Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын,депутаттардын суроо-талаптарын жана кайрылууларын аткаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 26-мартындагы №193 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын,депутаттардын суроо-талаптарын жана кайрылууларын аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын жана кайрылууларын аткаруу боюнча иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт. 2007-жылдын 27-декабрынан баштап 2009-жылдын 1-мартына чейинки убакытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткаруусуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 55 токтому жана 76 протоколдук тапшырма келип түшкөн. Алардын ичинен 19 токтом жана 15 протоколдук тапшырма аткарылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин контролдугунан алып салынган, 27 токтом жана 52 протоколдук тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү маалыматтар жөнөтүлгөн, 9 токтом жана 9 протоколдук тапшырма аткарылууда, алардын аткаруу мөөнөтү аяктай элек. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын сурооталаптарын аткаруу боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн иши абдан жетишсиз болууда. Аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин өз убагында жана толук аткаруу боюнча жетиштүү чараларды көрүү камсыз кылынбайт. Көпчүлүк учурда жооптор өз убаганда, конкреттүү келбей, көтөрүлүп жаткан көйгөйлөр боюнча берилбейт. Алсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги №340 IV «1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө» токтомун ишке ашыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү тууралуу маселе, белгиленген эки айлык мөөнөтүнө карабай, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жарым жылдан бери иштелүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы №516-IV «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу» токтомунун аталган мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап эки айлык мөөнөттө биринчи зарылдыктагы товарларды баа жагынан мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө нормативдик укуктук актысын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырган.жөнгө салынуучу товарлардын, жумуштардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегин караган 2-пунктун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору даярдала элек. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары УТРКнын телекөрсөтүү программаларын жана кыргыз радиосунун биринчи программасын республиканын калкына толук көрсөтүү жана уктуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан көрүлгөн чараларды жетишсиз деп эсептеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги №34-IV «Кыргыз Республикасынын аймагында телерадиоберүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу боюнча берилген маалыматка макул болушкан эмес. Бир катар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун ишинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын аткаруунун мөөнөттөрүн бузуу кездешет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 24 токтомунун аткарылышы боюнча жиберилген маалыматтын ичинен 5 токтом боюнча маалымат мөөнөтүн бузуу менен жиберилгендигин белгилей кетүү зарыл. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2 токтом боюнча маалымат, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан 2 токтом боюнча, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан 1 токтом боюнча маалымат мөөнөтүн бузуу менен жиберилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмаларын аткаруу ушундай эле абалда. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында 61 протоколдук тапшырма контролдо турат. Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардын социалдык объекттерин каржылоо, педагогикалык стажга үстөк пул төлөө, жазгы айдоо себүү жана жыйым-терим убагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жардам көрсөтүү, күйүүчү-майлоочу материалдар жана үрөн менен камсыз кылуу, электр энергиясын өчүрүүнү тартипке салуу жана күнүмдүк жашоодо пайда болгон башка көйгөйлөр көп учурларда депутаттар тарабынан көтөрүлүүчү абдан курч маселелер болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Т.Абдырасаков тарабынан Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардын социалдык объекттерин курууну өз убагында жана толук көлөмдө каржылоо жөнүндө үч протоколдук тапшырма берилген. Бирок Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чаралар көрүлө элек. Депутаттар А.А. Сабиров, И.К. Жунусов, Б.М. Наргозуев демилгечи болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмаларында жүргүнчүлөрдү авиаташуунун көйгөйлөрү, чет мамлекеттер менен аба катташуулар жөнүндө макулдашуулардын, ички авиакаттамдардагы авиабилетке болгон тарифти ылдыйлатуунун маселелери көтөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги каттарды жиберген, бирок ал жоопторго депутаттар канааттанган эмес, анын айынан бул протоколдук тапшырмалар аягана чейин аткарылбаган бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратынын контролунда болгон бардык 52 протоколдук тапшырма боюнча жөнөтүлгөн маалыматтарга карабай, депутаттар аларды толук эмес жана коюлган маселелерге жооп бербейт деп эсептешип, маалыматтын мазмунуна макул болушпай жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Депутаттарынын суроо-талаптарын жана кайрылууларын карап чыгуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара иш алып баруудагы маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. 2007-жылдын 27-декабрынан баштап 2009-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Аппаратына бардыгы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын 1017 суроо-талабы келип түшкөн, алардын ичинен каралып чыкканы жана маалымат жөнөтүлгөнү - 872, аткаруудагысы - 145. Депутаттардын суроо-талаптарында көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүнү камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнчө чечимдер кабыл алынган. Бирок депутаттардын суроо-талаптары менен иштөөдө бир катар көйгөйлөр бар экендигин белгилей кетүү керек. Депутаттар аткаруу бийлигинин органдары тарабынан берилген жоопторго канааттанбагандыгын, же алынган маалыматтарга макул эместигин мезгил-мезгили менен билдиришүүдө. Көпчүлүк учурларда депутаттардын суроо-талаптары аткаруу бийлигинин органдары тарабынан формалдуу каралып жана өз убагында каралбай жаткандыгын моюнга алуу зарыл. Бишкек-Торугарт трассасы боюнча Новопокровка айылынын № 1, № 2 мектептеринин жанындагы участкаларында светофорлорду орнотуу жөнүндө депутат И.Ш. Өмүркуловдун суроо-талабы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан эч жыйынтыксыз бир жылга жакын каралган. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну, кесиптик оорусу боюнча майып Ж.Калыкованын пенсияны кайра эсептөө жөнүндө кайрылуусу тууралуу депутат Т.А. Жумабекованын суроотапабы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин ортосундагы кат алышуу үч айдан ашык жүргөн. Эки эл аралык турнирге катышуу үчүн ФИДЕнин эл аралык чебери, Азиянын эки жолку чемпиону Төлөгөнтегин Семетейге финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынын вице-президентинин кайрылуусун кароо тууралуу депутат М.К. Кунакуновдун суроо-талабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан эки айдан ашык каралган. Министрликтердин жана ведомстволордун ишинде депутаттардын суроо-талаптарына куру жооп жазуу фактылары кездешет. Мисалы, маданият жана маалымат министринин орун басары Т.Ж. Обозова депутат Т.А. Жумабекованын табигый кырсыктан жапа чеккен калкка жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын, жеке жактардын көргөн иштиктүү чараларын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы тууралуу сурооталабына куру жооп жиберген. Муну менен ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн экспертизасысыз, ошондой эле биринчи жетекчилер кол коймоюнча депутаттарга маалыматты жөнөтүүгө болбой тургандыгы жөнүндө белгиленген тартипти бузган. Акыркы мезгилдерде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин жана ведомстволордун компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылган терс көрүнүш жаралды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына келип түшкөн депутаттардын 1017 суроо-талабынын 94ү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кайрылуулары боюнча жиберилген. Бул өзгөчө калктуу конуштарды кайрадан атоого, айылдын статусун берүүгө, айыл өкмөтүн түзүүгө жана административдик-аймактык түзүлүшкө тиешелүү болгон башка маселелерге, жергиликтүү коомчулуктун карамагандагы социалдык-маданий объекттерди, инфраструктураны оңдоого, кызматтык автомашиналарды бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүүгө жана башкаларга тиешелүү. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана ЫсыкКөл облустарынын айылдык округдарынын жетекчилери депутаттарга көп кайрылышат. Райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин депутаттарга кайрылган фактылары бар. Алсак, Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы Ж. Калыбаев объекттерди өткөрүп берүүнүн тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы №580 «Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө» токтому кабыл алынгандыгана карабай, райондун айылдык округдарынын балансына алардын кызматтык имараттарын өткөрүп берүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А. Айдаровго кат жөнөткөн. Мындан тышкары, министрликтердин жана ведомстволордун түзүмүнө кирген департаменттердин, кызматтардын жетекчилеринин депутаттарга түздөн-түз кайрылган фактылары да кездешет. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин директору Ч. Абыкеев Кыргыз ССР Министрлер советине караштуу Башкы архивдик башкармалыктын колдонуусуна берилген жер участокторун кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Терагасына кайрылган. Оңдоо, инвентарды, окуу китептерин, компьютердик техниканы бөлүп берүү ж.б. маселелер боюнча региондордун жалпы билим берүү мектептеринин, саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери депутаттарга көп кайрылышат. Түзүлгөн кырдаал кээ бир мамлекеттик органдардын, министрликтердин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери мамлекеттик башкаруу системасындагы ыйгарым укуктарды чектөө маселелеринде компетенттүү эмес экендигин далилдеп турат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын жана кайрылууларын өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин, Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун өз убагында аткаруу боюнча иштердин жетишсиздиги көрсөтүлсүн.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилери:
- коллегиялардын отурумдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын суроо-талаптарын жана кайрылууларын аткаруунун жүрүшү үзгүлтүксүз карашсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору жана протоколдук тапшырмалары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сурооталаптары жана кайрылуулары боюнча негизделген жана толук маалыматты белгиленген мөөнөттө берип турушсун;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын суроо-талаптарын карап чыгуу боюнча маалыматтарды мамлекеттик башкаруу органдарынын биринчи жетекчилеринин, алар жок болгон өзгөчө учурларда гана, статс-катчылардын, ал эми статс-катчылардын кызматы жок ведомстволордо биринчи орун басарларынын койгон колу менен жөнөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылуу практикасын жоюшсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан келип түшкөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талаптарын карап чыгуу боюнча тапшырмаларга маалыматтар жана жоопторду кайрылуу жазылган тилде жөнөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын суроо-талаптарын жана комитеттеринин чечимдерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарууну уюштуруу боюнча ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жогорулатсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын аткаруунун, депутаттардын суроо-талабын карап чыгуунун жүрүшүнө үзгүлтүксүз талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилигине маалымдап турсун;
- Кыргыз Республикасынын Аппаратынын бөлүмдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын жана депутаттардын суроо-талаптарын контролдон чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен туруктуу негизде иш жүргүзсүн.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилери ушул токтомдун аткарылгандыгы жөнүндө 2009-жылдын 1-июнуна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн маалымдасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 340-IV "1916-жылдын кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү Күнүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2008 · № 340-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 344-IV "Кыргыз Республикасынын аймагында телерадиоберүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2008 · № 344-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 516-IV ""Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтомуПостановление · 19.06.2008 · № 516-IV
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы №580 "Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.10.2008 · № 580 · Күчүн жоготкон