Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-10-16.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 16-октябры N 580
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо
жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"
Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында 2008-2010-жылдарга карата
иш-чаралардын планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл-
дын 4-июлундагы № 364 токтомунун муниципалдык менчик объекттерине ин-
вентаризациялоо жүргүзүү, мамлекеттик объекттерди муниципалдык менчикке
кабыл алуу-өткөрүү жана муниципалдык менчик объекттерине укукту мамле-
кеттик каттоо процессин аяктоо жагында аткаруу максатында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүүнүн
тиркелген тартиби бекитилсин.
2. Райондук мамлекеттик администрациялар, облустук жана республи-
калык маанидеги шаарлардын мэриялары:
- муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү бо-
юнча тиешелүү комиссияларды жер жерлерде түзүшсүн жана 2009-жылдын
1-январына чейин муниципалдык менчикке берилген объекттерди инвентари-
зациялоону жүргүзүшсүн, аларды мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон до-
кументтерди даярдашсын;
- 2009-жылдын 15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине Муниципалдык мен-
чик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү тартибине тиркелген формага
ылайык муниципалдык менчик объекттерине жүргүзүлгөн инвентаризациялоо-
нун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды беришсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдары, кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоонун
аймактык органдары 2009-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө муниципал-
дык менчик объекттерине укуктарды каттоону аяктоо боюнча кечиктирилгис
чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рына төмөнкүлөр сунушталсын:
- муниципалдык менчикке берилген объекттерди инвентаризациялоо
жүргүзүүдө башка ыкмалар менен киргизилген жана алынган объекттерди ин-
вентаризациялоо боюнча кошумча иштерди жүргүзүү;
- муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу боюнча, аларды ижарага
берүү, сатуу бөлүгүндө чараларды көрүү;
- "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарлары-
нын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтому ме-
нен бекитилген Типтүү жобого ылайык муниципалдык менчик объекттеринин
жана мүлктөрдүн эсебин алуу, реестрин түзүү боюнча чараларды көрүү;
- 2009-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда муници-
палдык менчик объекттерине укукту каттоо менен байланышкан чыгымдарды
кароо.
5. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,
кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоонун аймактык органдары жана
эл аралык уюмдар менен бирдикте муниципалдык менчик объекттерине укукту
каттоого документтерди даярдоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын кызматчылары үчүн региондук семинарларды өткөрүү
сунушталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (ма-
кулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 2-майындагы № 55/12/27 «Баланска муниципалдык менчик объектилерди кабыл алуу жөнүндө” токтомуПостановление · 02.05.2018 · № 55/12/27
- Порядок проведения инвентаризации объектов муниципальной собственности (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 октября 2008 года № 580)Порядок · 16.10.2008 · № 580
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №193 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын,депутаттардын суроо-талаптарын жана кайрылууларын…Постановление · 26.03.2009 · № 193
- Кадамжай шаардык Кенешинин I чакырылышынын кезектеги VII-сессиясынын 2013-жылдын 29-мартындагы №7/3 "Кадамжай шаардык муниципалдык менчигин, инвентаризациялоо жонундо." токтомуПостановление · 29.04.2013 · № 7/3
- Алай райондук кенешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №16/3 "Гүлчө айылдык округунда Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын18- беренесинин…Постановление · 20.12.2011 · № 16/3
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнун 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө " токтомуПостановление · 08.10.2001 · № 608
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 4-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну…Постановление · 04.07.2008 · № 364 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Өмүралие айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-майындагы №75 "Өмүралиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги обьектисине тиешелүү жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип…Постановление · 23.05.2018 · № 75
- Улуттук стратегия Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү (Кыргыз Республикасынын…Стратегия · 17.02.2002 · № 381