КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 “Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жоголгон документтерин тариздөөгө көмөк көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 “Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жободо:
- 5-пункттун “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) келген мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, арыз берүүчүнүн паспортунун жоголгондугу боюнча кайрылган фактыны тастыктоочу документ (протокол, маалымкат жана ж.б.). Ар кандай жагдайларга байланыштуу документти (маалымкат, талон-билдирүү, протокол жана ж.б.) берүүгө мүмкүн болбогон учурда арыз берүүчү паспортунун жоголгондугунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет;”.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан компетенттүү органдардан адамдын Кыргыз Республикасынын жараны экендиги тууралуу тастыктама жана № 1 формадагы арыздын көчүрмөсү алынган учурда, мурда берилген жалпы жарандык паспорт жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-card) жараксыз деп эсептеле тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлунун № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.07.2008 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон