартылышат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
19. Салык органдары жана алардын кызматкерлери өз милдеттерин тий-
иштүү түрдө аткарбагандыктан салык төлөөчүгө келтирилген тике зыяндар
(алынбай калган пайда дагы кошо камтылган чыгымдар) Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында аныкталган тартипте орду толтурулууга тийиш.
19-1. Салыктык милдеттенме аткарылгандык фактысын ырастачу доку-
менттердин 6 жыл бою сакталышын камсыздоого.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомунун редакция-
сына ылайык)
VI. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин ишинин уюштурулушу
20. СЖМКны төрага башкарат, ал кызматка Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти та-
рабынан дайындалат жана бошотулат.
21. СЖМКнын төрагасынын статс-катчысы жана үч орун басары болот.
Статс-катчы кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жа-
на СЖМКнын төрагасынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
СЖМКнын төрагасынын орун басарлары кызматка СЖМКнын төрагасынын
сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайын-
далышат жана бошотулушат.
СЖМКнын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо, Бишкек жана Ош шаарлары
боюнча башкармалыктарынын начальниктери, региондор аралык башкармалык-
тар жана СЖМКнын райондор, шаарлар жана шаарлардагы райондор боюнча
башкармалыктарынын начальниктери, алардын орун басарлары, ошондой эле
СЖМКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери кызматка СЖМКнын төрагасы
тарабынан дайындалышат жана бошотулушат.
СЖМКнын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо, региондор аралык баш-
кармалыктардын бөлүм (сектор) начальниктери жана Бишкек, Ош шаарлары,
райондор жана районго бөлүнбөгөн шаарлар боюнча башкармалыктарындагы
кызматка СЖМКнын облустар, Бишкек, Ош шаарлары, райондор жана районго
бөлүнбөгөн шаарлар боюнча башкармалыктарынын начальниктеринин сунуштары
боюнча СЖМКнын төрагасы тарабынан дайындалышат жана бошотулушат.
СЖМКнын: Бишкек, Ош шаарлары, райондор жана районго бөлүнбөгөн
шаарлар боюнча башкармалыктарынын кызматкерлери жана региондор аралык
башкармалыктар кызматка салык органдарынын жетекчилери тарабынан түздөн
түз дайындалышат жана бошотулушат.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 592, 2009-жылдын
24-январындагы № 47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. СЖМКнын төрагасы:
- СЖМКнын жана ведомствого жана аймактык подразделениелерге таан-
дык салык органдарынын ишин жетектейт, СЖМКга жүктөлгөн маселелердин
жана милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- СЖМКнын атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мам-
лекеттик органдары менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыздайт;
- төраганын орун басарларынын арасында функциялык милдеттерди
бөлүштүрөт;
- СЖМКнын компетенциясынын чегинде приказдарды жана буйруктарды
чыгарат;
- башкармалыктар (бөлүмдөр) жөнүндө жоболорду, борбордук аппарат-
тын штатын, ведомствого жана аймактык подразделениелерге таандык салык
органдарынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- СЖМКнын борбордук аппаратынын ведомстволук жана аймактык подраз-
делениелеринин түзүмүнө жана штаттык санына өзгөртүү киргизет, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү белгилеген чектерде санын кайра бөлүштүрөт;
- СЖМКнын контролдоочу жана уюштуруучу ишинин негизги жана айрым
иш-чараларынын пландарын бекитет;
- салыктык декларациялардын, отчеттордун, эсептөөлөрдүн жана са-
лыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдүн эсептелишине жана
төлөнүшүнө байланыштуу документтердин формаларын, ведомствого жана ай-
мактык подразделениелер таандык органдарынын өздөрүнүн функцияларын ат-
каруу боюнча жүргүзүшкөн иштер жөнүндө отчеттордун формаларын бекитет,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте
нускамалык, методикалык жана салык мыйзамдарын колдонуу боюнча башка
документтерди чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык органдарынын
системасынын атайын кызматкерлерине атайын улук наамдарды жана борбор-
дук аппараттын кызматкерлерине наамдарды ыйгарат;
- кадрларды тандайт жана жайгаштырат, адистерди даярдоону жана
кайрадан даярдоону, алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- эмгек тартиби сакталышын контролдойт жана эмгек шарттарын андан
ары жакшыртуу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыздайт;
- зарыл учурда башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын башка ат-
каруу бийлик органдарынын жетекчилери менен бирдикте приказдарды жана
нускамаларды чыгарат;
- аныкталган тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана
СЖМКнын кызматкерлерин сыйлайт;
- биринчи кол укугу менен кредиттердин башкы бөлүштүрүүчүсү болот.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N
592 токтомунун редакциясына ылайык)
23. СЖМКнын төрагасынын орун басарлары жана статс-катчысы өз-
дөрүнүн компетенциясына берилген маселелер боюнча өз алдынча чечим ка-
был алышат.
VII. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясы
24. СЖМКда курамына СЖМКнын төрагасы (коллегиянын төрагасы),
статс-катчы, төраганын орун басарлары, негизги башкармалыктардын жетек-
чилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү кирген 9 кишиден
турган коллегия түзүлөт.
25. СЖМКнын коллегиясы өз жыйындарында бюджетке салыктарды жана
башка милдеттүү жыйымдарды жыйноо ишин уюштуруу маселесин, ведомствого
таандык салык органдарында мыйзамдын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыкта-
рын карайт, СЖМКнын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн начальниктери-
нин, ведомствого жана аймактык подразделениелерге таандык жетекчилери-
нин отчетторун угат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N
592 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Коллегиянын чечимдери коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын до-
буштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынып, токтом түрүндө тариз-
делет жана коллегиянын төрагасынын буйруктары менен ишке ашырылат. До-
буштар коллегия мүчөлөрүнүн арасында тењ экиге бөлүнүп калган учурда
төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
27. СЖМКнын коллегиясынын жыйынын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тар-
тиби Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитүүчү Коллегия жөнүндө
жобо менен жөнгө салынат.
VIII. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлерин
укуктук жана социалдык коргоо
28. СЖМКнын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо "Кыргыз
Республикасындагы мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары
менен жөнгө салынат.
СЖМКнын кызматкерлери мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсепте-
лишет жана анын коргоосунда болушат.
СЖМКнын кызматкерлеринин кол тийгистиги, бедели жана абийири мый-
зам менен корголот.
СЖМКнын кызматкерлерин социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
29. СЖМКнын кызматкерлери республикалык бюджеттин эсебинен мил-
деттүү камсыздандырылууга тийиш. СЖМКнын кызматкери кызматтык ишин ат-
карууга байланыштуу курман болгон учурда анын үй-бүлөсүнө же багуусун-
дагыларга камсыздандыруу суммасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан бир жолку посо-
бие төлөнөт жана ал сумма кийин күнөөлүү адамдардан төлөтүлөт. СЖМКнын
кызматкерине денесине майыптыкка дуушарланткан зыян келтирилгенде мый-
замда аныкталган өлчөмдөрдө бир жолку пособие төлөнөт.
СЖМКнын кызматкеринин (же анын жакын туугандарынын) мүлкүнө анын
кызматтык ишине байланыштуу келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык орду толтурулат.
IX. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин атайын наамдарын
сактоонун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби
30. Салык органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдарын сактоо-
нун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби, ошондой эле атайын наам-
дарды алуу үчүн коюлчу талаптар тийиштүү мыйзамдар жана жоболор менен
аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №87 " Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2007 · № 87
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик…Постановление · 24.01.2009 · № 47
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- О применении контрольно-кассовых машин при осуществлении денежных расчетов с населениемЗакон · 12.01.1994 · № 1397-XII · Күчүн жоготкон