Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-декабры № 657 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 387-1-статья менен толукталсын:
"387-1-статья. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүүнүн, колдонуунун жана кайтаруунун эрежелерин бузуу Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүүнүн, колдонуунун жана кайтаруунун эрежелерин бузуу - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 390-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 508-статьянын 1-бөлүгү "382" цифраларынан кийин ", 387-1" цифралары менен толукталсын.
4. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун экинчи абзацы "82-1" цифраларынан кийин ", 387-1" цифралары менен толукталсын.
2-берене. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 42-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте берилет жана колдонулат. Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекетке кайтарылууга тийиш. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүүнүн, колдонуунун жана кайтаруунун эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.". 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы № 4799-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.02.2015 · № 4799-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4092-V ""Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.05.2014 · № 4092-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы №4695-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.01.2015 · № 4695-V
Шилтеме берет (3)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 25-августу, №469 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө".Постановление · 02.09.2008 · № 469
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 678 "Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1 жана 8/2 дарегинде жайгашкан имараттарды жана курулмаларды жанаша жаткан жер участкалары менен…Постановление · 03.11.2009 · № 678
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон