Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 22 мая 2017 года УП № 95 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-05-22.
УТРАТИЛ СИЛУ в соответствии с Указом Президента КР от 22 мая 2017 года УП № 95
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 2-июлу ПЖ № 330 Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негизденип, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кењештин ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик контролдоочу органдардын негизсиз жана ашкере кийлигишүүсүн жоюу боюнча сунуштарды эске алып, мамлекеттик контролдоочу органдар жүзөгө ашырып жаткан текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун натыйжалуу аткаруу боюнча чаралардын комплексин бизнес-ассоциациялардын катышуусу менен иштеп чыксын жана кабыл алсын, мында төмөнкүлөрдү карасын:
- ишкерлик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүү жагынан функциялык талдоону жүргүзүүнүн негизинде контролдоочу органдардын бири-бирин кайталаган функцияларын аныктоону жана жоюуну;
- азыркы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ачыктыгын күчөтүүнү;
- текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча бардык ведомстволук ченемдик актыларды жана жоболорду колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүүнү;
- салыктарды төлөбөй коюунун жана мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу ченемдерин бузуулардын тобокелдигине баа берүү механизмдерин киргизүүнүн негизинде ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын чектөөнү;
- мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүнү жүргүзүшүн макулдашуу механизмдерин, негиздерин жана убактысын киргизүү, ошондой эле ишкердик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүүнүн мониторингин жүзөгө ашырууну;
- "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жалпыга маалымдоо каражаттарында кењири чагылдыруу жана түшүндүрүү боюнча бизнес-ассоциациялар менен биргелешкен чараларды көрүүнү.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин катышуусу менен жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча чаралардын алкагында:
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кабыл алган, чарба жүргүзүүчү субъекттерди текшерүүнү жүргүзүү тартибин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылар "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишине көзөмөлдү камсыз кылып, күнөөлүү адамдарды белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууга чейинки катуу чараларды көрсүн;
- көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчетторду берсин, андан соњ аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 363 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы…Постановление · 04.07.2008 · № 363
- Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 4 "Жалал-Абад шаарынын жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газ коммуникациялык…Постановление · 16.11.2013 · № 4
- КР Президентинин 2017-жылдын 22-майындагы ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.05.2017 · № 95
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствосунун 2009-жылдын 13-февралындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Приказ · 13.02.2009 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-июлундагы № 219-б буйругуРаспоряжение · 17.07.2007 · № 219-р · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨРЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ОТУН РЕСУРСТАРЫ МИНИСТРЛИГИНИН Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика…Приказ · 31.07.2008 · № 124 · Күчүн жоготкон
- ПРИКАЗ МИНИСТЕРСТВА ЗДРАВООХРАНЕНИЯ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИПриказ · 12.11.2008 · № 582 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик…Постановление · 19.06.2013 · № 358 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- КР Президентинин 2017-жылдын 22-майындагы ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.05.2017 · № 95
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген) Ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон