Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ 2008-жылдын 24-июну № 327 Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө (КР Премьер-министринин 2008-жылдын 6-октябрындагы № 372, 2009-жылдын 11-мартындагы № 98, буйруктарынын редакцияларына, КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 304, 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 178, 2015-жылдын 13-февралы № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2001-жылдын 15-декабрындагы келишимдин күчүнө киришине байланыштуу, кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясын демаркациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын (мындан ары - Биргелешкен комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү:
- кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясын даярдоо жана демаркация жүргүзүү боюнча керектүү нормативдик документтерди иштеп чыксын жана Биргелешкен комиссиянын казакстан бөлүгү менен сүйлөшүүлөрдө макулдашсын;
- 2008-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясын демаркациялоо боюнча иштерге киришсин;
- кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялоо жөнүндө линиясын Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эл аралык келишимдин долбоорун даярдасын.
4. Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 178, 2015-жылдын 13-февралы № 62 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Искандаров К.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүмүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;
Катанаев А.Г.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору, жумушчу топтун жетекчиси;
Джаныбеков А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Жуманазаров Б.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Урмамбетов З.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Касмалиев А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;
Момбеков А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
Урмамбетов Б.Дж.
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы;
Алышбаев К.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы. кызматынын бажылык контролдоону уюштуруу башкармалыгынын бажы жол-жоболору жана инфраструктура бөлүмүнүн начальниги;
Махмутов Р.А.
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери;
Иманкулов Ш.М.
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин башкы инженери;
Ботобаев К.К.
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
Жакыпов Б.М.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Мандычев Н.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 65 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (65)
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 24.06.2008 · № 327
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 135 (Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнөн кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасына чек аралык белгилерди орнотуунун…Распоряжение · 13.05.2009 · № 135
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 20-октябрындагы № 495 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча болуучу…Распоряжение · 20.10.2011 · № 495
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-апрели УӨ № 297 (Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниеси өткөрү боюнча)…Распоряжение · 28.04.2010 · № 297
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 16-июлундагы № 348 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 16.07.2013 · № 348
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 20-январындагы № 86 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 20.01.2012 · № 86
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 11-майындагы № 425 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 11.05.2012 · № 425
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 21-сентябрындагы № 707 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 21.09.2012 · № 707
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 879 (Делегация жиберүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.11.2012 · № 879
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 421 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 08.09.2011 · № 421
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 526 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 29.11.2011 · № 526
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 20-февралындагы № 244 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 20.02.2012 · № 244
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 395 (Бишкек шаарында 2012-жылдын 16-20-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек…Распоряжение · 12.04.2012 · № 395
- КР Премьер-министринин 2014-жылдын 25-майындагы № 236 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 25.05.2014 · № 236
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 15-июнундагы № 501 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 15.06.2012 · № 501
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 31-октябрындагы № 834 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 31.10.2012 · № 834
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 10-июнундагы № 297 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 10.06.2011 · № 297
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 421 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен…Распоряжение · 08.09.2011 · № 421
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 178 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан…Постановление · 08.04.2013 · № 178
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы…Постановление · 25.11.2010 · № 304
65 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.