Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 15-апрели № 195 Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-2-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Текшерилүүчү объекттердин автоматташтырылган бирдиктүү маалыматтык базасы (мындан ары - Маалыматтар базасы) болуп "Проверка.кг" маалыматтык системасы аныкталсын, ага Интернет-порталдан www.proverka.kg. дареги аркылуу кирсе болот.
2. Тиркелген Текшерүү объекттеринин маалыматтар базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби бекитилсин.
3. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдар:
- Маалыматтар базасына кирүү укугун алгандан кийин ишкердик субъекттеринин тобокелдик даражаларын эске алуу менен текшерүүлөрдү жүргүзүү, пландык текшерүүлөрдү макулдашуу, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду түзүү үчүн аны түзүүнү жана пайдаланууну башташсын;
- кварталга текшерүүлөрдүн планын түзүүдө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен же бир жылга текшерүүлөрдүн планын түзүүдө отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Маалыматтар базасы аркылуу ишкердик субъекттеринин ишине жүргүзүлгөн текшерүүлөр тууралуу маалымат берсин;
- Маалыматтар базасы менен иштөөдө ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери тарабынан аткарылууга тийиш болгон милдеттүү шарттарды аныктоочу, маалыматтык коопсуздук жөнүндө жобону бекитишсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- Маалыматтар базасын киргизүүнү жана анын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;
- Маалыматтар базасын текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдарга этап-этабы менен киргизүү графигин иштеп чыксын;
- бул токтом менен бекитилген Тартипке ылайык Маалыматтар базасына кирүү укугу берилишин камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине Маалыматтар базасына киргизилүүчү маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 363 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 16-апрелинде № 29 жарыяланды
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 363 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы…Постановление · 04.07.2008 · № 363
- Текшерүү объекттеринин маалыматтар базасын уюштуруу жана жүргүзүү ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 195 токтомуна тиркеме)Порядок · 15.04.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн контролдоо-көзөмөлдөө иши чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 25.04.2024 · № 202
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 110 "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга карата 2014-жылга чаралар…Постановление · 28.02.2014 · № 110 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 363 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы…Постановление · 04.07.2008 · № 363
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.