Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 15-октябры № 577
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик
коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 25-августундагы № 469 токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратеги-
ялык тармактарын өнүктүрүү жана дем берүү максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коо-
мун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-ав-
густундагы № 469 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-
гизилсин:
3-пункттагы "Фрунзе көчөсү, 533" деген сөздөр жана сандар "Эркин-
дик проспекти, 58а" деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен
бирдикте Өнүктүрүү фондун ар биринин номиналдык наркы 1000 (бир мин)
сомдон болгон 450 (төрт жүз элүү) мињ жөнөкөй акциядан жана 150 (жүз
элүү) мињ артыкчылыктуу акциядан куралуучу 600 (алты жүз) миллион сом-
дон кем эмес өлчөмдөгү уставдык капиталга ээ кылуу үчүн Кедейчиликти
жоюунун борбордоштурулган фондунун активдерин белгиленген тартипте
өткөрүп берсин.";
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
- "Өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын түзүү үчүн каржылоо бу-
лактары болуп "Центерра Голд Инк." корпорациясынын акцияларын сатуудан
түшкөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин каражаттарынын бө-
лүгү аныкталсын.";
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана
соода министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен
бирдикте Өнүктүрүү фондун Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 58а, дареги
боюнча жайгашкан имаратка жайгаштырсын.";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
- "5-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген
тартипте "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор-
ду киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Кыргыз Республика-
сынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенге чейин
Өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын түзүү үчүн 600 (алты жүз) миллион
сом өлчөмүндө чыгымдарды каржылоого уруксат берилсин.";
Төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
- "7-1. Өнүктүрүү фондунун толук камдуу иштешин камсыз кылуу мак-
сатында Өнүктүрүү фондунун башкармасына белгиленген тартипте Өнүктүрүү
фондунун иши үчүн материалдык-техникалык каражаттарды бир убакытта са-
тып алууга уруксат берилсин.".
2. Аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын өнүктү-
рүү фонду" жабык акционердик коомунун Уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
- 2-пункттун 2-4-пунктчасы "Фонддун жайгашкан жери" деген сөздөр-
дөн кийин "Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 58 а" деген сөздөр жана
сандар менен толукталсын;
- 6-пункттун 6-1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-1. Фонддун уставдык капиталы акча формасында түзүлөт жана 600
(алты жүз) миллион сомду түзөт жана ар биринин номиналдык наркы 1000
(бир мињ) сомдон болгон 450 (төрт жүз элүү) мињ жөнөкөй акциядан жана
150 (жүз элүү) мињ артыкчылыктуу акциядан түзүлөт.";
- 10-пункттун 10-20-пунктчасындагы "Фонддун директорлор кењешинин
буйругу боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-
нан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 25-августу, №469 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө".Постановление · 02.09.2008 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №269 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 30.04.2009 · № 269 · Күчүн жоготкон