Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 8 декабря 2010 года №317 "О совершенствовании процесса реализации Инициативы прозрачности добывающих отраслей в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-12-08.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы N 317 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 16-июлу № 382
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун
жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы
чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасы орду толбос жаратылыш ресурстарын казып алуу-
дан түшкөн мамлекеттик кирешелердин ачык-айкындуулук дењгээлин жогору-
латуу жана кедейликти кыскартуу жана өлкөнүн туруктуу экономикалык
өнүгүшү үчүн аталган тармактан бюджеттик түшүүлөрдү натыйжалуу пайдала-
нууну жакшыртуу максатында "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин
ачык-айкындуулугун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 токто-
муна ылайык Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жого-
рулатуу демилгесине (мындан ары - КТИАЖД) кошулган.
Кыргыз Республикасында КТИАЖДы жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары ката-
ры 2004-2007-жылдардагы мурун бул процесске катышкан кен казып алуучу
компаниялардын консолидацияланган жылдык отчетторунун жарыкка чыгышы
болду.
КТИАЖДы жүзөгө ашыруунун кошумча жагымдуу эффектиси болуп коомчу-
луктун кењири катышуусу менен кен казып алуучу компаниялардын ишмердүү-
лүгүнүн таасирин ачык талкуулоо жана баалоо, ошондой эле айлана чөйрөнү
коргоо, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү, инвестициялык климатты өр-
күндөтүү, коррупцияны кыскартуу жана башка сыяктуу ушул тармакты өнүк-
түрүү менен тыгыз байланышкан башка актуалдуу темалар эсептелет.
Кен казып алуу секторунун отчеттуулугун жана башкарууну өркүндө-
түүнүн маанилүүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КТИАЖДдын
алкагында милдеттеринин аткарууну эске алып, бул Демилге 2007-2010-жыл-
дарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына киргизилген.
КТИАЖДдын принциптерин ийгиликтүү жана өз убагында ишке ашыруу
үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органда-
рынын түзүмүнүн жана курамынын өзгөрүшүнө жана ченемдик укуктук базаны
казып алуучу компаниялардын, мамлекеттик органдардын жана жарандык ко-
омчулуктун өкүлдөрүн кошкондо бардык кызыкдар тараптардын катышуусу ме-
нен жањылоо зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. Тиркемеге ылайык курамда Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кењеш түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорула-
туу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кењеш жөнүндө жобо;
- ишканалар үчүн Кыргыз Республикасынын кен казып алуучу компания-
ларынын ишинен алынуучу финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчеттун
формасы;
- мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасынын кен казып алуу-
чу компанияларынын ишинен алынуучу финансылык агымдары боюнча ар жылдык
отчеттун формасы.
3. КТИАЖДды жүзөгө ашыруу боюнча координациялоо функциясы Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ре-
сурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Жылдык кирешеси боюнча 5 (беш) млн. АКШ долларында минималдык
чектик дењгээли менен кен казып алуучу компаниялардын иштеринен финан-
сылык агымдар боюнча отчеттор жана мамлекеттик органдардын тиешелүү ма-
алыматтары көз каранды эмес аудитордук салыштырып текшерүүгө алынышы
белгиленсин; чектик дењгээли төмөн жылдык киреше менен кен казып алуучу
компаниялардын отчеттору жалпысынан аудитордук салыштырып текшерүүсүз
берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу
боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте 2008-жылдан
баштап Кыргыз Республикасынын кен казып алуучу компаниялардын иштеринен
финансылык агымдар боюнча жылдык ведомстволук статистикалык отчеттун
формасын бекитсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-мартына карата Кыргыз Рес-
публикасынын кен казып алуучу компаниялардын иштеринин финансылык агым-
дары боюнча бардык кен казып алуучу компаниялардын ар жылдык отчетторун
даярдоону жана берүүнү камсыз кылсын;
- ар жыл сайын, 2008-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жа-
на Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине Кыргыз Рес-
публикасынын кен казып алуучу компанияларынын иштеринен алынуучу финан-
сылык агымдар боюнча өзүнчө жана топтомо системалаштырылган отчетторду
берип турсун;
- ар жыл сайын жылдык кирешеси 5 (беш) млн. АКШ долларынан ашык
кен казып алуучу компаниялардын (мындан ары - КТИАЖД компанияларынын
тизмеси) тизмесин түзсүн жана аны КТИАЖДды жүзөгө ашырууга тартылган
мамлекеттик органдарга берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комите-
ти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү кор-
гоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча
мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулда-
шуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макул-
дашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жа-
на курулуш боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агент-
тик, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы
Өнөржайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик
инспекция, райондук мамлекеттик администрациялар отчеттук мезгилден ки-
йинки айдын 25-мартына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппара-
тынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө КТИАЖД компанияла-
рынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын кен казып алуучу компания-
ларынын ишинен алынуучу финансылык агымдар боюнча өзүнчө жана топтомо
отчетторду беришсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгилен-
ген тартипте КТИАЖДды жүзөгө ашыруу боюнча Секретариатын Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча
мамлекеттик агенттиктин имаратынан кызматтык жай менен камсыз кылсын.
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун
жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 токтомунун 4-6-пункттары;
- "Кен казып алуу тармагында ачыктыкты жогорулатуунун демилгесинин
принциптерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын кен казып
алуу секторундагы ишканалардын ишинен алынуучу финансылык агымдардын
маалыматын ачыкка чыгаруу боюнча отчеттуулуктун индикаторлорун (типтүү
формаларын) бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жыл-
дын 23-сентябрындагы № 710 токтомунун 1, 3-7, 9 жана 12-пункттары;
- "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун
жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы № 27 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №
435-б буйругунун 3-5-пункттары.
10. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
@1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 16-июлундагы
№ 382 токтомуна
тиркеме
Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун
жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча
Байкоочу кењештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана мине-
ралдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы, Кењештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык
ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кењештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-
нин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон
укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын
биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алдындагы
Өнөржайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик
инспекциясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын
орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Отун-энергетикалык комп-
лекс жана жер казыналарын пайдалануу комитетинин өкүлү (макулдашуу бо-
юнча);
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун президенти - башкармасынын
төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомунун президенти (ма-
кулдашуу боюнча);
"Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
"Хайдаркен сымап акционердик коомунун" башкы директору (макулдашуу
боюнча);
"Андаш майнинг компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы ди-
ректору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз тоо ассоциациясы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору
(макулдашуу боюнча);
"Коомчулукту жана тоо-кен казып алуу өнөр жайын өнүктүрүү институ-
ту" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасында КТИАЖДды алдыга жылдыруу боюнча консорциум-
дун координатору (макулдашуу боюнча);
"Көз карандысыз экологиялык экспертиза" коомдук бирикмесинин төра-
гасы (макулдашуу боюнча).
Донордук уюмдар - Кењештин добуш берүүгө укугу жок байкоочулары:
Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн
башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасында Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча
министрлигинин (DFID) өкүлчүлүгүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасында ЕБРР туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы (макул-
дашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн
Аппарат жетекчиси - министр М. Исмаилов
@2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 16-июлундагы
№ 382 токтому менен
бекитилген
Ишканалар үчүн Кыргыз Республикасынын кен казып алуучу
компанияларынын ишинен алынуучу финансылык агымдары
боюнча ар жылдык отчеттун
ФОРМАСЫ
I таблица.
Салыктык чегерүү
| N | Көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) аталышы | Ченөө бирдиги | жыл |
| 1 | Пайдадан алынуучу салык | мињ сом | |
| 2 | Минералдык-чийки зат базасын кайра | мињ сом | |
| иштетүү жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр | |||
| 3 | Жер казынасын пайдаланууга концессиялык | мињ сом | |
| төлөм | |||
| 4 | Жеке киреше салыгы | мињ сом | |
| 5 | Резидент эместердин кирешесинен алынуучу | мињ сом | |
| салык | |||
| 6 | Ички продукцияга кошумча нарк салыгы | мињ сом | |
| 7 | Автожолдорду пайдалануу салыгы | мињ сом | |
| 8 | Ички продукцияга акциздик салык | мињ сом | |
| 9 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу | мињ сом | |
| үчүн чегерүүлөр | |||
| 10 | Жер салыгы | мињ сом | |
| 11 | Жергиликтүү салыктар | мињ сом |
II Таблица.
Бажылык чегерүү
| N | Көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) аталышы | Ченөө бирдиги | жыл |
| 1 | Бажы алымдары | мињ сом | |
| 2 | Импортко кошумча нарк салыгы | мињ сом | |
| 3 | Импорттук продукцияга акциздик салык | мињ сом | |
| 4 | Бажылык жыйымдар | мињ сом |
III Таблица.
Башка олуттуу чегерүүлөр
| N | Көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) аталышы | Ченөө бирдиги | жыл |
| 1 | Социалдык фондго төлөмдөр | мињ сом | |
| 2 | Жаратылышты пайдалангандыгы үчүн төлөм | мињ сом | |
| 3 | Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын | мињ сом | |
| ордун толтуруу | |||
| 4 | Айыл чарба өндүрүшүнөн алынбай калган | мињ сом | |
| пайда | |||
| 5 | Мамлекеттик үлүшкө дивиденддер* | мињ сом | |
| 6 | Менчиктин үлүшүн, активдерди сатуудан | мињ сом | |
| түшүүлөр | |||
| 7 | Көрсөтүлгөн кызмат үчүн лицензия, уруксат | мињ сом | |
| жана макулдашууларды алуу үчүн | |||
| мамлекеттик органдарга төлөнүүчү төлөмдөр |
* - мамлекеттик менчикте үлүшү бар ишканалар үчүн
IV таблица.
Экономикалык көрсөткүчтөр
| N | Көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) аталышы | Ченөө бирдиги | жыл |
| 1 | Учурдагы бааларда өндүрүлгөн продукциянын | ||
| көлөмү |
V таблица.
Компаниянын кошумча чыгымдары
| N | Көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) аталышы | Ченөө бирдиги | жыл |
| 1 | Билим берүүнү колдоо | мињ сом | |
| 2 | Инфраструктурага колдоо көрсөтүү | мињ сом | |
| 3 | Рекультивациялык фондго чегерүү | мињ сом |
Эскертүү:
(*) Отчет накталай акча каражатынын эсебинин негизинде (кассалык
негизде) берилет.
(**) Отчетто көрсөтүлгөн суммалар улуттук валютада "сом" менен бе-
рилет, ал эми башка чет өлкөлүк валюта пайдаланылган учурда отчеттук
мезгилдеги сомдун орточо расмий курсу боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт.
Ишкананын жетекчиси_______________________________________________
(колу, аты жөнү)
Башкы бухгалтер___________________________________________________
(колу, аты жөнү)
Башкы экономист___________________________________________________
(колу, аты жөнү)
@3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 16-июлундагы
№ 382 токтому менен
бекитилген
Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасынын кен казып
алуучу компанияларынын ишинен алынуучу финансылык агымдары
боюнча ар жылдык отчеттун
ФОРМАСЫ
I таблица.
Салык төлөмдөрү (Кыргыз Республикасынын Салыктар жана
жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети)
| N | Көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) аталышы | Ченөө бирдиги | жыл |
| 1 | Пайдадан алынуучу салык | мињ сом | |
| 2 | Минералдык-чийки зат базасын кайра | мињ сом | |
| иштетүү жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр | |||
| 3 | Жер казынасын пайдаланууга концессиялык | мињ сом | |
| төлөм | |||
| 4 | Жеке киреше салыгы | мињ сом | |
| 5 | Резидент эместердин кирешесинен алынуучу | мињ сом | |
| салык | |||
| 6 | Ички продукцияга кошумча нарк салыгы | мињ сом | |
| 7 | Автожолдорду пайдалануу салыгы | мињ сом | |
| 8 | Ички продукцияга акциздик салык | мињ сом | |
| 9 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу | мињ сом | |
| үчүн чегерүүлөр | |||
| 10 | Жер салыгы | мињ сом | |
| 11 | Жергиликтүү салыктар | мињ сом |
II таблица.
Бажы төлөмдөрү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
бажы комитети үчүн)
| N | Көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) аталышы | Ченөө бирдиги | жыл |
| 1 | Бажы алымдары | мињ сом | |
| 2 | Импортко кошумча нарк салыгы | мињ сом | |
| 3 | Импорттук продукцияга акциздик салык | мињ сом | |
| 4 | Бажылык жыйымдар | мињ сом |
III Таблица.
Башка олуттуу төлөмдөр
| N | Көрсөткүчтөрдүн | Ченөө | жыл | Отчет берүүчү уюм |
| (индикаторлордун) | бирдиги | |||
| аталышы | ||||
| 1 | Социалдык фондго | мињ сом | Соцфонд | |
| төлөмдөр | ||||
| 2 | Жаратылышты | мињ сом | Курчап турган чөйрөнү коргоо | |
| пайдалангандыгы үчүн | агенттиги | |||
| төлөм | ||||
| 3 | Айыл чарба өндүрүшүнүн | мињ сом | Мамкаттоо | |
| жоготууларынын ордун | ||||
| толтуруу | ||||
| 4 | Айыл чарба өндүрүшүнөн | мињ сом | Раймамадминистрациялар | |
| алынбай калган пайда | ||||
| 5 | Мамлекеттик үлүшкө | мињ сом | Маммүлкком | |
| дивиденддер* | ||||
| 6 | Менчиктин үлүшүн, | мињ сом | Маммүлкком | |
| активдерди сатуудан | ||||
| түшүүлөр | ||||
| 7 | Түздөн түз органга же | мињ сом | Маммүлкком | |
| түзүлгөн чарбалык | Мамкентехкөзөмөл | |||
| эсептеги подразделение | Курчап турган чөйрөнү коргоо | |||
| аркылуу көрсөтүлгөн | агенттиги | |||
| кызматтар үчүн лицензия, | Мамархкурулуш | |||
| уруксат жана | Мамгеология | |||
| макулдашууларды алуу | Мамкаттоо | |||
| үчүн мамлекеттик | Раймамадминистрациялар | |||
| органдарга төлөнүүчү | ||||
| төлөмдөр |
* - мамлекеттик менчикте үлүшү бар ишканалар үчүн
IV таблица.
Экономикалык көрсөткүчтөр (Улутстаткомдун маалыматы)
| N | Көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) аталышы | Ченөө бирдиги | жыл |
| 1 | Учурдагы баалар менен өндүрүлгөн | мињ сом | |
| продукциянын көлөмү |
Эскертүү:
(*) Отчет накталай акча каражатынын эсебинин негизинде (кассалык
негизде) берилет.
(**) Отчетто көрсөтүлгөн суммалар улуттук валютада "сом" менен бе-
рилет, ал эми башка чет өлкөлүк валюта пайдаланылган учурда отчеттук
мезгилдеги сомдун орточо расмий курсу боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт.
Жооптуу адамдын колу
(колу) Аты жөнү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №317 "Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2010 · № 317
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министринин 2009-жылдын 19-мартындагы № 46 (Ибраев К.Э. жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.03.2009 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-июлундагы № 382 токтому менен бекитилгенПоложение · 16.07.2008 · № 383
- Распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 4 августа 2006 года № 435-рРаспоряжение · 04.08.2006 · № 435-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №317 "Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2010 · № 317
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-марты N 174 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди…Распоряжение · 04.08.2006 · № 435
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 435-б буйругуРаспоряжение · 04.08.2006 · № 435
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №27 "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулутун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 19.01.2006 · № 27
- Постановление Правительства КР от 14 мая 2004 года № 361 " О мерах по обеспечению повышения прозрачности деятельности добывающих отраслей"Постановление · 14.05.2004 · № 361 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2004 года № 710 "Об утверждении индикаторов отчетности (типовых форм) по раскрытию информации финансовых потоков от деятельности…Постановление · 23.09.2004 · № 710 · Күчүн жоготкон