Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 16-июлундагы
№ 382 токтому менен
бекитилген
Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун
жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча
Байкоочу кењеш жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Кењештин милдеттери, функциялары жана укуктары
III. Кењештин ишин уюштуруу
IV. КТИАЖДдын Секретариатынын функциялары
I. Жалпы жоболор
1. Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогору-
латуу демилгесинин принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кењеш
(мындан ары - Кењеш) Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуу-
лугун жогорулатуу демилгесин (КТИАЖД) жүзөгө ашырууда жалпы көзөмөлдү,
координациялоону жана консультациялык жардамды камсыз кылуучу консуль-
тациялык-кењеш берүүчү орган болуп саналат.
II. Кењештин милдеттери, функциялары жана укуктары
2. Кењештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- КТИАЖДцы жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышын кароо
жана контроль жүргүзүү;
- КТИАЖДды жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- КТИАЖДдын топтомо отчеттун жарыялоо үчүн кароо, талкуулоо жана
бекитүү.
3. Кењеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорула-
туу демилгесин Жүзөгө ашыруу боюнча секретариатынын жетекчисин, КТИАЖД-
ды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин
өздөрүнүн заседаниелеринде угууга;
- КТИАЖДцы жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө экс-
перттик баалоо жүргүзүү үчүн адистерди жана окумуштууларды, анын ичинде
чет өлкөлүктөрдү белгиленген тартипте тартууга.
4. Кењештин функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорула-
туу үчүн мыйзам чыгаруу актыларын, институттук жана жөнгө салуу маселе-
лерин, финансылык жана башка чектөөлөрдү кошкондо учурдагы жана потен-
циалдуу тоскоолдуктарды баалоо;
- мамлекеттик мекемелерде, жарандык коомчулукта жана кен казып
алуучу ишканаларда ченөөгө жана баалоого жатуучу так максаттары, убак-
тылуу иш графиги жана мүмкүн болгон тобокелди жана чектөөлөрдү реалдуу
баалоосу менен Кыргыз Республикасында КТИАЖД боюнча бирдиктүү иштөөнүн
мезгилдүү планын бекитүүнү, ошондой эле ушул Планга зарылчылыкка жараша
өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ишканалар жана мамлекеттик мекемелер ортосунда өз ара түшүнүшүү
жөнүндө меморандумдарды жактырууну;
- кен казып алуучу ишканалардын жана мамлекеттик мекемелердин от-
четторун ар жылы салыштырып текшерүү үчүн аудитордук компанияларды тан-
доо сынагынын жыйынтыктарын бекитүүнү;
- көз каранды эмес Валидаторду тандоо сынагынын жыйынтыктарын бе-
китүүнү;
- Кыргыз Республикасында КТИАЖДды жүзөгө ашыруу үчүн донордук жар-
дамды жана башка демөөрчүлөрдү тартууну.
III. Кењештин ишин уюштуруу
4. Кењештин заседаниеси зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир
жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5. Кењештин заседаниесине, эгерде ага Кењештин курамынын үчтөн
экиси катышса, ал укуктуу болуп эсептелет.
6. Кењештин чечими катышуучулардын санынын көпчүлүк добушу, анын
ичинде Кењештеги топтордон жок дегенде ар биринен бир өкүлүнүн добушун
кошкондо менен кабыл алынат жана кен казып алуу тармагынын иштеринин
ачык-айкындуулугун жогорулатуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына иш-
телип чыккан сунуштары жана рекомендациялары бар протокол түрүндө та-
ризделет.
7. Мамлекеттик органдардан Байкоочу кењешке мүчөлөр Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн токтому менен дайындалат, ал эми коомдук бирикме-
лердин жана кен казып алуу компанияларынын мүчөлөрү өз алдынча жањы
мүчөлөрдү чакыруулары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык коом
жана кен казып алуу ишканалары тарабынан мүчөлүктүн адекваттык пропор-
циялуулугун сактоо менен ачык-айкын тартипте жөнөкөй көпчүлүк добуш ме-
нен өздөрүнүн мүчөлөрүн кайра тандап алуулары мүмкүн.
8. Кењештин ишин уюштурууну камсыз кылууну КТИАЖДдын Секретариаты
жүргүзөт.
9. КТИАЖДдын Секретариаты Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйругу
менен КТИАЖДды жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кењешинин алдында түзүлөт.
IV. КТИАЖДдын Секретариатынын функциялары
10. КТИАЖДдын Секретариатынын функциялары:
- кен казып алуучу ишканалардан жана мамлекеттик мекемелерден КТИ-
АЖД боюнча отчетторду жыйноо жана талдоо;
- КТИАЖД боюнча отчетторду кењири жайылтуу үчүн коомчулук менен
байланыш стратегиясын, ошондой эле Байкоочу кењештин чогулуштарынын
протоколдорун даярдоо жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде КТИАЖД боюнча маалыматтын талап
кылынган көлөмүн толук камсыз кылуу үчүн рекомендацияларды талдоо жана
даярдоо;
- КТИАЖДдын Секретариатынын веб-сайтын түзүү жана колдоо,
веб-сайттын мазмунун дайыма жањылоо жана иштөөсүнүн интерактивдүү режи-
мин камсыздоо;
- КТИАЖД боюнча консультацияларды жүргүзүү жана КТИАЖДдын принцип-
терин түшүндүрүү максатында мамлекеттик мекемелердин, кен казып алуучу
компаниялардын, коомдук бирикмелердин, ЖМКнын, өз алдынча башкаруунун
жергиликтүү органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү менен
өнөктөштүк байланыштарды колдоо;
- Секретариат жана кен казып алуучу ишканалардын ортосундагы өз
ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарды даярдоо;
- эл аралык стандарттардын финансылык отчетторунун КТИАЖД боюнча
отчет менен дал келүүсүн камсыз кылуу үчүн ченемдик базаны иштеп чыгуу;
- көз карандысыз аудитордук компанияларды тандоо үчүн тендерлерди
жүргүзүү;
- учурдагы иштерге мониторинг жана Кыргыз Республикасынын социал-
дык-экономикалык өнүгүшүнө КТИАЖДдын таасирин баалоо;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде отчетторду жана аналитикалык
материалдарды белгиленген тартипте жарыялоо.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-июлундагы № 382 Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы…Постановление · 16.07.2008 · № 382 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.