Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-ноябры № 627
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы № 333
"Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын
кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык,
кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун жана жер жайгаштыруунун бирдиктүү
мамлекеттик системасын натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, жер боюнча ма-
милелерди жана топографиялык-геодезиялык жана картографиялык жумуштарды
жөнгө салуу жагында бирдиктүү саясатты камсыздоо максатында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттагы "32" деген сандар "37" деген сандарга алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик-
тин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баян-
далсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик
жөнүндө жободо:
2-пунктта "региондор аралык борборлордон" деген сөздөр "Баткен зо-
налык борборунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
Жобонун III бөлүмүнүн 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар ме-
нен толукталсын:
"- кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтардын информациялык банкын,
анын ичинде жергиликтүү каттоо органдарынын архивдик жана статистикалык
маалыматтарын, ошондой эле мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалымат-
тарын компьютерлештирүү боюнча уюштуруу иштеринин негизинде бардык ка-
тегориялардагы жер ресурстары жөнүндө бардык маалыматтарды түзүү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле керектөөчүлөрдү кыймылсыз мүлк
рыногу жана жер кадастры жөнүндөгү маалыматтар менен камсыз кылуу;
- кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү боюнча кењири жарнама-маалымат-
тык компанияны уюштуруу;
- кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер маселелери боюнча талаш-тартыш
маселелерди кароого катышуу жана аларды жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бир-
дикте чечүү;
- сатылуучу жер участкаларына жана башка кыймылсыз мүлккө рынок
баалары, жердин укуктук режими жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган
маалыматтарды топтоо, классификациялоо жана жалпылоо, жердин менчик ээ-
лери, жер ээлери жана жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө
жергиликтүү каттоо органдарынын статистикалык отчет берүүсүнө контроль
жүргүзүү.".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-ноябрындагы
№ 527 токтомуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча
мамлекеттик агенттиктин башкаруу
СХЕМАСЫ
| Мамкаттоонун | Кыргыз Республикасынын | "Жерди жана кыймылсыз | |||
| коллегиясы | -- | Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз | -- | мүлктү каттоо" | |
| мүлккө болгон укукту каттоо | долбоорун ишке | ||||
| боюнча мамлекеттик агенттик | ашыруу бөлүмү | ||||
| Ведомстволук | түзүмдөр | ||||
| Мамлекеттик | "Кыргызгипрозем" жерге | Жердин пайдаланылышын | |||
| картография-геодезия | жайгаштыруу боюнча | жана корголушун | |||
| кызматы | мамлекеттик долбоорлоо | мамлекеттик контролдоо | |||
| (Мамкартография) | институту | боюнча жер инспекциясы | |||
| Аймактык түзүмдөр | |||||
| Жерге жайгаштыруу жана | Кыймылсыз мүлк | Жерге жайгаштыруу жана | |||
| кыймылсыз мүлккө | жана жер ресурстары | кыймылсыз мүлккө | |||
| укуктарды каттоо боюнча | боюнча Баткен | укуктарды каттоо | |||
| райондук жана шаардык | аймактык борбору | боюнча райондук жана | |||
| башкармалыктар | шаардык башкармалыктар |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133…Положение · 01.03.2006 · № 133
- " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө"токтомуПостановление · 01.03.2006 · № 133
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 17.11.2009 · № 708
Шилтеме берет (2)
- " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө"токтомуПостановление · 01.03.2006 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы № 333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу…Указ · 04.07.2007 · № 333 · Күчүн жоготкон