Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө».
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 25-августу № 469
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду"
жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 15-октябрындагы № 577 токтомунун,
2009-жылдын 20-мартындагы №188 редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын
3-июлундагы № 148 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасы-
нын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүү жана стимул-
доо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коо-
му (мындан ары - Өнүктүрүү фонду) түзүлсүн.
2. Өнүктүрүү фондунун тиркелген Уставы бекитилсин.
3. Өнүктүрүү фондунун жайгашкан жери болуп: Бишкек шаары, Чуй проспекти, 122 дареги аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577 токтомунун,
2009-жылдын 20-мартындагы №188 редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен
бирдикте Өнүктүрүү фондун ар биринин номиналдык наркы 1000 (бир мин)
сомдон болгон 450 (төрт жүз элүү) мињ жөнөкөй акциядан жана 150 (жүз
элүү) мињ артыкчылыктуу акциядан куралуучу 600 (алты жүз) миллион сом-
дон кем эмес өлчөмдөгү уставдык капиталга ээ кылуу үчүн Кедейчиликти
жоюунун борбордоштурулган фондунун активдерин белгиленген тартипте
өткөрүп берсин.
"Өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын түзүү үчүн каржылоо булак-
тары болуп "Центерра Голд Инк." корпорациясынын акцияларын сатуудан
түшкөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин каражаттарынын бө-
лүгү аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577 токтомунун редак-
циясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы
менен бирдикте Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондунун пайдалануусуна
Бишкек шаары, Чүй проспекти, 122 дареги боюнча жайгашкан имараттын төр-
түнчү кабатынан аянты 335,4 кв.м. болгон 15 кабинетти берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-мартындагы № 188 токтомунун редакция-
сына ылайык)
5-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тар-
типте "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-
гизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Кыргыз Республика-
сынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенге чейин
Өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын түзүү үчүн 600 (алты жүз) миллион
сом өлчөмүндө чыгымдарды каржылоого уруксат берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы Өнүктү-
рүү фондунун акцияларын кармоочу болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекет-
тик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети аныкталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
7-1. Өнүктүрүү фондунун толук камдуу иштешин камсыз кылуу макса-
тында Өнүктүрүү фондунун башкармасына белгиленген тартипте Өнүктүрүү
фондунун иши үчүн материалдык-техникалык каражаттарды бир убакытта са-
тып алууга уруксат берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577 токтомунун редак-
циясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 25-августундагы
№ 469 токтому менен
бекитилген
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду"
жабык акционердик коомунун
УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 15-октябрындагы N 577,
2009-жылдын 20-мартындагы № 188
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" акционердик коому
(мындан ары - Фонд) мамлекеттин жүз проценттик катышуусу менен жабык
акционердик коом болуп саналат.
1.2. Фонд өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары-
нын жана ушул Уставдын талаптарына ылайык ишке ашыру(учу адистештирилген
финансы-кредиттик мекеме болуп эсептелет.
Финансылык-банктык ишмердикти жана иш-аракеттин башка түрлөрүн
жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Фондго карата "Кыргыз
Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
менен жөнгө салынбаган бөлүгүнө колдонулат.
1.3. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык
жак болуп саналат жана акча каражатын кошо алганда анын өз алдынча ба-
лансында чагылдырылуучу менчигинде обочолонгон мүлкү болот.
1.4. Фонд өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга
ээ болот жана ишке ашырат, милдеттенмелерди алат, сотто доогер жана
жоопкер боло алат.
1.5. Фонд мамлекеттин милдеттенмелерине, ошондой эле мамлекет Фон-
ддун милдеттенмелерине жооп бербейт.
1.6. Фонд жабык акционердик коомдук формасында түзүлөт жана өз иш-
мердигин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берүүчү лицензиянын неги-
зинде ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзам
актыларында аныкталган ыйгарын укуктардын чектеринде финансылык-кредит-
тик уюмдардын ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рын Фонддун аткарышы үчүн көзөмөлдүктү ишке ашырат.
1.7. Фонд өз ишмердигин "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Уставда белгилен-
ген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
1.8. Фонддун мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык ата-
лышын камтуучу өзүнүн мөөрү болот. Мөөрдө, ошондой эле Фонддун фирмалык
аталышы башка тилдерде да көрсөтүлүшү мүмкүн.
Фонд өзүнүн фирмалык аталышы менен штамптарга жана бланктарга ээ
болууга укуктуу, ал белгиленген тартипте катталган товардык белгиси жа-
на визуалдык идентификациянын башка каражаттарына да ээ боло алат.
1.9. Фонддун ишмердигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-
ралган учурларды кошпогондо ар кандай түрдө мамлекеттик органдар, кыз-
мат адамдары, коомдук жана башка уюмдар тарабынан кийлигишүүгө жол бе-
рилбейт.
1.10. Фонд өз ишмердигин Фонддун Директорлор кењеши бекиткен кре-
диттик жана инвестициялык саясатка ылайык ишке ашырат.
2. Фонддун аталышы жана жайгашкан орду
2.1. Фонддун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коому;
- расмий тилде:
Закрытое акционерное общество "Фонд развития Кыргызской Республи-
ки";
- англис тилинде:
The close joint-stock company "Kyrgyz Republic Development Fund";
2.2. Фонддун кыскартылган фирмалык аталышы:
орус тилинде:
ЗАО "Фонд развития Кыргызской Республики";
кыргыз тилинде:
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" ЖАКы;
- англис тилинде:
CJSC "Kyrgyz Republic Development Fund".
2.3. Фонд өз аталышын колдонууга өзгөчө укукка ээ.
2.4. Фонддун жайгашкан жери: Бишкек шаары,Чуй проспекти,122
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577 токтомунун,
2009-жылдын 20-мартындагы №188 редакциясына ылайык)
3. Фонддун иш-аракетинин максаты жана милдеттери
3.1. Фонд Кыргызстандын экономикасынын сапаттуу өсүшүн камсыздоочу
артыкчылыктуу жана стратегиялык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашы-
руу үчүн өлкөнүн финансылык активдерин башкаруунун натыйжалуулугун жо-
горулатуу максатын коет.
3.2. Фонддун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттин финансылык активдерин натыйжалуу корпоративдүү баш-
каруу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана
стратегиялык тармактарын стимулдоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторун өнүктү-
рүүнү финансылык колдоо үчүн натыйжалуу жана туруктуу база түзүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу
жана стратегиялык багыттарын колдоого ар кандай булактардан финансы ка-
ражаттарын топтоо жана багыттоо;
- мультипликациялык натыйжага жана жогорку экономикалык майнаптуу-
лукка багытталган кредиттөөнү камсыздоо;
- орто- жана узак мөөнөткө, ошондой эле проценти төмөн негизде
кредит ресурстарына экономика субъекттеринин жеткиликтүүлүгүн камсыз-
доо;
- ата мекендик ишканаларга инвестицияларды тартууну стимулдоо;
- ата мекендик экспортту илгерилетүүгө көмөктөшүү;
- менеджменттин заманбап методдорун ишке киргизүү, Кредиттөө про-
цесстерине баа берүү жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн ыњгайлуу шартта-
рын түзүү максатында эл аралык кызматташтыкты чыњдоо.
4. Фонддун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү
4.1. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой
эле эл аралык келишимде башкача каралбаса, филиалдары жана өкүлчүлүктө-
рү турган жердеги чет мамлекеттеринин мыйзамдарынын талаптарын сактоо
менен Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары фили-
алдарын түзүп жана өкүлчүлүктөрүн ача алат.
Филиалдар жана өкүлчүлүктөр өз ишмердигин Фонддун атынан жүргүзүп,
Фонд алардын ишмердигине толук жоопкерчилик тартат.
4.2. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр өз алдынча юридикалык жак болуп
саналышпайт, Фонддун мүлкүнүн эсебинен негизги жана жүгүртүү каражатта-
рын бөлүшөт, алардын бекитилген жоболорунун негизинде аракеттенет жана
Фонддун атынан өз ишмердигин жүргүзөт.
4.3. Филиалдар менен өкүлчүлүктөрдү түзүү жана аларды жоюу, фили-
алдар менен өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу чечимди
Фонддун Директорлор кењеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана фи-
лиалдар менен өкүлчүлүктөрдүн мекемелери турган өлкөнүн мыйзамдарына
ылайык кабыл алат.
4.4. Өкүлчүлүктөр менен филиалдардын жетекчилери Директорлор кење-
ши менен макулдашуу боюнча Фонддун башкармалыгы тарабынан дайындалат
жана Фонд берген ишеним каттын негизинде аракеттенет.
5. Фонд ишке ашыруучу функциялар,
операциялар жана бүтүмдөр
5.1. Фонд төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- Фонддун ички актыларына ылайык катышуучу банктар аркылуу реалдуу
сектордо долбоорлорду тењ каржылоону кошо алганда аларды тандоону жана
кредиттөөнү;
- мөөнөттүү, кайтарымдуу жана акы төлөтүүчү негизде каржылоого су-
нушталуучу долбоорлордун экспертизасына баа берүүнү;
- Фонд тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууну монито-
рингдөөнү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берүүчү маалыматтардын не-
гизинде катышуучу банктардын финансылык абалына баа берүүнү;
- катышуучу банктардын милдеттенмелерди аткарышын камсыздоо боюнча
чараларды көрүүнү;
- ар кандай булактардан займдарды тартууну, камсыздоону жана жоюу-
ну;
- тышкы жана ички инвестицияларды экономиканын артыкчылыктуу тар-
мактарына жайгаштыруу үчүн тартууну, аларды кайтарып берүүнү камсыздоо-
ну жана пайдаланууга мониторинг жүргүзүүнү.
5.2. Фонд лицензияда атайын көрсөтүү менен банктык операциялардын
төмөнкүдөй түрлөрүн ишке ашыра алат:
- келишимдик шарттарда өз атынан займдарды тартуу;
- келишимдик шарттарда өз атынан өздүк же тартылган каражаттарды
жайгаштыруу;
- улуттук жана чет өлкөлүк валютада чет өлкөлөрдү кошо алганда
коммерциялык банктарда эсеп ачуу;
- кредиттик ишмердикке байланыштуу консультациялык жана маалымат-
тык кызматтарды көрсөтүү.
Фонд акы төлөө, мөөнөттүү жана кайтарып берүү негизинде башка бу-
лактардан финансылык ресурстарды ала алат. Башка булактардан Фонд тара-
бынан алынуучу финансылык каражаттарды берүү, пайдалануу жана кайтарып
берүү тартиби жана шарттары Фонддун Директорлор кењеши тарабынан, ошон-
дой эле эки тараптуу келишимдер менен аныкталат.
5.3. Катышуучу банктарды кредиттик тейлөө Фонддун ички актыларына
ылайык келишимдин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дары менен Фонд тарабынан ишке ашырылат.
Тейлөөнүн жалпы шарттары ачык маалыматы болуп саналат. Фонддун
тейлөө шарттары өзгөргөн учурда Фонд бул тууралуу Фонддун Директорлор
кењеши бекиткен Фонддун ички актыларында белгиленген тартипте катышуучу
банктарга кабарлайт.
Катышуучу банктарды тейлөөнү ишке ашырууда Фонд эл аралык практи-
када колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөчү
эсептөөлөрдүн ар кандай системасын колдонууга укуктуу.
Фонд катышуучу банктар тарабынан каражаттардын "Кыргыз Республика-
сынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана
Фонддун ички актыларына ылайык максаттуу пайдаланылышына контролдук
жүргүзөт.
5.4. Фонд тарабынан долбоорлорду каржылоо катышуучу коммерциялык
банктарды кредиттөө аркылуу Фонддун Директорлор кењеши бекитүүчү ички
актыларга ылайык аныкталуучу шарттарда, тартипте жана мөөнөттөрдө жүр-
гүзүлөт. Берилүүчү кредиттер боюнча сыйлыктын ставкасынын чоњдугу Фонд-
дун карыздоо жана операциялык чыгымдарынын орточо наркын эске алуу ме-
нен эсептелет.
Фонд Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тийиштүү тартипте берген
маалыматтын негизинде Фонддун Директорлор кењеши бекитүүчү ички акты-
ларда аныкталган критерийлерге жараша талдоонун негизинде катышуучу
банктарды тандоону ишке ашырат.
Фонд тарабынан берилүүчү займдар күрөө, кепилдик жана Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууну камсыз-
доонун башка ыкмалары менен камсыздалууга тийиш.
5.5. Фонд жогоруда саналган функциялар жана банктык операциялар
менен катар төмөнкүдөй бүтүмдөрдү да ишке ашырууга укуктуу.
- өздөрүнүн муктаждыктары үчүн чет өлкөлүк валюта сатып алууга жа-
на сатууга;
- өз атынан баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга.
5.6. Фонд Директорлор кењеши бекиткен нормативдик актыларга ылайык
анын ишмердигин камсыздоо үчүн зарыл болгон башка бүтүмдөрдү ишке ашы-
рууга укуктуу.
5.7. Фонд өз ишмердигин жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды
бөлүшөт:
- Фонддун Директорлор кењеши бекиткен ички актыларга ылайык финан-
сылык жылга өзүнүн кредиттик саясатын жүргүзүү;
- банктык экспертизанын жана заемчунун кредиттик жөндөмдүүлүгүн
талдоонун натыйжалары боюнча кайтарымдуу, мөөнөттүү жана акы төлөөчү
негизде долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо;
- банктык экспертизага баа берүүнү ишке ашыруу үчүн эксперттер ме-
нен консультанттарды тартуу;
- тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык за-
емдук каражаттарды, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджет-
терден тартуу;
- заемдук каражаттарды кошо алганда бош каражаттарды Фонддун ички
актыларында аныкталган чектерде жана тартипте жогорку ликвиддүү финан-
сылык инструменттердин ички жана тышкы рынокторунда жайгаштыруу;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк банктардын жана башка финансылык
институттардын катышуусу менен карыздоонун уюштуруучусу жана катышуучу-
су катары чыгуу;
- тышкы жана ички булактардан финансылык формада инвестицияларды
тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Фонддун ички актыла-
рында белгиленген тартипте тартылуучу инвестицияларды кайтарып берүүнү
камсыздоо;
- Фонддун Директорлор кењеши бекиткен нормативдик укуктук актылар-
га ылайык Фонддун максаттарын жана милдеттерин тийиштүү түрдө аткаруу
үчун ар кандай укуктук мамилелерге, анын ичинде эл аралык укук мамиле-
лерине (бүтүмдөр, операциялар) катышуу;
- инвестициялык саясатты аныктоо, инвестирлөөнүн рационалдуу меха-
низмдерин ишке ашыруу жана аны камсыздоо;
- маалыматтык-аналитикалык жана аналитикалык иштерди жүзөгө ашы-
руу, илимий жана башка жактан уюштуруу үчүн белгиленген тартипте, анын
ичинде келишимдик негизде окумуштууларды жана адистерди тартуу.
5.8. Фондго төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- кредиттерди катышуучу банктардан тышкары жеке жана юридикалык
жактарга, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго, пенсиялык активдерди
инвестициялык башкарууну ишке ашыруучу уюмдарга, инвестициялык фонддор-
го, камсыздандыруу уюмдарына, лизинг берүүчү уюмдарга жана банктык опе-
рациялардын айрым түрлөрүн ишке ашыруучу башка уюмдарга берүүгө, ошон-
дой эле алардын милдеттенмелери боюнча акчалай формада аткарууну кароо-
чу кепилдиктерди, гарантияларды жана башка милдеттенмелерди алууга;
- депозиттерди тартууга, жеке жана юридикалык жактарга эсеп ачуу-
га;
- кайтарымын камсыз кылбастан займдарды берүүгө;
- мурда берилген займдар боюнча мөөнөтү өткөн милдеттенмелери (бир
жылдан ашуун) болсо, кошумча тышкы жана ички карыз берүүнү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана башка мамлекеттик органдар-
га кредиттерди берүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле чарбакер субъекттер-
ге ар кандай формада финансылык жардам берүүгө.
6. Фонддун уставдык капиталы. Фонддун кирешеси
6-1. Фонддун уставдык капиталы акча формасында түзүлөт жана 600
(алты жүз) миллион сомду түзөт жана ар биринин номиналдык наркы 1000
(бир мињ) сомдон болгон 450 (төрт жүз элүү) мињ жөнөкөй акциядан жана
150 (жүз элүү) мињ артыкчылыктуу акциядан түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577 токтомунун редак-
циясына ылайык)
6.2. Фонддун уставдык капиталы потенциалдык чыгымдарды жабууну
камсыздоого кызмат кылат, контрагенттердин алдындагы Фонддун өзүнүн
милдеттенмелерин аткаруунун кепилдиги жана ишмердикти жүргүзүүдө келип
чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоо чарасы болуп саналат.
6.3. Фонддун уставдык капиталынын негизин төлөнгөн уставдык капи-
тал түзөт, ага карата Фонд акционер салган каражаттарды кайтарып берүү
боюнча милдеттенмелерди албайт.
6.4. Фонддун уставдык капиталы төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- компаниялардын акцияларын сатуудан түшүүчү акча каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Фондго берилүүчү бюджет-
тен тышкаркы фонддордун каражаттарынын эсебинен.
6.5. Уставдык капиталдык көбөйтүү жана азайтуу Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
7. Фонддун акциялары, акционерлердин
укуктары жана милдеттери
7.1. Фонддун бардык акциялары жөнөкөй болуп саналат. Фонддун бир-
ден бир акционери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.
7.2. Фонддун акционери төмөнкүдөй укуктарга ээ (анын ичинде мүлк-
түк эмес укуктарга):
1) Фонддун ишмердигинен түшүүчү пайданын бир бөлүгүн (дивиденддер-
ди) алууга;
2) жоюлуучу Фонддун мүлкүнүн бөлүгүн алууга;
3) Фонддун Уставында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
аныкталган тартипте Фонддун иштерин башкарууга катышууга;
4) Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө,
анын ичинде Фонддун Уставдык капиталын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл
алууга;
5) Фондду өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу (ишмердигин токтотуу) жө-
нүндө чечим кабыл алууга.
7.3. Акционер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Фонддун
Уставында каралган башка дагы мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга
ээ боло алат.
7.4. Акционер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган
тартипте, өлчөмдө жана ыкмаларда акцияларды төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныктал-
ган тартипте жана шарттарда Фонддун ишмердигине катышууга.
8. Фонддун кирешеси жана резервдери
8.1. Киреше:
8.1.1. Фонддун кирешеси ошол мезгилге орун алган бардык кирешелер
менен чыгашаларды эсепке алгандан кийин бухгалтердик стандарттарга
ылайык финансылык жылдын натыйжалары боюнча аныкталат, буга төмөнкүлөр
кирет:
- Фонддун нормалдуу ишмердигин камсыздоо үчүн зарыл болгон жана эл
аралык практикада кабыл алынган күтүүгө операциялык жана башка чыгым-
дар;
- Фонд тарабынан потенциалдуу чыгымдарды жабууга резервдерди тү-
зүү.
8.1.2. Бөлүштүрүлбөгөн киреше төмөнкүлөргө жумшалат: 50 проценти -
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешеси, калган 50
проценти - Фонддун жалпы резервине жана Уставдык капиталдык көбөйтүүгө
да жумшалышы мүмкүн. Которуу тышкы аудит жүргүзүлгөндөн жана Фонддун
жылдык отчету бекитилгенден кийин финансылык жыл аяктаганда жүргүзүлөт.
8.2. Резервдер:
8.2.1. Банктык ишмердикти жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдарды өз
учурунда жабуу үчүн, ошондой эле Фонддун өз ишмердигин контролдоонун
жана анын ишенимдүүлүгүнүн тийиштүү дењгээлин камсыздоо максатында Фонд
зарыл резервдерди түзөт.
Классификацияланган активдер жана шарттуу милдеттенмелер боюнча
потенциалдуу чыгымдарды жабууга Фонд тарабынан түзүлүүчү резервдерди
эсептөө методдору жана аны түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын нормативдик укуктук актылары менен белгиленет.
8.2.2. Фондду өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн Фонддун Директорлор
кењешинин чечими боюнча таза пайданын бир бөлүгүнүн эсебинен жалпы ре-
зервдер түзүлүшү мүмкүн, алардын өлчөмү жана максаттуу багыты Фонддун
Директорлор кењеши тарабынан аныкталат.
9. Башкаруу жана контролдоо органдарынын түзүмдөрү
9.1. Фонддун башкаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
- жогорку башкаруу органы - Фонддун Директорлор кењеши;
- аткаруучу органы - Фонддун башкармалыгы.
9.2. Финансылык-чарбалык ишмердикти текшерүүчү контролдоо органда-
ры Фонддун ички аудит кызматы жана риск-менеджер болуп саналат.
10. Фонддун Директорлор кењеши
10.1. Фонддун жогорку органы Фонддун Директорлор кењеши болуп са-
налат.
10.2. Фонддун Директорлор кењеши Фонддун кредиттик жана инвестици-
ялык саясатынын негизги принциптерин, багыттарын жана артыкчылыктарын
аныктайт, ар бир финансылык жылга Фонддун бюджетин, катышуучу банктар
менен ишмердикти жана өз ара мамилелерди жөнгө салуучу башка эрежелерди
бекитет.
10.3. Фонддун Директорлор кењешинин өзгөчө компетенциясына төмөн-
күлөр кирет:
10.3.1. жоюу баланстарын (аралык жана акыркы) бекитүү;
10.3.2. Фонддун башкармасынын мөөнөтүн жана ыйгарым укуктарын
аныктоо, Фонддун башкармасынын төрагасын, Фонддун башкармасынын төрага-
сынын орун басарларын, Фонддун башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо жана
аларды кызматынан бошотуу;
10.3.3. Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнө сыйлыктардын өлчөмүн жана
төлөө шарттарын аныктоо;
10.3.4. Фонддун ички аудит кызматынын сандык курамын жана риск-ме-
неджерин аныктоо, эмгек акысын аныктоо, анын мүчөлөрүн кызматка дайын-
доо жана бошотуу;
10.3.5. ишмердиктин жылдык натыйжаларын, отчетторун (анын ичинде
Фонддун аткаруу органдарынын отчетторун), Фонддун бухгалтердик баланс-
тарын бекитүү;
10.3.6. Фонддун Уставдык капиталын өзгөртүү боюнча сунуштарды кир-
гизүү;
10.3.7. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниелеринин ички регла-
ментин, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуу;
10.3.8. Фонддун пайдасын бөлүштүрүү жана чыгымдарын жабуу тартибин
аныктоо;
10.3.9. Фонддун бүтүмдөрү боюнча чектөөлөрдү жана лимитти, ошондой
эле аларды түзүү боюнча ыйгарым укуктарды аныктоо;
10.3.10. Фонддун стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын кре-
диттик жана инвестициялык саясатын түзүү;
10.3.11. Фонддун ишмердигинин негизги түрлөрү боюнча ички саясатты
аныктоо жана кабыл алуу;
10.3.12. Фонддун ички аудитинин кызматы жана Фонддун риск-менедже-
ри жөнүндө жобону бекитүү;
10.3.13. Фонддун уюштуруу түзүмүн, Фонддун ишмердигинин саясатын
бекитүү;
10.3.14. Фонддун аткаруучу органдарынын жана аткаруучу кызмат
адамдарынын ишмердигине текшерүү жүргүзүү;
10.3.15. Фонддун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу, алар-
дын ишмердигин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу, Фонддун филиалдары
жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитүү;
10.3.16. Фонддун башкармасынын жылдык отчетун (Фонддун балансын,
кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчетту), Фонддун бюджетинин аткарылы-
шы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле финансылык планды, Фонддун бюд-
жетин жана алдыдагы жылга администрациялык сарптоолорду бекитүү;
10.3.17. финансылык жыл аяктаганга чейин алты айдан кечикпеген
мөөнөттө тышкы (көз карандысыз) аудит жүргүзүү үчүн эл аралык чоњ ка-
дыр-баркы бар аудитордук фирманы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин бекитүүсүнө сунуштоо;
10.3.18. тышкы аудитордун, ички аудит кызматынын жана риск-менед-
жердин текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча натыйжаларды кароо жана чара-
ларды керүү.
10.4. Фонддун Директорлор кењеши, ошондой эле Уставдын 10.3-пунк-
тунда көрсөтүлбөгөн, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Ус-
тав, башка ички нормативдик актылар менен анын компетенциясына кирген
маселелер боюнча чечим кабыл алат.
10.5. Фонддун Директорлор кењешинин компетенциясына гана кирген
маселелер Фонддун аткаруучу органдарынын кароосуна берилбеши мүмкүн.
10.6. Фонддун Директорлор кењеши Фонддун ишкер саясатын жүргүзүү
максатында консультациялык кењеш, аудитордук комитет жана башка коми-
теттерди түзө алат, алардын укуктук статусу өзүлөрүнүн Фонддун Дирек-
торлор кењеши бекитүүчү жоболорунда аныкталат.
10.7. Фонддун Директорлор кењеши 7 мүчөдөн турат.
10.8. Фонддун Директорлор кењешин анын төрагасы башкарат, ал ишти
уюштурат, Директорлор кењешинин заседаниелерин чакырат жана аларга тө-
рагалык кылат, заседаниелерде протокол жүргүзүүнү уюштурат.
10.9. Фонддун Директорлор кењешинин төрагасы Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан ишке дайындалат жана бошотулат. Кызматы боюнча
Директорлор кењешинин мүчөсү болуп саналуучу Фонддун башкармасынын тө-
рагасынан тышкары Фонддун Директорлор кењешинин калган 5 мүчөсү Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат, мында Директорлор
кењешинин мүчөлөрүнүн бири Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкү-
лү болуп саналат.
10.10. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси зарылдыгына жара-
ша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Фонддун Директорлор кењеши-
нин заседаниесинин өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум Ди-
ректорлор кењешинин кеминде 5 мүчөсү катышканда укуктуу болуп саналат.
Маселелерди чечүүдө Фонддун Директорлор кењешинин ар бир мүчөсү
бирден добушка ээ болот. Директорлор кењешинин бир мүчөсү добушун экин-
чи мүчөгө берүүгө жол берилбейт.
10.11. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси Директорлор
кењешинин төрагасы тарабынан жеке өзүнүн демилгеси боюнча же Директор-
лор кењешинин ар кандай мүчөсүнүн башкармасынын ар кандай мүчөсүнүн,
ички аудит кызматынын жетекчисинин, Фонддун риск-менеджеринин талабы
боюнча чакырылат.
Директорлор кењешинин заседаниесине Директорлор кењешинин төрагасы
жок болсо, заседаниеге катышуучу Директорлор кењешинин мүчөлөрү заседа-
ние башталаар алдында төрагалык кылуучуну шайлайт, ал заседаниенин өтү-
шүн жетектейт.
10.12.1. Директорлор кењешинин заседаниесин чакыруу жөнүндө талап
төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- заседаниени чакыруу демилгечисин;
- маселелерди коюу себептерин көрсөтүү менен сунушталган күн тар-
тибин;
- заседаниени өткөрүү формасын.
10.12.2. Фонддун Директорлор кењешинин төрагасы Фонддун Директор-
лор кењешинин заседаниесин тийиштүү түрдө таризделген талап берилген
күндөн тартып он жумушчу күнүнүн ичинде чакырууга милдеттүү.
10.12.3. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси жөнүндө кабар-
лоо Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси белгиленген датага чейин
кеминде беш күн мурда телефон, телеграф, факсимилдик, электрондук же
башка байланыш аркылуу Директорлор кењешинин ар бир мүчөсүнө жиберилет.
Билдирүү Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси өтүүчү күн жана
орду тууралуу кабарды жана заседаниенин күн тартибин камтууга тийиш.
10.12.4. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниесинде чечим каты-
шуучулардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштар тењ болуп калган учурда төрагалык кылуучу берген добуш
чечүүчү болуп саналат.
10.13. Кабыл алынган чечимге макул болбогон Директорлор кењешинин
мүчөсү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, бул андан Фонд-
дун Директорлор кењеши кабыл алган чечим үчүн жоопкерчиликти алып са-
лат.
10.14. Директорлор кењешинин чечими сырттан добуш берүү менен (су-
рамжылоо аркылуу) кабыл алынышы мүмкүн.
10.14.1. Сурамжылоо аркылуу Фонддун Директорлор кењешинин заседа-
ниесин өткөрүү жөнүндө чечим Фонддун Директорлор кењешинин төрагасы та-
рабынан кабыл алынат.
Бул чечим менен төмөнкүлөр бекитилүүгө тийиш:
- күн тартибинин пункттарынын баяндамасы;
- добуш берүү үчүн бюллетендин формасы (жазуу жүзүндөгү пикир);
- Фонддун Директорлор кењешинин мүчөлөрүнө берилүүчү маалыматтын
тизмеси;
- добуш берүү (жазуу жүзүндө пикир) үчүн бюллетендерди кабыл алуу-
нун дареги жана аяктоо датасы.
10.14.2. Добуш берүүдө катышкан деп - бюллетендерди кабыл алуу
аяктаган күнүнөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн өзүнүн бюллетендерин
тапшырган Директорлор кењешинин мүчөлөрү эсептелет.
10.15. Фонддун Директорлор кењешинин отурумунда протокол жүргүзү-
лөт, ал акыркы формасында отурум өткөндөн кийин 3 күндөн кечиктирбестен
түзүлүшү керек.
10.15.1. Отурумдун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- өткөрүлгөн орду жана убактысы;
- отурумга катышкан адамдар;
- отурум өткөрүү үчүн кворумдун болушу;
- күн тартиби;
- добушка коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйын-
тыктары;
- кабыл алынган чечимдер.
10.15.2. Протоколго Директорлор кењешинин отурумга катышкан бардык
мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
10.15.3. Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн пикирин сурамжылоо жолу
менен Фонддун директорлор кењешинин чечимин кабыл алууда, жазуу жүзүндө
чагылдырылган жана өз колу менен коюлган пикирлер (же добуш берүү үчүн
бюллетендер) протоколго тиркелет.
10.15.4. Фонддун директорлор кењешинин отурумунун протоколдору
Фонддун Башкармасы жайгашкан жерге сакталат. Фонддун Ички аудит кызма-
тынын мүчөлөрү, Фонддун риск-менеджери, Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү
Фонддун директорлор кењешинин отурумунун протоколдору менен таанышууга
укуктуу.
10.16. Директорлор кењешинин чечими эки күндүн ичинде Фонддун Баш-
кармасынын мүчөлөрүнө билдирилет.
10.17. Зарыл болгон учурда Директорлор кењешинин кайсы болбосун
отуруму Фонддун директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн бардыгынын макулдугу
боюнча кийинкиге жылдырылышы мүмкүн.
10.18. Фонддун директорлор кењеши отурумга Директорлор кењешинин
отурумуна катышуу үчүн үчүнчү жакты чакырууга укуктуу.
10.19. Фонддун директорлор кењешинин башкармасы жана анын мүчөлөрү
кызматтык милдеттерин аткарууда Фонд жөнүндө аларга белгилүү болуп кал-
ган конфиденциалдуу маалыматты жайылтууга же жеке пайда көрүү максатын-
да жана үчүнчү жактын кызыкчылыгына пайдаланууга тыюу салынат.
10.20. Фонддун директорлор кењешинин кењешчиси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Фонддун
директорлор кењешинин кењешчисинин ыйгарым укуктары жана функциялары
Фонддун директорлор кењеши тарабынан бекитилүүчү ички ченемдик укуктук
актылары менен аныкталат.
КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Башкарма
11.1. Фонддун ишин жетектөө Фонддун аткаруучу коллегиялык органы -
Фонддун башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.
11.2. Фонддун Башкармасы 5 мүчөдөн турат. Башкарманын мүчөлөрү
Фонддо туруктуу негизде иштешет. Фонддун Башкармасынын курамына Башкар-
манын төрагасы, анын эки орун басары жана Башкарманын мүчөлөрү кирет.
11.3. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү инвестициялоо чөйрөсүндө жо-
горку репутациялуу жана профессионалдуу тажрыйбасы бар адамдар болушу
керек.
11.4. Фонддун Башкармасынын төрагасы Директорлор кењешинин төрага-
сынын сунушу боюнча Фонддун директорлор кењеши тарабынан кызматка дай-
ындалат жана бошотулат. Фонддун Башкармасынын төрагасы бир эле учурда
Фонддун директорлор кењешинин мүчөсү болуп эсептелет.
11.4.1 Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү Фонддун Башкармасынын төра-
гасынын сунушу боюнча Фонддун директорлор кењеши тарабынан кызматка
дайындалат жана бошотулат.
11.5. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү-
дөй себептер боюнча токтотулат:
- өзүнүн ыйгарым укуктарын тийиштүү эмес аткаруу же аткарбоо;
- Фонддун Башкармасынын ишинде үч ай бою катышпоо;
- өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүн эмес болгон учурда (респуб-
ликанын чегинен сыртка узак мөөнөткө чыгуу, ооруу ж.б.);
Фонддун директорлор кењеши Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн иш-
мердигин токтотуунун башка себептерин белгилөөгө укуктуу.
11.6. Фонддун Башкармасынын компетенциясына төмөнкүдөй маселелер
таандык кылынат:
- Фонддун оперативдүү ишмердигин уюштуруу жана жүргүзүү;
- Фонддун директорлор кењешинин чечиминин аткарылышын уюштуруу жа-
на камсыздоо;
- Директорлор кењешине Фонддун башкармасынын ишмердиги, финан-
сы-чарбалык абалы, Фонддун саясатынын стратегиялык багыттарын ишке ашы-
руу ж.б. жөнүндө ар айлык отчет даярдоо жана берүү;
- Фонддун Башкармасынын Фонддун бюджетин аткаруу жөнүндө жылдык
отчет, Фонддун директорлор кењеши тарабынан бекитүү үчүн чыгашалар жана
кирешелер жөнүндө отчет даярдоо жана берүү, ошондой эле Фонддун актив-
дерин жана пассивдерин башкаруу маселелерин кароо, эсептерди уюштуруу
жана жүргүзүү, банктык операцияларды жүргүзүү, ички аудитти жана конт-
ролду камсыздоо, Фонддун мүлкүн сактоо, ошондой эле Фонддун учурдагы
ишмердигинин башка маселелери;
- филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле Фонддун башка тү-
зүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ишмердигине жалпы жетекчилик жүргүзүү менен бай-
ланышкан маселелерди чечүү;
- Уставдын 8.2.1-пунктуна ылайык түзүлгөн Фонддун резервине чеге-
рүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо;
- Фонддун штаттык санын бекитүү;
- Фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жана тартибин
аныктоо;
- ички ченемдик актыларды бекитүү (Фонддун директорлор кењешинин
компетенциясына таандык кылынган чечимдерден тышкары);
- Фонддун директорлор кењеши тарабынан бекитүү үчүн берилүүчү Фон-
ддун жылдык отчетун, балансын жана башка отчеттук документтерди алдын
ала кароо;
- алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл
алууга карата Фонддун директорлор кењешине сунуш берүү;
- Фонддун уставына ылайык Фонддун директорлор кењешинин компетен-
циясына кирбөөчү Фонддун ишмердигинин башка маселелерин кароо.
11.7. Фонддун башкармасынын төрагасы Фонддун ишмердигинин маселе-
лери боюнча оперативдүү жана аткаруу-тескөөчү чечимдерди кабыл алуу,
Фонддун атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип-
те келишимдерди (макулдашууларды) түзүү ыйгарын укуктарына ээ.
11.8. Фонддун башкармасынын төрагасы ишеним катсыз Фонддун атынан
чыгат жана:
- Фонддун ишмердигине оперативдүү жетектөө жүргүзөт;
- финансылык жана тескөөчү документтерге биринчи кол коюуга укук-
туу;
- Фонддун таламдарын Кыргыз Республикасынын ичинде, ошондой эле
анын чегинен сырттагы бардык эл аралык уюмдарында, мамлекеттик бийлик
органдарында жана башкармалыктарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкында жана Кыргыз Республикасынын башка мекемелеринде жана уюмдарын-
да көрсөтөт;
- Фонддун башкармасынын мүчөлүгүнө талапкерликти Фонддун директор-
лор кењешинин тарабынан бекитүү үчүн берет;
- кадрларды тандоо, даярдоо жана жайгаштырууну, жумушка кабыл
алууну жүргүзөт, Фонддун кызматкерлери менен эмгек келишимдерин түзөт
(Башкарма мүчөлөрүнөн тышкары), кызматкерлерге сый акы төлөө чараларын
колдонот жана аларга айып салат;
- Башкарманын ишине жетекчилик жүргүзөт, анын отурумдарында төра-
галык кылат;
- Фонддун атынан ишеним кат берет;
- ушул Устав, башка ички ченемдик актылар жана Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдары менен белгиленген алкакта Фонддун мүлкүн тескейт;
- Фонддун бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү
приказдарды, буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Фонддун уставы, башка ичик ченемдик актылар жана Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдары менен бекитилген функциялардан тышкары, Фонддун
ишмердигинин максатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Устав-
га башка ички ченемдик актыларга жетүү жана анын нормалдуу иштешин кам-
сыздоо үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат;
- кызматкерлерге сый акы төлөө өлчөмүн жана шартын аныктайт.
11.9. Фонддун башкармасынын төрагасы кызматтык иш сапарда, отпус-
када болсо же башка олутту себептер боюнча жумушта жок болгон учурда
Башкарманын төрагасынын ыйгарым укуктары Фонддун башкармасынын төрага-
сынын тиешелүү буйругунун негизинде анын орун басарына өтөт.
11.10. Фонддун башкармасы Фонддун директорлор кењешине факт келип
чыккан учурдан тартып 5 күндүн ичинде маалыматты, ошондой эле төмөнкү-
лөрдүн келип чыгуу себептерин жиберүүгө милдеттүү:
- Фонддун активдеринин наркынын 10 проценттен ашык бир жолку кө-
бөйүшү же азайышына алып келген фактылар;
- Фонддун таза кирешесинин же таза чыгашаларынын 10 проценттен
ашык бир жолку көбөйүшүнө алып келген фактылар;
- өлчөмү же мүлкүнүн наркы бүтүм түзүлгөн күнгө карата Фонддун ак-
тивдеринен 10 же андан ашык проценттерди түзгөн бир жолку бүтүмдөрдүн
фактылары.
11.11. Фонддун башкармасынын ишин уюштуруу:
11.11.1. Фонддун башкармасынын чечими Фонддун башкармасынын компе-
тенциясына таандык маселелерди чечүүдө зарылчылык келип чыккандыгына
жараша өткөрүлүүгө тийиш болгон Башкарманын отурумдарында кабыл алынат.
11.11.2. Башкарманын отурумдары Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн
биргелешкен катышуу формасында өтөт (анын ичинде конференц-байланышты
пайдалануу менен).
11.11.3. Фонддун башкармасынын отурумдары Башкарманын төрагасынын
демилгеси же төмөнкүлөрдүн талабы боюнча чакырылат:
- Фонддун башкармасынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн);
- Ички аудит кызматынын же Фонддун риск-менеджеринин;
- Фонддун директорлор кењешинин, ошондой эле Фонддун уставы менен
аныкталган башка адамдарынын.
11.11.4. Башкарманын отурумдарын өткөрүү үчүн кворум Фонддун баш-
кармасынын 4 мүчөсүнөн кем эмесин түзөт.
11.11.5. Башкарманын мүчөлөрүнүн саны аталган кворумду түзүүчү са-
нынан кем болуп калган учурда Коомдун директорлор кењеши Башкарманын
сандык курамын жана мүчөлөрдү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууга мил-
деттүү.
11.11.6. Фонддун башкармасы чечим кабыл алууда Башкарманын отурум-
га катышкан мүчөлөрү добуш берүү жолу менен күн тартибинин маселелери
боюнча өзүнүн пикирин билдирет.
11.11.7. Фонддун башкармасынын отурумундагы чечимдер Башкарманын
мүчөлөрүнүн үчтөн кем эмес добушу менен отурумга катышуучулардын көпчү-
лүк добушу менен кабыл алынат.
11.11.8. Фонддун башкармасынын отурумунда чечим кабыл алууда Баш-
карманын ар бир мүчөсү бир добуш берүүгө укуктуу.
11.11.9. Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнө добуш берүү укугун башка
адамга, анын ичинде Башкарманын башка мүчөсүнө өткөрүп берүүгө жол бе-
рилбейт.
11.11.10. Добуштар тењ болуп калган учурда төрагалык кылуучунун
добушу чечүүчү болуп эсептелет.
11.11.11. Фонддун башкармасынын отурумунда протокол жүргүзүлөт.
11.11.12. Фонддун башкармасынын отурумунун протоколу ал өткөн
күндөн кийин 3 күндөн кечиктирбестен түзүлөт.
11.11.13. Отурумдун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- өткөрүлгөн орду жана убактысы;
- отурумга катышкан адамдар;
- отурум өткөрүү үчүн кворумдун болушу;
- күн тартиби;
- добушка коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйын-
тыктары;
- кабыл алынган чечимдер.
11.11.14. Протоколго Директорлор кењешинин отурумга катышкан бар-
дык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
11.11.15. Фонд Фонддун башкармасынын отурумдарынын протоколун
Фонддун жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар
рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бел-
гиленген тартипте жана мөөнөттөрдө сактоого милдеттүү.
11.11.16. Фонд Фонддун директорлор кењешинин мүчөлөрүнө, ички ау-
дит кызматына, Риск-менеджерге Фонддун отурумдарынын протоколуна эркин
жетүүсүн камсыз кылышы керек.
11.12. Башкарманын төрагасы жана Фонддун башкарма мүчөлөрү Фонд
жөнүндө конфиденциалдуу жана ички маалыматты жайылтууга же жеке пайда
көрүү максатында жана үчүнчү жактын кызыкчылыгына пайдаланууга тыюу са-
лынат.
11.13. Башкарма мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Уставдын жоболорун жана Фон-
ддун башка ички документтерин, ошондой эле Фонддун аны менен түзүлгөн
келишимди сактоого;
- Фонддун директорлор кењешинин компетенциясынын чектеринде берил-
ген чечимдерди аткарууга;
- Директорлор кењешинин талабы боюнча, бирок кварталына бир жолу-
дан кем эмес Фонддун директорлор кењешинин кароосуна Фонддун башкарма-
лыгынын ишмердигинин планын берүүгө жана аталган пландарды аткаруу Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Фонддун директорлор кењешинин ал-
дында отчет берүүгө;
- Фонддун ички документтери менен жүктөлгөн башка милдеттерди са-
паттуу аткарууга;
- Башкарманын отурумдарына туруктуу катышууга (Фонддун директорлор
кењеши олуттуу себептерсиз Башкарманын отурумдарына катышпаган Башкар-
манын мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакырып алууга укуктуу);
- Фонддун финансы-чарбалык ишмердигине таасир бере турган аларга
белгилүү болгон фактылар жөнүндө Фондду маалымдоого.
11.14. Фонддун башкармасынын жоопкерчилиги:
11.14.1. Башкарма Фонддун максаттарын, стратегиясын жана саясатын
аткарууга жооптуу болот.
11.14.2. Фонддун башкармасынын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарбаганы
же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн, ошондой эле алардын жазыктуу иште-
ринен (аракетсиздигинен) Фондго келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык жооп тартышат.
11.14.3. Фондду зыянга учураткан чечимге каршы добуш беришкен же
добуш берүүгө катышпаган Фонддун мүчөлөрү Фондго келтирилген зыян үчүн
жоопкерчиликке тартылышпайт. Эгер жоопту бир нече адам тартса, алардын
Фонддун алдындагы жоопкерчилиги чогуу болот.
11.14.4. Башкарма Фонддогу бухгалтердик иштин уюштурулушу, абалы
жана тууралыгы, ар жылдык отчеттун жана башка финансылык отчеттордун,
ошондой эле Фонддун иши жөнүндө үчүнчү жактарга маалыматтардын тийиштүү
органдарга өз убагында берилиши үчүн жоопкерчиликте болот.
11.14.5. Фонддун Башкармасы чечимдерди кабыл алууда опурталдарды
жана Фонддун ишинин узак мөөнөттөгү жана кыска мөөнөттөгү жагдайларында
мүмкүн болуучу натыйжаларын кылдат эске алууга милдеттүү.
11.14.6. Фонддун Башкармасы кыйла негиздүү чечим кабыл алуу үчүн
зарыл маалыматты алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,
Уставдын жана Фонддун башка ички документтеринин чегинде таза, максат-
туу жана ылайыктуу аракеттенүү менен бардык керектүү чараларды көрүүгө
тийиш.
11.14.7. Фонддун Директорлор кењеши зыяндын келишине күнөөлүү Баш-
карма мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга жана Фонддун алдындагы
милдеттенмелерин бузганы үчүн жоопко тартууга чара көрөт.
11.14.8. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү Фонддун кызыкчылыгында
аракеттенүүгө милдеттүү. Фонддун Башкармасынын мүчөсү Фонддун иш чөйрө-
сүндө ачылган мүмкүнчүлүктөрүн жеке кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
11.14.9. Эгер Фонддун Башкармасынын мүчөсү Фонд түзүүчү бүтүмдө
финансылык же башка кызыкчылыгы болсо, анда төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) ал жөнүндө Фонддун Башкармасына жана Фонддун Директорлор кење-
шине өз убагында жазуу жүзүндө билдирүүгө;
б) бүтүм түзүү үчүн Фонддун Директорлор кењешинин жана Башкармасы-
нын кызыкдар эмес мүчөлөрүнөн жазуу жүзүндө уруксат алууга;
в) ал маселе боюнча добуш бербөөгө.
11.14.10. Фонддун Башкармасынын мүчөсүнүн бүтүм түзүүгө кызыкчылы-
гы деп финансылык же башка бүтүмдө бир тарабы Фонд, ал эми экинчи тарап
Башкарманын мүчөсү же Башкарманын мүчөсү түз же кыйыр кызыкчылыгы бар
үчүнчү тарап болоору түшүнүлөт.
11.14.11. Башкарманын мүчөсүнүн финансылык кызыкчылыгы төмөнкүлөр-
дү билдирет жана алар менен эле чектелбейт:
- ал Фондго товарларды негизги берүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүү-
чүлөрдүн менчик ээси же кредитору болгон же алар менен эмгектик мамиле-
де болгон, же Фонд чыгаруучу товарлардын негизги сатып алуучусу же көр-
сөтүүчү кызматтардын кардары болгон учурлар;
- толугу менен же айрым бөлүгү Фонддун мүлкүнөн түзүлгөн жеке же
юридикалык жактын менчик ээси же кредитору болгон же анын менен эмгек-
тик мамилеси болгон же Фонддун мүлкүн башкаруудан киреше алууга укуктуу
болгон учурлар.
12. Фонддун ички аудит кызматы
12.1. Ички аудит кызматынын ишинин максаты жана милдеттери.
12.1.1. Ички аудит кызматынын ишинин максаты - бул Фонддо ички
контроль системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле
Фонддун аткаруучу кызмат адамдарына тапшырылган милдеттердин бекитилген
кызматтык нускамаларга ылайык аткарылышынын сапатын, мыйзамдардын сак-
талышын жана эсеп жүргүзүүнүн адекваттуулугун жана башка маселелерди эл
аралык стандарттарга ылайык текшерүү жана баалоо.
12.1.2. Ички аудит кызматынын негизги милдеттери төмөнкүлөрдү кам-
сыздоодо турат, алар:
- Фонддун мыйзамдардын талаптарын жана Фонддун нормативдик актыла-
рын аткарылышы;
- Фонддун кызыкчылыгына тиешелүү бардык чечимдерди кабыл алууда
белгиленген жол-жоболордун жана ыйгарым укуктардын документтерде анык-
талышы жана сакталышы;
- Директорлор кењешине Фонддун ишиндеги аныкталган кемчиликтерди
жана чекиликтерди жоюуга багытталган өз учурундагы жана натыйжалуу ча-
раларды көрүү зарылдыгы жөнүндө сунуштардын киргизилиши;
- өз ишинде тобокелдерди натыйжалуу башкаруу боюнча талаптардын
аткарылышы;
- Фонддун активдеринин сакталышы;
- эсепте фонддун операцияларынын туура чагылдырылышы;
- Фонддун иши жана ага байланыштуу тобокелдер жөнүндө туура маалы-
мат алууга мүмкүндүк берүүчү отчеттун тийиштүү абалы;
- тышкы аудиторлор, мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө орган-
дары менен натыйжалуу өз ара байланышта болуу.
12.2. Фонддун ички аудит кызматынын функциялары:
12.2.1. Ички контроль кызматын уюштуруу боюнча рекомендацияларды
эске алуу менен Фондго жана анын филиалдарына ички аудит жүргүзүү менен
кошо уюштуруу структурасын, уюштуруу регламенттерин, методикалык мате-
риалдарды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүү.
12.2.2. Директорлор кењеши бекиткен текшерүүлөр графигине ылайык
филиалдарда текшерүү жүргүзүү жолу менен Фонддун филиалдарынын иштерин
контролдоо.
12.2.3. Тобокелдерди баалоо методологиясынын жана тобокелдерди
башкаруу жол-жоболорунун колдонулушун жана натыйжалуулугун контролдоо.
12.2.4. Ички контроль процесстеринин жана жол-жоболорунун, систе-
масынын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү.
12.2.5. Фонддун маалымат системасынын абалын контролдоо менен кошо
маалыматтык базалардын бүтүндүгүн жана уруксатсыз кирүүдөн же пайдала-
нуудан корголушун, болжолдонбогон кырдаалдар болчу учурларга карата ча-
ра көрүү пландары болушун контролдоо.
12.2.6. Бухгалтердик эсептин жана отчеттун тууралыгын, толуктугун
жана өз убагында болушун контролдоо.
12.2.7. Мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарына башка маалымат-
тардын нормативдик укуктук актыларга ылайык туура, толук, объективдүү
жана өз убагында берилишин контролдоо.
12.2.8. Ички контроль системасынын натыйжалуулугуна баалоо жүргү-
зүү.
12.2.9. Фонддун ички документтеринин Кыргыз Республикасынын норма-
тивдик укуктук актыларына шайкештигин контролдоо.
12.2.10. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын тийиштүү жыйын-
тыктоочу документтер менен тариздөө (текшерүү актысы, корутунду, баян-
дама кат же башкалар).
12.2.11. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын Фонддун Директорлор кењешине
жана тийиштүү подразделениелерге чекиликтерди жана кемчиликтерди жоюу,
ошондой эле конкреттүү кызматкерлердин иштерин анализдөө максаты үчүн
берүү.
12.2.12. Фонддун подразделениелеринин (филиалдарынын) иштеринде
текшерүү жүргүзүү учурунда аныкталган чекиликтерди жана кемчиликтерди
жоюу боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу.
12.2.13. Фонддо ички контролдун абалы жөнүндө жылдык отчетту даяр-
доо.
12.3. Фонддун ички аудит кызматы өз ишин Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына, Фонддун Уставына жана Ички аудит кызматы жөнүндө жобого
ылайык жүргүзөт.
12.4. Ички аудит кызматы төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ.
12.4.1. Текшерилчү подразделениенин жетекчилеринен жана алар ыйга-
рым укук берген кызматкерлеринен текшерүү жүргүзүү үчүн керектүү доку-
менттерди алууга, анын ичинде:
- Фонддун жана анын подразделениелеринин жетекчилиги чыгарган при-
каздарды жана башка тескөөчү документтерди;
- бухгалтердик, эсептик-отчеттук документтерди жана акча-эсеп бо-
юнча документтерди;
- Фонддун текшерилчү подразделениесинин ишин компьютердик камсыз-
доого байланыштуу документтерди.
12.4.2. Зарыл болсо ички аудиттин маселелерин чечүү үчүн Фонддун
башка структуралык подразделениелеринин кызматкерлерин ишке тартууга.
12.4.3. Текшерилчү подразделениенин жайына, ошондой эле документ-
терди сактоочу жайларга (архивдерге), акча жана баалуулуктарды сактоочу
жайга (акча сактагычтарга), маалыматтардын компьютердик иштетүүчү (ком-
пьютердик залга) жана машиналык сактагычтардагы маалыматтарды сактоочу
жайларга кирүүгө.
12.4.4. Алынган документтердин копияларын, анын ичинде файлдардын
копияларын, локалдуу эсептөөчү тармактарда жана автономдуу компьютердик
системаларда сакталып турган ар кандай жазуулардын копияларын текшерил-
чү подразделениенин катышуусу менен алууга.
12.5. Ички аудит кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Фонддун подразделениелерин жана айрым кызматкерлерин алардын иш-
тери мыйзамдын, нормативдик актылардын талаптарына жана кесиптик иштин
стандарттарына, Фонддун ишин жана саясатын аныктачу ички документтерге,
кызматтык нускамаларга ылайыктыгын такай текшерүү жолу менен туруктуу
контроль жүргүзүүгө;
- текшерүүнүн ар бир фактысын толук документтештирүүнү камсыздоого
жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен текшерүү учурунда изилденген бардык
маселелерди, аныкталган кемчиликтерди жана чекиликтерди, аларды жоюу
боюнча рекомендацияларды чагылдыруучу корутунду тариздөөгө;
- жол берилген чекиликтерди жоюу боюнча рекомендациялардын жана
көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдоого;
- тийиштүү подразделениелерден алынган документтердин сакталышын
жана кайра берилишин камсыздоого;
- текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Фонддун жана Фонддун тийиштүү
подразделениелеринин жетекчилигине чекиликтерди жоюу боюнча чара көрүү
үчүн, ошондой эле Фонддун конкреттүү кызматкерлеринин иштерин анализдөө
максаты үчүн корутунду берүүгө;
- Фонддун жетекчилигине төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө:
- Фонддун кызматкерлери мыйзамды, нормативдик документтерди, ички
документтерди бузушкан бардык аныкталган учурлар жөнүндө;
- Фонддун текшерилчү подразделениелеринин жетекчилери жол берилген
чекиликтерди жоюу боюнча көрүшкөн чаралар жана алардын жыйынтыктары
жөнүндө;
- ички аудит кызматынын иштешине байланыштуу Фонд белгилеген
жол-жоболор бузулган бардык учурлар жөнүндө;
- кызматтык мүнөздөгү маалыматтардын жашырындыгын камсыздоого.
12.5.1. Ички аудит кызматынын жетекчиси ички аудит кызматынын мил-
детине кирген маселелер боюнча маалымат берилбеген же өз убагында маа-
лымдалбаган учурларда жеке жоопкерчилик тартат.
12.6. Фонддун подразделениелеринин кызматкерлери ички аудит кызма-
тынын кызматкерлерине алар өз функцияларын аткарышына төмөнкүдөй жардам
көрсөтүүгө тийиш:
- текшерүүчүлөрдүн талабы боюнча бардык керектүү маалыматтарды,
түшүндүрмөлөрдү, документтерди, нускамаларды берүү;
- маалымкаттарды жана документтердин копияларын Фонддун текшерилчү
подразделениесинин кызмат адамынын колу менен ырастоо;
- зарыл болсо берилген документтердин копияларын чыгарууга же Фон-
ддун ички аудит кызматынын кызматкерлерине копияларды өз алдынча чыга-
рып алууга мүмкүндүк берүү.
12.7. Фонддун операцияларын жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу жана эрежеси
бузулганы жөнүндө, ошондой эле Фондго зыян келтирилген фактылар белги-
лүү болгон Фонддун кызматкерлери ал фактыларды өзүнүн тике жетекчисине
жана Фонддун ички аудит кызматына билдирүүгө милдеттүү.
12.8. Фонддун ички аудит кызматы өзүнүн иши жөнүндө Фонддун Дирек-
торлор кењешине айына бир жолудан кем эмес, төмөнкүдөй түрдө отчет бе-
рет:
- Фонддун ички аудит кызматынын Фонддун Директорлор кењешинин ре-
комендацияларын аткаруу жана аныкталган чекиликтерди жоюу боюнча көрүл-
гөн чаралар жөнүндө маалымат берүүсү;
- жылдык отчет менен кошо Фонддогу ички контролдун абалы жөнүндө
отчет берүүсү.
13. Тобокелдин менеджери
13.1. Тобокелдин менеджерин Фонддун Директорлор кењеши дайындайт.
Директорлор кењеши тобокелдин менеджеринин укуктарын, милдеттерин жана
анын Фонддун Башкармасы менен өз ара байланышта иштешүүсүнүн тартибин
аныктайт.
13.2. Тобокелдин менеджери Фонддун тобокелдерди башкаруу боюнча ар
күндүк иши үчүн жооптуу болот.
13.3. Тобокелдин менеджери ай сайын кеминде бир жолу Фонддун Ди-
ректорлор кењешине отчет берет. Утурумдук иштерди жүргүзүүдө жана че-
чимдерди тез кабыл алуу үчүн тобокелдин менеджери Фонддун Башкармасынын
тобокелдерди башкаруу үчүн жооптуу мүчөсү менен тыгыз кызматташууга
тийиш.
13.4. Тобокелдин менеджеринин ишин Фонддун ички аудит кызматы тек-
шерүүгө тийиш.
13.5. Фонддун Башкармасы тобокелдин менеджери Фонддун башка под-
разделениелеринен кез карандысыз болушун камсыздоо жана анын ишине кө-
мөк көрсөтүлүшү үчүн жооптуу болот.
13.6. Тобокелдин менеджери өзүнүн ишин Фонддун башка подразделени-
елерине көз карандысыз жүргүзөт. Тобокелдин менеджери тобокелдерди баш-
каруудан тышкары иштин башка түрлөрү үчүн жооп бербейт.
13.7. Тобокелдин менеджеринин Директорлор кењеши аныктаган милдет-
терине төмөнкүлөр кирүүгө тийиш:
- тобокелдерди башкаруу максатында Фонддун башка подразделениеле-
ринен алуу зарыл болгон негизги маалыматтарды аныктоо;
- болгон маалыматтарды чогултуу, аларды талдоо жана тобокелдин
чөйрөсүн аныктоо;
- Фонддун Директорлор кењешине жана Башкармасына тобокел боюнча
позициялар жана анын тенденциялары жөнүндө маалымдоо жана аныкталган
тобокелдерди контролдоо жана азайтуу чаралары жөнүндө рекомендацияларды
берүү;
- тобокелдерди башкаруу боюнча ички саясатты иштеп чыгуу;
- тобокелдерди башкаруу системасындагы кийинки өнүгүү
- тенденциялары жөнүндө маалыматтуу болуу жана Фонддун жетекчили-
гине жана кызматкерлерине тобокелдерди башкаруунун учурдагы саясаты жө-
нүндө маалымдоо;
- Фонддун Директорлор кењешинин жана Башкармасынын талабы боюнча
бардык ар кандай конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу.
14. Фонддун бюджети, эсеби, отчеттуулугу
жана тышкы (көз карандысыз) аудити
14.1. Фонддун финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошо
камтуу менен белгиленет.
14.2. Фонддун Башкармасы ар жыл сайын Фонддун бюджетинин аткарылы-
шы, Фонддун балансы, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет даярдайт.
Фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту Фонддун Директорлор кење-
ши бекитет.
14.3. Фонд бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө жана финансылык отчет бе-
рүүгө милдеттүү, анын мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмеси жана берүү-
нүн тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик актыла-
ры менен белгиленет.
14.4. Бухгалтердик эсептин жана башка отчеттордун уюштурулушу,
абалы, тууралыгы, ар жылдык отчеттун жана башка финансылык отчеттун,
ошондой эле Фонддун иши жөнүндө маалыматтардын тийиштүү органдарга, ак-
ционерлерге, кредиторлорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына өз уба-
гында берилиши үчүн Фонддун Башкармасы жооптуу болот.
14.5. Фонддогу, анын филиалдарындагы жана өкүлчүлүктөрүндөгү эсеп
саясатын, документтердин жүгүртүлүшүн уюштуруу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык Фонддун Башкармасы тарабынан аныкталат.
14.6. Фонд төмөнкүдөй отчетторду берет:
- эгер андай бар болсо, бюджеттин аткарылышы боюнча ыйгарым укук-
туу органга республикалык бюджеттин каражаттарынын сарпталышы жөнүндө
квартал сайын;
- Фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, Фонддун Директорлор
кењеши бекиткенден кийин Фонддун аудитордук текшерүүдөн өткөн финансы-
лык отчетун, ошондой эле Фонддун иши жөнүндө Фонддун Директорлор кењеши
аныктоочу башка отчетторду - отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрели-
нен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешине.
14.7. Фонддун администрациялык сарптоолорунун ар жылдык бюджетин
Башкарма түзөт жана финансылык планга киргизилет, бирок Фонддун акыркы
отчеттук датага карата активдеринин наркынын 2 процентинен ашык болушу
мүмкүн эмес. Фонддун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин эмгек акысы
штаттык расписаниеге ылайык, кредиттик-финансылык мекемелердеги тийиш-
түү кызмат орундун орточо эмгек акысынын өлчөмүнө жараша аныкталат.
Фонддун администрациялык сарптоолорунун бюджетинин ар жылдык долбоорун
Фонддун башкармасы даярдайт жана Фонддун Директорлор кењеши бекитет.
14.8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Фонддун жылдык финан-
сылык отчетун отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-июлуна чейин карайт.
14.9. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү
түрдө жарыяланууга тийиш болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо кара-
жаттарына жарыялоого милдеттүү.
14.10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Фонддун финансылык
жылы аяктагандан кийин алты айдан кечиктирбестен Фондго аудит жүргүзүү
жөнүндө чечим чыгарат жана Фонддун Директорлор кењешинин сунушу боюнча
эл аралык кадыр-баркы жакшы аудитордук фирманы аныктайт.
14.11. Аудитордук фирма менен Фонддун финансылык жылдын жыйынтыгы
боюнча иштерине аудит жүргүзүү жөнүндө келишимди Фонддун атынан Фонддун
Директорлор кењешинин ыйгарым укуктуу мүчөсү түзөт.
14.12. Фонд аудитордук фирма менен түзүлгөн келишимге ылайык от-
четту жана эл аралык аудитордук практикага ылайык аудитордук текшерүү
жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды берет.
14.13. Аудитордук фирманын Фондго аудит жүргүзүү боюнча кызматына
акы Фонддун өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт.
15. Фондду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
15.1. Фондду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
16. Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
16.1. Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылат.
16.2. Эгер Уставдын жоболорунун бири жараксыз болуп калса, анда ал
калган жоболорго тиешеси болбойт.
16.3. Жараксыз жоболор мыйзамдык жактан жол берилчү же алмаштырыл-
чуга мааниси жагынан жакын жоболорго ушул Уставда белгиленген тартипте
алмаштырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-мартындагы №188 "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 25-августундагы №469 « Кыргыз Республикасынын ѳнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомун…Постановление · 20.03.2009 · № 188
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндөЗакон · 06.08.2007 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябры № 577"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 15.10.2008 · № 577 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 678 "Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1 жана 8/2 дарегинде жайгашкан имараттарды жана курулмаларды жанаша жаткан жер участкалары менен…Постановление · 03.11.2009 · № 678
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 05.12.2013 · № 657 · Күчүн жоготкон