Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
« Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 1-марты № 133
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча
мамлекеттик агенттик жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 26-сентябрындагы № 691,
2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы N
462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн
өркүндөтүү жөнүндө" Жарылыгын аткаруу үчүн жана кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоонун жана жер жайгаштыруунун бирдиктүү мамлекеттик система-
сын натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, жер боюнча мамилелерди жөнгө салуу
тармагында, ошондой эле топографиялык-геодезиялык жана картографиялык
жумуштарда бирдиктүү саясатты камсыздоо максатында Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө тиркелген жобо жана
анын башкаруу схемасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте 37 штаттык бирдиктен турган
борбордук аппарат (тейлөөчү персоналдан тышкары), статс-катчы, бир орун
басар жана директорду, статс-катчыны жана директордун бир орун басарын
кошо алганда 7 адамдан турган коллегия болсун.
Борбордук аппаратты кармоо республикалык бюджетте Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мам-
лекеттик агенттикти каржылоого каралган каражаттардан эмгек акы төлөө
фондунун чегинде ишке ашырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627 токтомунун редакци-
ясына ылайык)
3. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги N
183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-
ды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-майындагы N 315
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги N 183
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды
каттоо боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" токтому.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 1-мартындагы
№ 133 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча
мамлекеттик агенттиктин башкаруу
СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627 токтомунун
редакциясына ылайык)
| Мамкаттоонун | Кыргыз Республикасынын | "Жерди жана кыймылсыз | |||
| коллегиясы | -- | Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз | -- | мүлктү каттоо" | |
| мүлккө болгон укукту каттоо | долбоорун ишке | ||||
| боюнча мамлекеттик агенттик | ашыруу бөлүмү | ||||
| Ведомстволук | түзүмдөр | ||||
| Мамлекеттик | "Кыргызгипрозем" жерге | Жердин пайдаланылышын | |||
| картография-геодезия | жайгаштыруу боюнча | жана корголушун | |||
| кызматы | мамлекеттик долбоорлоо | мамлекеттик контролдоо | |||
| (Мамкартография) | институту | боюнча жер инспекциясы | |||
| Аймактык түзүмдөр | |||||
| Жерге жайгаштыруу жана | Кыймылсыз мүлк | Жерге жайгаштыруу жана | |||
| кыймылсыз мүлккө | жана жер ресурстары | кыймылсыз мүлккө | |||
| укуктарды каттоо боюнча | боюнча Баткен | укуктарды каттоо | |||
| райондук жана шаардык | аймактык борбору | боюнча райондук жана | |||
| башкармалыктар | шаардык башкармалыктар |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 17.11.2009 · № 708
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133…Положение · 01.03.2006 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-сентябрындагы №691 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.09.2006 · № 691
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133…Постановление · 13.11.2008 · № 627
- Постановление Правительства КР от 19 апреля 2001 года №183 "О Государственном агентстве по регистрации прав на недвижимое имущество при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 19.04.2001 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Положение о Государственном агентстве по регистрации прав на недвижимое имущество при Правительстве Кыргызской Республики(Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 19.04.2001 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 мая 2003 года №315 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 19 апреля 2001 года №183 «О Государственном…Постановление · 28.05.2003 · № 315 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.04.2009 · № 236 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133…Постановление · 13.11.2008 · № 627
- Постановление Правительства КР от 19 апреля 2001 года №183 "О Государственном агентстве по регистрации прав на недвижимое имущество при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 19.04.2001 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 мая 2003 года №315 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 19 апреля 2001 года №183 «О Государственном…Постановление · 28.05.2003 · № 315 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №515 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.08.2009 · № 515 · Күчүн жоготкон