Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 24-декабры № 712
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Айыл чарба багытындагы
жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Күрөө
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана
банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
долбоорлору жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жерлердин ипотекасын өнүктүрүү жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кењештин
2008-жылдын 20-июнундагы чечимин ишке ашыруу максатында Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толук-
тоолорду киргизүү жөнүндө", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү тууралуу", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы банк-
тар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору
жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү бо-
лууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөр-
түүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статьяда:
- 1-пункттун биринчи абзацы "жол берилбейт" деген сөздөрдөн кийин
", эгер ушул статья менен башкача каралбаса" деген сөздөр менен толук-
талсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Чет өлкөлүк юридикалык жактар (чет өлкөлүк банктар жана адис-
тештирилген финансы-кредиттик мекемелер) тиешелүү жарандык-укуктук бү-
түмдөрдө (келишимдерде) каралган негиздер боюнча ушул жер участоктору
аларга өткөн учурларда айыл чарба багытындагы жер участокторуна менчик
укугуна ээ болушу мүмкүн.
Мында ушул пункттун биринчи абзацында каралган негиздер боюнча
айыл чарба багытындагы жер участогуна менчик укугу өткөн чет өлкөлүк
банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер бир жылдын
ичинде ушул жер участогун Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юри-
дикалык жактарына ажыратып берүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча айыл чарба багытындагы жер
участокторуна менчик укугун алышкан чет өлкөлүк банктар жана адистешти-
рилген финансы-кредиттик мекемелер аны бир жылдын ичинде ажыратып бер-
беген учурда Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 283-статьясына
ылайык мажбурлап ажыратып берүү ишке ашырылат.".
2. 29-статьянын 1-пунктунда "нарктык баасы (нормативдик баасы)"
деген сөздөр "рыноктук наркы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 111-статьянын 2-пунктундагы "жер участокторун соодада сатууда
алардын старттык баасын," деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2001-ж., 17-январь, № 4) тө-
мөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жерге менчик укугу-
на мамлекет, Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары ээ.".
2. 7-статьянын биринчи бөлүгүндө:
- экинчи абзац "жана мамлекеттерге" деген сөздөрдөн кийин ", Кыр-
гыз Республикасынын Жер кодексинде каралгандан башка учурларда" деген
сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзац алып салынсын;
- бешинчи абзац "жарандыгы жок" деген сөздөрдөн кийин ", универ-
салдуу укук улантуучулук жолу менен менчик укугунун пайда болуусун кош-
погондо" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуучулар
мамлекет, Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык
жактары болушу мүмкүн.".
4. 22-статья "жарандарынын" деген сөздөн кийин "жана юридикалык
жактардын" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 23-статьяда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия
алган айыл чарба каржы уюмдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынан лицензия же күбөлүк алган финансылык-кредиттик уюмдар-
га, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарына жооп берген
жактарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 24-статьяда "айыл чарба каржы уюмдары" деген сөздөр "финан-
сы-кредиттик мекемелер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 25-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Аларга болгон менчик укугу чет өлкөлүк юридикалык жак-
тарга (чет өлкөлүк банктарга жана адистештирилген финансы-кредиттик
уюмдарга) өткөн жер үлүштөрү же айыл чарба багытындагы участоктор ушул
Мыйзамдын 17-статьясында көрсөтүлгөн жактарга ачык аукциондук тоорук-
тарда сатылат.".
8. 26-статья күчүн жоготту деп табылсын.
9. 27-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-статья. Айыл чарба багытындагы жер участокторуна менчик укугу-
на ээ болушкан чет өлкөлүк юридикалык жактар (чет өлкөлүк банктар жана
адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер) Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө ушул
жер участокторун ажыратып берүүнү ишке ашырууга милдеттүү.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2005-жыл, № 6, 377-ст.) төмөн-
күдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
66-статьянын 1 жана 4-пункттарындагы "нормативдик" деген сөз "ры-
ноктук" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-
домосттору, 1997-жыл, № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
32-статьянын 3-пункту ", эгер мыйзамда башкача белгиленбесе" деген
сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-мартындагы № 1048-IV ""Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 13.03.2009 · № 1048-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-мартындагы № 1050-IV ""Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 13.03.2009 · № 1050-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-мартындагы № 1051-IV ""Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу"…Постановление · 13.03.2009 · № 1051-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1114-IV ""Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 10.04.2009 · № 1114-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1115-IV ""Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Постановление · 10.04.2009 · № 1115-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1116-IV ""Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 10.04.2009 · № 1116-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1117-IV ""Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 10.04.2009 · № 1117-IV
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
Шилтеме берет (5)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон