Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - „Контр-Про“ программасы жөнүндө»токтому
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 4-июлу № 363
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча
Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар
базасы - "Контр-Про" программасы жөнүндө
"Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 2-июлундагы № 330 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү
жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык,
ишкердик субъекттеринин ишмердигине ыйгарым укуктуу органдардын негиз-
сиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүү жана ыйгарым укуктуу органдар
тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташ-
тырылган маалыматтар базасы болуп "Контр-Про" программасы (мындан ары -
"Контр-Про" программасы) аныкталсын.
2. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым
укуктуу органдар:
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө
"Контр-Про" мониторингинин электрондук системасын өркүндөтүү" GTZ дол-
боору менен бирдикте "Контр-Про" программасын орнотушсун;
- "Контр-Про" программасына текшерүүлөр жөнүндө маалыматты дайыма
жайгаштырышсын;
- "Контр-Про" программасын пландуу текшерүүлөрдү макулдашуу үчүн
колдонушсун;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлиги бекиткен Нускамага ылайык электрондук формада ишкердик субъектте-
ринин ишмердигине жүргүзүлгөн текшерүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасы-
нын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине квартал сайын, от-
четтук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө маалымат берип
турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги:
- ишкердик субъекттерин текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарды ыйгарым
укуктуу органдар тарабынан сактоого "Контр-Про" программасы аркылуу мо-
ниторингди ишке ашырсын;
- ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйга-
рым укуктуу органдардын жасаган иштери тууралуу квартал сайын, отчеттук
мезгилден кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратына жыйынтык отчет берсин.
4. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйга-
рым укуктуу органдардын жетекчилери ушул токтомду аткарбагандыгы үчүн
жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 195 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы жөнүндө" токтомуПостановление · 15.04.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 2-июлундагы №330 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 02.07.2007 · № 330 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72