Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 17-апрели № 235
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Төрөбаев
Б.Э., Жээнбеков А.Ш., Кыдыров Д.Ш., Абдырасаков Б.Т., Шадиев А.А., Ку-
накунов М.К. жана Турсунбаев А.А. демилге кылышкан "Кыргыз Республика-
сынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 17-апрелиндеги
№ 235 токтому менен
жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
Төрөбаев Б.Э., Жээнбеков А.Ш., Кыдыров Д.Ш.,
Абдырасаков Б.Т., Шадиев А.А., Кунакунов М.К. жана
Турсунбаев А.А. демилге кылышкан "Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын754 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын тобу демилге кылышкан
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөр-
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралудү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорун карап чы-
гып төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 2-пунктунун
3-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү финансылык, баа, та-
рифтик, инвестициялык жана салыктык саясаттарды жүргүзүүнү камсыз кы-
лат.
Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кењештин засе-
даниесинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тап-
шырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2009-жылдын 30-октяб-
рына чейинки мөөнөттө жиктелген ыкма жана тиешелүү төмөндөтүүчү коэффи-
циенттер менен кыймылсыз мүлккө салыктарды эсептөө жана төлөө механизм-
дерин өзгөртүүнү караган Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөр-
түүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу тапшырылган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы №
84 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мый-
замы менен 2009-жылы кыймылсыз мүлккө салыктын колдонулушуна мораторий
киргизүү каралган.
Азыркы учурда чарбакер субъекттердин, ишкерлердин жана мекемелер-
дин көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жањы
Салык кодексинин айрым жоболорунун натыйжалуулуктарын иликтөө жана баа-
лоо максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын
31-январындагы № 43 буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүл-
гөн, алар маселелерди тиешелүү түрдө иштеп чыгууну жүргүзүшүүдө.
Сунушталган мыйзам долбоорунда ошондой эле автосервис ишканалары
үчүн мүлккө салыктын К3 тармактык коэффициентинин маанисин 0,3 өлчөмүн-
дө белгилөө каралган.
Бирок автосервис ишканалары (техникалык тейлөө станциясы, автомо-
биль жуучу жай, вулканизация ж.у.с.) автомобилге май куюучу станциялар-
дан тармактык таандыктыгы боюнча бөлүнгөн жана аларга өнөр жай ишкана-
ларынын мүлкүнө салыкка КЗ тармактык (функционалдык) коэффициенти те-
њештирилген учурда, бул мүлккө салыкты башкарууда татаалдыкка алып ке-
лиши мүмкүн. Анткени практикада автосервис ишканалары негизинен автомо-
билге май куюучу ишканалар менен бир комплексте иштешет.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу аталган мыйзам долбоорун ка-
был алуу эртерээк деп эсептейбиз жана сунушталган Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2009-жылдын 31 -январындагы № 43 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор
аралык комиссияга жиберүү максатка ылайыктуу деп ойлойбуз, анткени
азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболору жалпысы-
нан кайра иштеп чыгууну талап кылууда.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 21-январындагы № 43 (Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорун изилдөө жана натыйжалуулугун баалоо максатында ведомстволор…Распоряжение · 31.01.2009 · № 43 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 27.03.2009 · № 84 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон