Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 ноября 2020 года № 579 "Об утверждении Положения о свидетельстве на возвращение в Кыргызскую Республику и описания бланка свидетельства на возвращение в Кыргызскую Республику"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-11-26.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 30-июлу № 407
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына алар инсандыгын тастыктоочу докумен- ттерди жоготуп жиберсе Кыргыз Республикасына киришине көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн сүрөттөлүшү;
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкасынын үл-
гүсү;
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтириш- син.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касына кайтыл келүүгө күбөлүктүн колдонууга киргизилиши жөнүндө чет мамлекеттерге маалымдоону камсыз кылсын.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө- лүмүнө жана тышкы байланыштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн СҮРӨТТӨМӨСҮ
1. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн (мындан ары кү-
бөлүк) бланкы бирдиктүү үлгүдө ачылган китеп формасында мамлекеттик, расмий жана англис тилиндеги бардык реквизиттери менен жасалат.
2. Күбөлүктүн бланкы 142 x 318 мм өлчөмдө болот жана үчкө бүктө-
лөт.
3. Күбөлүктүн ички бети үч бөлүктөн турат, сол жактагы бөлүгү мам-
лекеттик жана расмий тилдерде жазылат, ал эми ортоњку бөлүгү англис ти- линде жазылат. Сол бөлүгүнүн жогорку сол бурчуна кызыл түстөгү шрифт менен "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" тексти, ал эми ортоњку бөлүгүнө тиешелүү түрдө "THE KYRGYZ REPUBLIC " деп жазылган. Сол жана ортоњку бөлүктөрүнүн жогорку оњ бурчуна Кыргыз Республи- касынын Мамлекеттик гербинин алтын түстөгү сүрөттөлүшү түшүрүлгөн. Сол жана ортоњку бөлүктөрүнүн сол тарабынын ылдый жагына күбөлүктүн берилген датасы жазылат. Андан ары сол бөлүгүнүн ортосуна мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй жазуулар жайгашкан: "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө КҮБӨЛҮК СВИДЕТЕЛЬСТВО на возвращение в Кыргызскую Республику". Тиешелүү түрдө ортоњку бөлүгүндө - "CERTIFICATE for returning to the Kyrgyz Republic" деген жазуу бар. Күбөлүктүн аталышы кыргыз жана англис тилдеринде жоон шрифт менен басылган. Төмөн жагында төмөнкү мазмундагы текст жазылган: "Ушуну көргөзгөн Кыргыз Республикасынын жараны Предъявитель настоящего свидетельства гражданин Кыргызской Респуб- лики. _______________________________________________________________________ (Фамилиясы, аты, атасынын аты/ Фамилия, имя, отчество) _______________________________________________________________________ (туулган жылы жана жери/ дата и место рождения) Тиешелүү түрдө ортоњку бөлүгүндө төмөнкү текст жазылган: "The bearer of present Certificate is citizen of the Kyrgyz Repub- lic" _______________________________________________________________________ (date and place of birth) Сол бөлүгүнүн экинчи абзацында төмөнкү текст жазылган: "Кыргыз Республикасына жөнөтүлөт, ал менен: Направляется в Кыргызскую Республику, с ним следуют: _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Негизи/Основание _______________________________________________". Тиешелүү түрдө ортоњку бөлүктүн экинчи абзацында төмөнкүдөй текст жазылган: "Is going to the Kyrgyz Republic accompanied by: _______________________________________________________________________ Reason _________________________________________________________". Барактын сол жана ортоњку бөлүктөрүнүн сол жагындагы төмөнкү бур- чуна күбөлүк ээсинин 3 x 4 өлчөмүндөгү сүрөтү чаптала турган орун бел- гиленген. Сол бөлүгүнүн оњ жактагы төмөнкү бурчуна төмөнкү текст жазылган: "200___-жылдын "_____"__________ чейин жарактуу.
Кыргыз Республикасынын Консулу Консул Кыргызской Республики колу/подпись ___________________". Тиешелүү түрдө ортоњку бөлүктүн оњ жактагы төмөнкү бурчуна төмөнкүдөй текст жазылган: Validi until "____"_____________ 200 _______ Consul of the Kyrgyz Republic Signature ___________________".
4. Ички бетинин бөлүгү виза коюу үчүн арналган.
5. Күбөлүктүн бланкынын КО МРА сериясы жана номери 7 разряддан
турган сандык белгиленишке ээ болот жана ички бетинин бардык бөлүгүнүн төмөнкү оњ бурчунда жайгашкан.
6. Тышкы бетинин оњ жагында:
ортосунда - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин түстүү сү- рөттөлүшү; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшүнүн ылдый жагында - мамлекеттик, расмий жана англис тилиндеги төмөнкү жазуулар: "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө КҮБӨЛҮК СВИДЕТЕЛЬСТВО на возвращение в Кыргызскую Республику CERTIFICATE for returning to the Kyrgyz Republic".
7. Сырткы бетинин сол жана ортоњку бөлүктөрү виза коюуга арналган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын…Постановление · 26.11.2020 · № 579
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 ("Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө") ЖобосуПоложение · 30.07.2008 · № 407 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтомуПостановление · 26.11.2020 · № 579
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 133 токтомуПостановление · 20.03.2015 · № 133
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы №250 токтомуПостановление · 23.05.2018 · № 250
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону…Постановление · 22.05.2017 · № 299 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону…Постановление · 20.03.2015 · № 133 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2018 · № 250
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23 декабрындагы № 874 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 23.12.2015 · № 874 · Күчүн жоготкон