Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 24-июнундагы
№ 327 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын
ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча
Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 26-августундагы №472, 2010-жылдын 25-ноябрындагы №304
2013-жылдын 8-апрелиндеги № 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда
мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыр-
гыз бөлүгү (мындан ары - Делегация) кыргыз-казакстан мамлекеттик чега-
расы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын орто-
сундагы 2001-жылдын 15-декабрындагы келишимге (мындан ары - Келишим)
ылайык мамлекеттик чегаранын макулдашылган линиясын жеринде белгилөө
үчүн түзүлгөн.
2. Делегация өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын , Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, Келишимди,
кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын жөнгө салуучу башка нормативдик
укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Делегация Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыр-
гыз Республикасынын Чегара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик,
Ысыккөл, Талас, Чүй облустарынын мамлекеттик администрациялары, Кыргыз
Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрация-
лык ведомстволору менен бирдикте мамлекеттик чегараны демаркациялоо бо-
юнча өз ишин уюштурат.
II. Делегациянын уюштуруу иш-аракети
1. Делегациянын уюштуруу иш-аракети мамлекеттик чегараны демаркациялоо
боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү жагындагы иш-чаралардын планынын негизинде жүргүзүлөт. Делегацияга жетекчиси башчылык кылат, ал жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Делегациянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (Төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №304 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын аймагында Биргелешкен комиссиянын жыйындарын жана жумушчу топтун жолугушууларын өткөрүү жөнүндө, Казакстан Республикасына иргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жана жумушчу топтун мүчөлөрүн иш-сапарга жиберүү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен азакстан Респубикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын ишине катышууга министрликтердин жана ведомстволордун адистерин ишке тартуу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен аныкталат. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №472, 2010-жылдын 25-ноябрындагы №304, 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 178 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Делегация кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялоо
боюнча төмөнкү нормативдик документтерди иштеп чыгат:
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда
мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссия жөнүндө
Жобону;
- Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясын чегаралык белгилер
менен белгилөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы;
- Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегаранын чегаралык сууларында гид-
рографиялык иштер боюнча нускаманы;
- Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясынын өтүшүн
сүрөттөө-протоколун түзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы;
- Биргелешкен комиссиянын жана жумушчу топтордун иш-аракетин жөнгө
салуучу башка документтерди.
3. Делегация казакстан тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө:
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда
мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кура-
мында пленардык заседаниелер формасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- зарылдыгына жараша делегациялардын жетекчилеринин жолугушуула-
рын, комиссия мүчөлөрүнүн заседаниелерин, делегациялардын жумушчу топ-
торунун жана эксперттеринин жолугушууларын өткөрөт;
- сүйлөшүүлөрдүн кийинки раундунун күн тартибин аныктайт;
- сүйлөшүүлөрдүн ар бир раундунун жыйынтыгы боюнча делегациялардын
жетекчилери же алардын орун басарлары кол коюучу протоколдорду түзөт;
- казакстан тарап менен макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги
раунду жөнүндө басма сөз үчүн билдирүү даярдайт;
- казакстан тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жашырындуулугун сактайт;
- демаркация маселелери боюнча кат-кабарларды берүү жана алуу, до-
кументтерди жеткирүү жана сактоо боюнча зарыл шарттарды камсыз кылат.
4. Демаркациялык иштерди жүргүзүүнүн жүрүшүндө Делегация:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоону ишке
ашырат;
- келишимге ылайык жеринде кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара ли-
ниясынын өтүшүн белгилейт;
- 1998-2001-жылдардагы делимитациялоо мезгилинде кыргыз жана казак
тараптар түзгөн 1:50000 масштабынын топографиялык картасынын негизинде
мамлекеттик чегараны демаркациялоону ишке ашырат. Жер-жерлерде айкын
өзгөртүүлөр болгон учурда картага тиешелүү оњдоолорду киргизет;
- борбордук жана жергиликтүү аткаруучу органдар менен макулдашуу
боюнча мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча жумушчу топ түзөт жана
алардын ишин контролдойт, жумушчу топтор берген документтерди карайт,
текшерет жана бекитет. Жумушчу топторунун саны жана курамы тиешелүү ми-
нистрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор
менен макулдашкандан кийин Делегациянын жетекчиси тарабынан бекитилет;
- жумушчу топтордун иш-аракеттерин координациялайт жана алардын
иштешин камсыздайт, алардын иш-аракетинин принциптерин, максатын жана
милдеттерин аныктайт;
- жумушчу топтор Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акты-
ларынын талаптарын, ошондой эле Келишимди сакташын контролдойт;
- демаркациялоо процессинде жумушчу топтордо келип чыгуучу маселе-
лерди чечет;
- чегара белгилерин так орнотууга жана жерди даярдоо сапатына
контролдук жүргүзөт;
- мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча иш өндүрүшү үчүн чега-
ра белгилерин даярдоону жана материалдык-техникалык каражаттарды
берүүлөрдү контролдойт;
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын тиешелүү ми-
нистрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомство-
лору менен бирдикте мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча жумушчу
топтордун техникалык персоналын кызматтык жайлар менен камсыздайт.
5. Делегациянын жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарында, ме-
кемелеринде, ошондой эле Казакстан Республикасынын тиешелүү органдары
менен мамилелерде Делегациянын атынан чыгат;
- Делегация мүчөлөрүн республиканын ичине, ошондой эле Казакстан
Республикасына, ал эми зарыл учурларда мамлекеттик чегараны демаркция-
лоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылган башка адистерди жана эксперт-
терди командировкага жиберет;
- демаркациялык иштерди аткаруу үчүн бөлүнгөн финансы каражатын
бөлүштүрөт;
- мамлекеттик чегараны демаркациялоого тиешелүү документтерге бел-
гилеген тартипте кол коет жана берет.
6. Жумушчу топ өз иш-аракетинде:
- нормативдик укуктук актылардын гана талаптарына ылайык жер-жер-
лерде кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясынын өтүшүн белгилейт;
- гидрографиялык өлчөө материалдары боюнча мамлекеттик чегара ли-
ниясы үчүн кабыл алынган дарыянын суу агымынын ортосун же анын башкы
нугундагы суу агымынын так ортосун аныктайт;
- жасалган иштери тууралуу Делегациянын алдында отчет берет;
- демаркациялык иштердин жүрүшүндө келип чыккан, жумушчу топтордун
дењгээлинде чечилбеген проблемаларды Делегациянын кароосуна берет.
7. Демаркациялык иштердин жыйынтыгы боюнча делегация төмөнкүдөй
документтерди мыйзамдарга ылайык бекитүүгө берет:
- кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясынын өтүшүнүн
сүрөттөлүш-протоколун;
- сүрөттөө-протоколго тиркелүүчү мамлекеттик чегара линиянын
сүрөттөлүшү менен 1:50000 масштабдагы картаны жана чегара белгилерин;
- чегара белгилеринин протоколдорун, чегара белгилерин геодезиялык
аныктоо схемаларын;
- чегара белгилеринин координаттарынын жана бийиктигинин каталог-
дорун;
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда
мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын иши
тууралуу корутунду протоколду.
III. Делегациянын финансылык-чарбалык иш-аракети
1. Делегация кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялоо
боюнча иштерди жүргүзүүгө чыгымдардын сметасын даярдайт, тиешелүү ми-
нистрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор ме-
нен макулдашат жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө
киргизет.
2. Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялоо боюнча иш-
терди жүргүзүү үчүн бөлүнгөн финансы каражаттарын Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамле-
кеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматына ба-
гытталат.
3. Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялоо боюнча иш-
терди материалдык-техникалык камсыздоо бөлүнгөн финансы каражаттарынын
эсебинен ишке ашырылат.
4. Делегациянын финансылык иш-аракетин Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлиги белгиленген тартипте контролдойт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 12
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 " Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча…Постановление · 24.06.2008 · № 327
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы…Постановление · 25.11.2010 · № 304
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (12)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 135 (Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнөн кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасына чек аралык белгилерди орнотуунун…Распоряжение · 13.05.2009 · № 135
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 20-октябрындагы № 495 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча болуучу…Распоряжение · 20.10.2011 · № 495
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-апрели УӨ № 297 (Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниеси өткөрү боюнча)…Распоряжение · 28.04.2010 · № 297
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 11-мартындагы № 98 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.03.2009 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 7-февралындагы № 53 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен…Распоряжение · 07.02.2009 · № 53
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 3-июлундагы № 225 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен…Распоряжение · 03.07.2009 · № 225
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 27-июлундагы № 375 (Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2011-жылдын 1-5-августунда болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан…Распоряжение · 27.07.2011 · № 375
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 149 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен…Распоряжение · 28.04.2009 · № 149
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 12-августундагы № 257 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен…Распоряжение · 12.08.2009 · № 257
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 8-октябрындагы № 300 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен…Распоряжение · 08.10.2009 · № 300
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 17-январындагы № 19 (Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун…Распоряжение · 17.01.2009 · № 19