Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 26 января 2010 года УП №12 "О признании утратившим силу Указа Президента Кыргызской Республики "О концептуальных подходах к реорганизации системы административно-территориального устройства в Кыргызской Республике" от 4 июля 2007 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-01-26.
КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 4-июлу ПЖ №333 Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-июлундагы №295 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому Өлкөнү өнүктүрүү темпин тездетүү, калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы мамлекеттен аймактык башкаруу сапатын түп-тамырынан бери жакшыртуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишине социалдык багыт берүү боюнча чаралардын комплексин жүргүзүүнү талап кылууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жаңы башкаруу технологиясына ээ болуу, мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинен азыркы рыноктук экономиканын реалийлерине жана демократиялык кайра түзүүлөргө ылайык келбеген кайталоочулук элементтерди жоюу милдети биринчи орунга коюлуп жатат. Мамлекеттик башкаруунун негиздерин реформалоонун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары борбордоштурулган мамлекеттик башкаруу менен жергиликтүү өзалдынча башкарууну децентралдаштыруу ролун оптималдуу айкалыштыруу менен администрациялык-аймактык түзүлүш системасын реформалоо коюлуп жатат. Бир эле учурда мындай реформа салмактанган мамиле кылууну, бийликтин жолун жолдоочулугун камсыз кылууну, аймактарды башкаруунун бошоңдошуна жана башкаруу структураларын кайра уюштурууда функциялардын жоголуп кетишине жол бербөөнү талап кылат. Региондордун азыркы администрациялык чегаралары мындан ондогон жылдар мурда тарыхый жактан калыптанып калгандыгын, жергиликтүү жамааттардын салттарынын жана жашоо ыңгайларынын бирдейлигине негизделгендигин эске алуу керек. Ушуга негизденүү менен, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссиянын сунушун көңүлгө алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссиянын 2007-жылдан 2011-жылга чейин администрациялык-аймактык түзүлүш системасын реформалоону этап боюнча жүргүзүү жөнүндөгү сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык реформасын үч
этапта жүргүзүү максатка ылайыктуу деп табылсын:
- I этап - 2007-2008-жылдар - милдеттерди жана функцияларды кайра топтоштуруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ажыратуу, саясый функцияларды чарба жүргүзүү функцияларынан бөлүү жолу менен башкаруунун облустук түзүмдөрүнүн санын кыскартууну камтыган облустук деңгээлдеги администрациялык реформа;
- II этап - 2009-2010-жылдар - экономикалык райондоштуруу принциптерин жана жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн сактоону эсепке алуу менен айрым райондорду жана айрым айылдык кеңештердин аймактарын бириктирүүнүн негизинде администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүү аркылуу администрациялык реформа;
- III этап - 2010-2011-жылдар - милдеттерди жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн негизинде башкаруунун төрт деңгээлдик системасынан үч
деңгээлдик системасына өтүү менен Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү.
3. Реформалардын I этабын жүргүзүүнүн чегинде облустук мамлекеттик-администрация башчыларынын - губернаторлорунун ишинде төмөнкүлөр максатка ылайыктуу деп таанылсын жана негизги милдеттер жана функциялар катары аныкталсын:
- облустун аймагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана башкаруу органдарынын ишин координациялоого контролдук кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын аткарууга, облустун аймагында улуттук жана мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырууга контролдук кылуу;
- ведомстволук аймакта укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, ошондой эле мамлекеттик чегараны кайтаруу боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялоо жана контролдук кылуу;
- облустун экономикасына инвестицияларды тартуу, инвестициялык программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, эларалык жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттарын сакташына контролдук кылуу;
- жарандардын укуктарын коргоо, калктын даттануулары жана кайрылуулары менен иштөө.
4. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары - губернаторлор облустун аймагында, ал эми райондук мамлекеттик администрация башчылары - акимдер - райондордун аймагында мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча ишинин координациялоочу башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп санала тургандыгы белгиленсин.
Облустардын мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлор ведомстволук баш ийүүдөгү аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында, ал эми райондук мамлекеттик администрация башчылары - акимдер - облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын губернаторлорунун алдында жекече жоопкерчилик тартат.
5. Облустук деңгээлде төмөнкү органдардан тышкары мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын аймактык бөлүмдөрү жоюла тургандыгы белгиленсин:
а) министрликтерде:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
б) мамлекеттик комитеттерде:
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети;
в) администрациялык ведомстволордо:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы;
г) башка мамлекеттик органдарда:
Кыргыз Республикасынын сот органдары; Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
6. Облустук мамлекеттик администрация башчыларына - губернаторлорго, облустук деңгээлдеги башкаруу системасынын милдеттерин жана функцияларын тактоонун негизинде бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктын талаптарына ылайык облустук мамлекеттик администрациялардын аппаратынын түзүмү жана штаты боюнча сунушту иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү тапшырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- 2007-жылдын 15-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын облустук деңгээлинде жоюлган мамлекеттик органдардын тизмесин, ошондой эле ушул Жарлыктын 5-пунктуна ылайык мамлекеттик органдардын башкаруу схемасын жана жобосун эки айлык мөөнөттө даярдасын жана бекитсин;
- 2008-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүн жоюунун натыйжасында алынган финансылык каражаттарды үнөмдөөгө негизденүү менен мамлекеттик кызматчылардын, биринчи кезекте облустук жана райондук звенодогулардын эмгек акысын жогорулатуу маселесин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан мыйзам актыларынын долбоорун, анын ичинде "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- бюджеттер аралык мамиленин үч деңгээлдик системасын эске алуу менен "2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна эсептөөлөрдү жүргүзсүн, ошондой эле облустук мамлекеттик администрация башчыларынын - губернаторлордун резервдик фонддорун түзүүнү карасын;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте жоюлган мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн функцияларын кайра бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карасын жана өзүнүн чечими менен бекитсин;
- облустук мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлор менен бирдикте:
мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүн жоюунун натыйжасында бошогон кызматкерлерди мыйзамга ылайык ишке орноштуруу маселесин чечсин, зарыл болгон учурда аларды башка тармактарда иштетүү үчүн кайра окутууну уюштурсун; ушул Жарлыктын 3-пунктуна ылайык облустук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлерин жаңы милдеттерге жана функцияларга окутууну уюштурсун; облустук деңгээлде мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүн жоюунун натыйжасында бошогон имараттарды, кызматтык автотранспортту жана башка мүлктү өткөрүү-кабыл алууну уюштурсун жана бул мүлктөрдүн сакталышын камсыз кылсын; өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары - губернаторлору райондордун мамлекеттик администрация башчыларынын - акимдердин сунуштарынын негизинде облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, айылдардын, поселкалардын, шаарлардын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларынын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлгөн кайра түзүүлөрдүн натыйжасында алынган финансылык каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен 2008-жылдын 1-январынан тартып муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
9. Эки айлык мөөнөттө Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери функциялык талдоонун негизинде ошол шаарлардагы башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
10. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн оптималдаштыруу боюнча сунушту иштеп чыгуу боюнча комиссия администрациялык-аймактык реформанын II жана III этаптарын жүзөгө ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча ишти улантсын жана 2009-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча сунушту киргизсин.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-майындагы №273 "Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндөгү", 2006-жылдын 12-июнундагы №312 "Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын.
12. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
13. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Б. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 29 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (29)
- Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 14.08.2009 · № 530
- "Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын" Концепциясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-мартындагы № 171 токтому менен бекитилген)Концепция · 11.03.2009 · № 171
- (Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 22.07.2008 · № 285
- Программа действий Правительства Кыргызской Республики на 2008 год (утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 января 2008 года №14)Программа · 19.01.2007 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 467Распоряжение · 09.11.2007 · № 467
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-декабрындагы № 840-IV ""Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 19.12.2008 · № 840-IV
- Постановление Правительства КР от 15 января 2009 года №23 "Стратегия развития страны (2009-2011 годы)"Стратегия · 17.01.2009 · № 23
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133…Постановление · 13.11.2008 · № 627
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 14.12.2007 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик башкаруу органдарындагы функциялык талдоонун кезектеги этабынын жыйынтыктары жана Кыргыз…Постановление · 23.09.2008 · № 522 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-июлундагы № 295 " Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык- аймактык…Постановление · 27.07.2007 · № 295 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 4-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну…Постановление · 04.07.2008 · № 364 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №198 "Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 23.03.2012 · № 198 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик…Постановление · 10.04.2008 · № 139 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы N 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө"…Постановление · 18.10.2007 · № 472 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык…Постановление · 16.10.2007 · № 468 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын…Положение · 12.06.2006 · № 312 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү…Указ · 12.06.2006 · № 312 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 396 "2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин Орто…Указ · 22.10.2009 · № 396 · Күчүн жоготкон
29 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-майындагы №273 " Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 23.05.2006 · № 273 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-июлундагы № 295 " Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык- аймактык…Постановление · 27.07.2007 · № 295 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү…Указ · 12.06.2006 · № 312 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ №12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш…Указ · 26.01.2010 · № 12 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Распоряжение Премьер-министра КР от 22 июля 2008 года № 285 (Об утверждении структуры и штатной численности центрального аппарата Службы надзора и регулирования финансового рынка…Распоряжение · 22.07.2008 · № 285
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №204 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу…Постановление · 02.05.2008 · № 204
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 1-августундагы № 345 буйругуРаспоряжение · 01.08.2007 · № 345
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 30-декабрындагы № 523 (Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында функциялык анализдөөнүн…Распоряжение · 30.12.2007 · № 523
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон