Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча 2009-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 июля 2011 года №350 "О Программе государственных гарантий по обеспечению граждан Кыргызской Республики медико-санитарной помощью на 2011 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-07-01.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 30-апрели № 269
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык
жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик гарантиялар
программасы боюнча 2009-жылы Кыргыз Республикасынын
жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн
шарттары тууралуу
"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 58-статьяларына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медициналык-санитар-
дык жардамды акысыз жана жењилдетилген шарттарда алууга укугу бар Кыр-
гыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын 2009-жылга карата
тизмеси;
- Стационарда дарыланууда Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген
саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар үчүн
кошумча төлөөнүн 2009-жылга карата дењгээли.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы №
363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медици-
налык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар
программасынын колдонулушу 2008-2009-жылдар мезгилине узартылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги №
192 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам
менен камсыздоого карата мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча
2008-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык
жардам көрсөтүүнүн шарттары тууралуу" токтомунун 1-пункту ушул токтом
күчүнө киргенге чейин колдонулаары белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык-өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 30-апрелиндеги
№ 269 токтому менен
бекитилген
Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча
медициналык-санитардык жардамды акысыз жана
жењилдетилген шарттарда алууга укугу бар
жарандардын категорияларынын 2009-жылга карата
ТИЗМЕСИ
I бөлүм. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча
медициналык-санитардык жардамды амбулаториялык
дењгээлде жана стационарларда социалдык статусу
боюнча акысыз алууга укугу бар
жарандардын категориялары
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуясынын кесепетинен
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- эл аралык терроризмге каршы согуштук кагылышууларда жабыркап ден
соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы күжүрмөн эмгеги жа-
на кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары ме-
нен сыйланган адамдар;
- концлагерлердин мурдагы туткундары;
- Ленинград шаарынын блокадасында болгон адамдар;
- 70 жаштан кары эмгек ардагерлери;
- "Баатыр эне" жана "Мать героиня" ордени менен сыйлангандар;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумуш колонналарына (эмгек
армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизацияланып, кийин реабилитациялан-
ган жарандар;
- Советтер Союзунун баатырлары, Дањк орденинин 3 даражасы менен
сыйланган адамдар;
- Социалисттик Эмгектин Баатырлары;
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмачылык даражасы
ыйгарылган жана I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган жарандар;
- башка мамлекеттердин аймагында болгон согуштарга катышкандар;
- Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепетинен жапа чеккен жа-
рандар (радиациялык авариялардын кесепетинен пайда болгон оорулар менен
ооруган адамдар; 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесе-
петтерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар, ошондой эле майыптыгы
Чернобыль кырсыгына байланыштуу экендиги аныкталган майыптар;
1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюн-
ча иштерге катышкан адамдар; Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуда каза
болгондордун жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттеринен болгон
оорулардан каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрү; Кыргыз Республикасына
четтетүү зонасынан 1986-жылы эвакуацияланган (өз ыктыяры менен келген)
же көчүрүп келинген адамдар, ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки
жылдары көчүрүү зонасынан өз ыктыяры менен келген адамдар; Чернобыль
АЭСиндеги авариядан кийин көчүрүү укугу менен жашаган жеринен Кыргыз
Республикасына өз ыктыяры менен келген адамдар; көчүрүү зонасында,
көчүрүү укугу менен жашоо зонасында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары
жана ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адам-
дар; Кыргыз Республикасына четтетүү, көчүрүү жана көчүрүү укугу менен
жашоо зоналарынан эвакуацияланган жана көчүп келген 18 жашка чейинки
балдар жана өспүрүмдөр, анын ичинде эвакуацияланган күнгө карата эне
ичиндеги түйүлдүк абалындагылар, ошондой эле жогоруда аталган жарандар-
дын биринчи жана кийинки муундардагы балдары);
- аскердик кызматтын милдетин аткарууда жаракат жана мертинүү
алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- эмгектик мертинүүнүн, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I
жана II топтогу майып болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
адамдар;
- угуусу жана көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
адамдар;
- бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- 18 жашка чейинки, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;
- 5 жашка чейинки балдар (4 жаш 11 ай 29 күн);
- мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө (багып
алган үй-бүлөдө), жетим балдар үчүн интернаттарда жашаган жетим балдар,
ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- карылар үйлөрүндө жана интернаттарда жашаган адамдар;
- амбулаториялык дењгээлде медициналык текшерүүгө же стационардык
шартта дарыланууга аскердик-врачтык комиссиялар тарабынан жиберилген
анык аскердик кызматка чакырылган жарандар;
- ведомстволук медициналык мекемелерде квалификациялуу медициналык
жардам көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда мөөнөттүү кызматтагы аскер кыз-
матчылары;
- ВИЧ/СПИД менен ооруган адамдар;
- 4 жана андан ашык бойго жете элек балдары бар көп балалуу үй-бү-
лөдөгү 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуу-
чулары - окууну бүткөнчө, бирок 18 жашка толгонго чейин), социалдык
коргоо органдарынын жана айыл өкмөттүн социалдык кызматкеринин маалым-
катын көрсөткөндө;
- 70 жаштагы жана андан кары пенсионерлер.
II бөлүм. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча
медициналык-санитардык жардамды амбулаториялык
жана стационардык дењгээлдерде клиникалык
көрсөткүчтөрү жана негизги оорусу боюнча акысыз
алууга укугу бар жарандардын категориялары
- кош бойлуулугу боюнча каттоого турган аялдар;
- стационардык дарыланууда кош бойлуулук патологиясы бар аялдар
(негизги диагнозу боюнча);
- социалдык жана медициналык көрсөткүчтөрү боюнча боюнан алдырууга
келген аялдар;
- төрөткө келген аялдар;
- төрөттөн кийин 10 аптанын ичинде кошумча оорулары пайда болгон
аялдар;
- миокард инфаркты катуу кармаган оорулуулар (алгачкы 2 айда);
- кургак учук менен ооругандар;
- бронха астмасы менен ооругандар;
- терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулуулар;
- тубаса котон жара менен ооругандар, 18 жашка чейинки жаштагы ко-
тон жара оорулуулар;
- психикалык оорулуулар (паранойялык шизофрения, өнөкөт жөөлүү, ар
кандай генездеги аффекттик бузулуштар);
- талма менен ооругандар;
- кант диабети менен ооругандар;
- кантсыз диабет менен ооругандар;
- эмдегенден кийин күчөп кеткен оорулар менен ооругандар;
- чума менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон адамдар;
- холера менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон адам-
дар;
- ич келте менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон
адамдар;
- кара келте менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон
адамдар;
- күйдүргү менен ооругандар жана алар менен байланышта болгон
адамдар;
- кутурма менен ооругандар жана алар менен байланышта болуп жугушу
мүмкүн болгон адамдар;
- менингококк менингити менен ооругандар;
- кептөөр менен ооругандар;
- гемофилия менен ооругандар;
- баштапкы тергөөдөгү адамдар, ошондой эле жазасын өтөп жаткан,
анын ичинде соттун өкүмү боюнча жазасын өтөп жаткан адамдар, саламаттык
сактоонун пенитенциардык мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүү
мүмкүн болбогондо пациенттин өмүрүнө коркунуч туудурган кечиктирилгис
абал пайда болгон учурда.
III бөлүм. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча
медициналык-санитардык жардамды алууда айрым
жењилдиктерге укугу бар жарандардын категориялары
1. Стационарда:
1.1. дарылоонун бекитилген орточо баасынын 90-95 пайызынын ордун
толтурууга төмөнкүлөр укуктуу:
- боюнан алдыруу үчүн артифициалдуу аборт жасатуу боюнча оорукана-
га түшкөн аялдар;
- катуу кармаган бруцеллез менен ооругандар;
- 70 жашка чейинки курактагы пенсионерлер;
- 70 жашка чейинки курактагы эмгек ардагерлери;
- социалдык пособие алган адамдар;
- безгек менен ооругандар;
- сарыктын оор түрү менен ооругандар;
1.2. дарылоонун бекитилген орточо баасынын 85 пайызынын ордун тол-
турууга төмөнкүлөр укуктуу:
- иштеп, милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүм төлөнүп жат-
кандар;
- 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү мекемелер-
дин окуучулары - окууну бүткөнчө, бирок 18 жашка чыкканга чейин);
- айыл чарбада эмгектенип, милдеттүү медициналык камсыздандырууга
төгүм төлөгөн адамдар;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн өз алдынча төлөгөн
адамдар;
- башталгыч кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку
кесиптик окуу жайлардын күндүз окуган студенттери - 21 жашка чыкканга
чейин.
2. Амбулаториялык дењгээлде баалардын Прейскуранты боюнча медици-
налык кызматтын наркынын 50 пайызы өлчөмүндө ордун толтурууга
төмөнкүлөр укуктуу:
- иштеп, милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүм төлөнүп жат-
кандар;
- 70 жашка чейинки курактагы пенсионерлер;
- 70 жашка чейинки курактагы эмгек ардагерлери;
- социалдык пособие алган адамдар;
- 5 жаштан 16-жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү мекемелер-
дин окуучулары - окууну бүткөнчө, бирок 18 жашка чыкканга чейин);
- айыл чарбада эмгектенип, милдеттүү медициналык камсыздандырууга
төгүм төлөгөн адамдар;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн өз алдынча төлөгөн
адамдар;
- башталгыч кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку
кесиптик окуу жайлардын күндүз окуган студенттери - 21 жашка чыкканга
чейин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 30-апрелиндеги
№ 269 токтому менен
бекитилген
Стационарда дарыланууда Бирдиктүү төлөөчү
системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында
көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар үчүн кошумча
төлөөнүн 2009-жылга карата
ДЕЊГЭЭЛИ
(сом менен)
| Региондун | Терапиялык ооруларда, аз | Хирургиялык ооруларда жана | ||||||
| аталышы | чыгымдуу хирургиялык жана, | операция жасоодо (сом) | ||||||
| гинекологиялык операцияларда | --------------------------- | |||||||
| жана манипуляцияларда, | 90-95% | 85%га | Жењил- | Жол- | ||||
| операция жүргүүсүз | өлчө- | чейинки | дик- | до | ||||
| хирургиялык ооруларда | мүндө | өлчөмдө | терге | мосу | ||||
| ---------------------------- | айрым | айрым | укугу | жок | ||||
| 90-95% | 85%га | Жењил- | Жол- | жењил- | жењил- | жок | ||
| өлчө- | чейинки | дик- | домо- | диктер- | диктер- | адам- | ||
| мүндө | өлчөмдө | терге | су | ге | ге | дар | ||
| айрым | айрым | укугу | жок | укугу | укугу | |||
| жењил- | жењил- | жок | бар | бар | ||||
| диктер- | диктер- | адам- | адамдар | адамдар | ||||
| ге | ге | дар | ||||||
| укугу | укугу | |||||||
| бар | бар | |||||||
| адамдар | адамдар | |||||||
| Бишкек | 200 | 690 | 1340 | 2700 | 260 | 900 | 1740 | 3510 |
| шаарынын | ||||||||
| аймагында | ||||||||
| жайгашкан | ||||||||
| саламаттык | ||||||||
| сактоо | ||||||||
| уюмдары, | ||||||||
| Улуттук | ||||||||
| госпиталдан, | ||||||||
| Кардиология | ||||||||
| жана терапия | ||||||||
| улуттук | ||||||||
| борборунан, | ||||||||
| Улуттук | ||||||||
| хирургия | ||||||||
| борборунан, | ||||||||
| Улуттук | ||||||||
| Энеликти | ||||||||
| жана | ||||||||
| балалыкты | ||||||||
| коргоо | ||||||||
| борборунан, | ||||||||
| Республика- | ||||||||
| лык | ||||||||
| клиникалык | ||||||||
| инфекциялык | ||||||||
| ооруканадан, | ||||||||
| Республика- | ||||||||
| лык | ||||||||
| тери-вендис- | ||||||||
| пансерден, | ||||||||
| Республика- | ||||||||
| лык | ||||||||
| наркология | ||||||||
| борборунан, | ||||||||
| Кыргыз темир | ||||||||
| жол | ||||||||
| башкармасы- | ||||||||
| нын Жолчулар | ||||||||
| ооруканасы- | ||||||||
| нан, Бишкек | ||||||||
| травматоло- | ||||||||
| гия жана | ||||||||
| ортопедия | ||||||||
| илим-изилдөө | ||||||||
| борборунан | ||||||||
| башкалар | ||||||||
| Бишкек | 200 | 830 | 1480 | 2870 | 260 | 1080 | 1920 | 3730 |
| шаарынын | ||||||||
| аймагында | ||||||||
| жайгашкан | ||||||||
| саламаттык | ||||||||
| сактоо | ||||||||
| уюмдары | ||||||||
| (Улуттук | ||||||||
| госпиталь, | ||||||||
| Улуттук | ||||||||
| кардиология | ||||||||
| жана терапия | ||||||||
| борбору, | ||||||||
| Улуттук | ||||||||
| хирургия | ||||||||
| борбору, | ||||||||
| Улуттук | ||||||||
| Энеликти | ||||||||
| жана | ||||||||
| балалыкты | ||||||||
| коргоо | ||||||||
| борбору, | ||||||||
| Республика- | ||||||||
| лык | ||||||||
| клиникалык | ||||||||
| инфекциялык | ||||||||
| оорукана, | ||||||||
| Республика- | ||||||||
| лык | ||||||||
| тери-вендис- | ||||||||
| пансер, | ||||||||
| Республика- | ||||||||
| лык | ||||||||
| наркология | ||||||||
| борбору, | ||||||||
| Кыргыз темир | ||||||||
| жол | ||||||||
| башкармасы- | ||||||||
| нын Жолчулар | ||||||||
| ооруканасы, | ||||||||
| Бишкек | ||||||||
| травматоло- | ||||||||
| гия жана | ||||||||
| ортопедия | ||||||||
| илим-изилдөө | ||||||||
| борбору) | ||||||||
| Чүй жана | 200 | 600 | 1250 | 2500 | 260 | 780 | 1620 | 3250 |
| Ысык-Көл | ||||||||
| облустарынын | ||||||||
| саламаттык | ||||||||
| сактоо | ||||||||
| уюмдары | ||||||||
| Нарын жана | 200 | 530 | 1180 | 2430 | 260 | 690 | 1530 | 3160 |
| Талас | ||||||||
| облустарынын | ||||||||
| саламаттык | ||||||||
| сактоо | ||||||||
| уюмдары | ||||||||
| Баткен жана | 200 | 430 | 1080 | 2330 | 260 | 560 | 1400 | 3030 |
| Ош | ||||||||
| облустарынын | ||||||||
| саламаттык | ||||||||
| сактоо | ||||||||
| уюмдары, Ош | ||||||||
| шаарынын | ||||||||
| аймагында | ||||||||
| жайгашкан | ||||||||
| стационар- | ||||||||
| лардан | ||||||||
| башкалар | ||||||||
| Ош шаарынын | 200 | 500 | 1150 | 2400 | 260 | 650 | 1500 | 3120 |
| жана | ||||||||
| Жалал-Абад | ||||||||
| облусунун | ||||||||
| аймагында | ||||||||
| жайгашкан | ||||||||
| саламаттык | ||||||||
| сактоо | ||||||||
| уюмдары |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Ноокат райондук кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы №14-1 "Депутаттардын Ноокат райондук кенешинин жүргүзүп жаткап иштеринин ролун жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2011 · № 14-1
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы №100 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча…Постановление · 09.03.2011 · № 100 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы…Постановление · 01.07.2011 · № 350 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги №192 " Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик…Постановление · 29.04.2008 · № 192 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 24.08.2007 · № 363 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы…Постановление · 01.07.2011 · № 350 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар ПРОГРАММАСЫ" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын…Программа · 24.08.2007 · № 363
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябры № 577"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 15.10.2008 · № 577 · Күчүн жоготкон